Административдик-аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарда жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” № 370 жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык, Панфилов районунун Вознесеновка жана Орто айыл өкмөттөрү бириктирилип, жаңы Орто-Кайыңды айыл өкмөтү түзүлдү. 2024-жылдын 14-март айында Чүй облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, жобосу бекитилди. Ошондуктан, административдик-аймактык реформа жүрүзүү боюнча жол картасы жана анын аткарылышын билүү максатында, айыл аймагынын башчысы Жаңылмурза Баязовага кайрылдык.
– Жаңылмурза Эмилбековна Орто-Кайыңды айыл аймагында административдик-аймактык реформа тууралуу айтып берсеңиз?
– Реформага ылайык Вознесеновка жана Орто айыл өкмөттөрү бириктирилип, Вознесеновка, Эркин-Сай, Орто-Кайырма, Тельман, Букара, Кум-Арык айылдарын камтыган Орто-Кайыңды айыл аймагы түзүлдү. Айыл аймактын аянты 54316га. Орто-Кайыңды айыл аймагында 2416 кожолук, калктын саны – 11 611 түздү. Социалдык мекемелерден: 5 ЖББОМ, 4 бала бакча, 1 ФАП, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Ошондой эле 5 мини-футбол аянтчасы, 2 китепкана, 2 кафе-ресторан, 1 ашкана, 22 дүкөн калкка кызмат көрсөтүүдө.
Ал эми кадр маселесине келсек, мурда Вознесеновка айыл өкмөтүндө – 13, Орто айыл өкмөтүндө – 13 штаттык бирдик болсо, бириктирилгенден кийин Орто-Кайыңды айыл аймагынын штаттык түзүмү боюнча 11 бирдик,11 муниципалдык жана ТТК – 3 бекитилди.Макулдугу менен кыскартууга учураган кызматкерлерге 1 011 833 сом компенсация төлөнүп берилет.
– Жаңы түзүлгөн айыл аймактын бюджеттик киреше бөлүгүнө токтоло кетсеңиз?
– Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 2024-жылга – 27082,2 миң сомду түзөт. Анын ичинен: жергиликтүү бюджет – 19039,8 миң сом, теңдештирүүчү грант – 6 417,4 миң сом, атайын каражаттар – 1625,0 миң сом.
2024-жылдын 1-кварталына киреше бөлүгү 6077,0 миң сомду түздү.
Анын ичинен: жергиликтүү бюджет – 4066,7 миң сом, теңдештирүүчү грант – 1604,2 миң сом, атайын каражаттар – 406,3 миң сом.
– Сиз жетектеген айыл аймак негизинен айыл чарбачылыгы менен алектенет эмеспи. Жазгы талаа жумуштары кандай болууда?
– Ооба, Орто-Кайыңды айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерлердин аянты 11604га. Анын ичинен сугат – 4661га, кайрак – 5908га. Дыйкан чарбалардын саны – 1315. Бүгүнкү күнгө 10212 га жер айдалып, анын ичинен: көп жылдык беде – 1780га, күздүк буудай – 2988га, жаздык буудай – 1800га, арпа – 3806га, жүгөрү – 220га, кызылча – 170га, беде – 140га, сафлор – 50га себилди. Башкача айтканда, жазгы талаа жумуштары 100 % аткарылды.
– Айыл аймагында ирригация тармагы колго алынса керек?
– Чындыгында Орто-Кайыңды айыл аймагында 66,2 км каналдар жана 116,4 км арыктар бар. 2024-жылга 19,0 км каналдарды оңдоо, тазалоо пландалган. Анын ичинен: 3,3 км механикалык жол менен тазалоо, калганы 14,7 км жергиликтүү тургундардын күчүнүн аркасында кол менен тазаланат. 2023-жылы Панфилов райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан “Каптал-2” каналын оңдоп-түзөө үчүн 761,0 миң сомго курулуш материалдары алынып коюлган. Бүгүнкү күндө каналды бетондоо аягына чыкты. Орто-Кайыңды аймагындагы ирригация тармагына: 10 жерге застава орнотулуп, 11,7км экскаватор менен, 7,0 км ашар жолу менен тазаланды.
– Инвестиция тартуу жана грант, долбоорлор менен иштөө боюнча токтоло кетсеңиз?
– Инвестиция тартуу боюнча Орто-Кайыңды айыл өкмөтү тарабынан Дем берүүчү грантка жалпысынан 4 долбоор өттү.
“Вознесеновка ЖББОМ спорт залынын жана ашкананын чатырын алмаштыруу” долбоорунун суммасы – 3 503 093 сом. Республикалык бюджеттен – 2 802 493 сом, айыл өкмөтүнүн салымы – 700 600 сом.
Ал эми, “Вознесеновка айылынын ички жолдоруна шагыл таш төгүү” долбоорунун суммасы – 3 564 811 сом. Республикалык бюджет – 2 851 849 сом, айыл өкмөттүн салымы – 712 962 сом.
“Кум-Арык айылынын ички жолдоруна шагыл таш төгүү” долбоорунун суммасы – 2 981 630 сом. Республикалык бюджет – 2 534 385 сом, айыл өкмөтүнүн салымы – 447 245 сом.
“Орто-Кайырма айылынын ички жолдоруна шагыл таш төгүү” долбоорунун суммасы – 1 039 050 сом. Республикалык бюджет – 831 240 сом, айыл өкмөтүнүн салымы – 207 810 сомду түзөт.
– “Жашыл мурас” улуттук компаниясы айыл аймакта канчалык деңгээлде аткарылууда?
– Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 5-мартындагы №84 буюрутмасын, Панфилов раймамадминистрациясынын 2024-жылдын 13-мартындагы №71 тескемесин ишке ашыруунун алкагында, Орто-Кайыңды аймагында айлана-чөйрөнү коргоону, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле санитардык жана экологиялык абалды жакшыртуу, аймактын калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында, Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-март айында №1 буюрутма чыгарылган.
2024-жылдын 1-кварталына 170 түп дуб жана 300 түп терек демөөрчүлөрдүн жардамы менен Тельман айылына отургузулду. Ошондой эле Эркин-Сай айылындагы сейил паркына да көчөттөрдү отургузуу иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан жемиш багы – 31, дуб – 275, грек жаңгагы – 50, ак кайың – 20, декоративдик көчөт – 87, канада туясы – 62, смарагу туясы – 20, Өзбекстан туясы – 5, ар түрдүү бактар – 105 көчөт отургузулду.
2024-жылдын 15-мартынан 31-майына чейин айыл аймагынын калктуу конуштарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча «Тазалыкты сактайлы» урааны алдында үч айлык жарыялангандыктан, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери уланууда.
– Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү долбоору өлкөнүн бардык аймактарында толук кандуу иш алып барышууда, сиздерде кандай?
– Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июль айындагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” №385 токтомунун алкагында Орто-Кайыңды айыл аймагынан 45 үй-бүлө 100,0 миң сомдук сертификаттарга ээ болушкан.
38 – мал чарбачылык,
1 – тигүүчү машинка, 1 уй алган
1 – такси кызматын көрсөтүү үчүн автоунаа
– 1 үй-бүлө тигүү цехин ачты.
– 1 үй-бүлө ширетүүчү (сварочный) аппарат менен буюртма алып иштеп жатат
– 1 үй-бүлө күнөскана курду.
– 1 үй-бүлө массаж салонун ачты.
– 1 үй-бүлө суу чыгаруучу аппарат менен иштеп жатат.
Айыл аймактын социалдык кызматкерлери ар бир долбоордун катышуучулары менен иштешет жана алар менин көзөмөлүмдө.
– Жаңылмурза Эмилбековна, 2024-жылга коюлган иш-пландарыңыз жана жергиликтүү бюджеттен каржылана турган иштериңиз менен бөлүшө кетпейсизби?
– Ар бир иште аткарылаардан мурда план болушу керек эмеспи. Орто-Кайыңды айыл аймагынын 2024-жылга иш-пландарына токтоло кетсем:
Айыл аймактын башкы планын иштеп чыгууда жергиликтүү бюджеттен – 1,5 млн. сом каржыланышы керек.
Жаңы конуштар үчүн жолдор курууга – 1,0 млн.сом, жаңы конуштар үчүн төмөнкү вольттуу электр линияларын курууга – 200,0 миң сом. Айылдык парк куруу– 1,0 млн.сом, К.Жумагулов ЖББОМ чатырын которууга – 5,0 млн.сом, көп жылдык дарактарды отургузуу иштери, сугат системасын курууга 1,0 млн. сом. Жогоруда айтылгандын бардыгы жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Кум-Арык айылына таза суу киргизүүдө АРИС аркылуу 30 млн. сом.
Ошондой эле, Кум-Арык айылына спорт комплекс куруу демөөрчүлөр аркылуу – 15,0 млн.сом, Эркин-Сай – Букара – Кум-Арык жолун асфальттоо.
Каржылоо булагы – Республикалык бюджеттен – 15,0 млн. сом. Тамчылатып сугаруу ыкмасы менен кулпунай өстүрүү аянтын кеңейтүү аянты – 30 га.
– Калкты жумуш орду менен камсыз кылуу иштери, Орто жана чакан бизнестер тууралуу айта кетсеңиз?
– Эркин-Сай, Орто-Кайырма айылындагы Чоң-Кайыңды суусуна Чакан ГЭС куруу иштери турат ал үчүн инвестор тартылса, – 2500,0 миң сом каражат керек буюрса бүтүрүп алсак, 8 жумуш орду менен камсыз болот. 2024-жылы Панфилов райондук өнүктүрүү фондусуна Тельман айылына тигүү цехин ачууга жабдууларды алып берүү үчүн 2 млн. 245,0 миң сомго долбоор өткөн. Азыркы убакта тендерге берилген, жеңүүчү аныкталып, жабдуулар алынып келсе, 40 жумушчу орун түзүлөт.
– Турак-жай жана курулуш иштери эске алынганбы?
– Калктуу конуштардын башкы пландарын корректировкалоону аягына чыгаруу менен деталдуу пландоо иштерин жүргүзүү болуп жатат.
Алдыда, кезекте турган жарандарга үй курууга жер тилкелерин бөлүп берүү иштери турат.
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”