УКМКнын активдүү кийлигишүүсү менен айрым тармактарда кызматтарга баалар арзандатылды. Бул рынок экономикасында мамлекет бааларга кийлигише албайт, кызматтарга жана продукцияларга баалар рыноктогу конъюнктурага жараша гана өз алдынча аныкталышы керек деген көз караштын жаңылыштыгын көрсөттү.
Арзандатса болот экен го!
Алгач өлкөдөгү ири базарлардын ээлери менен ушундай сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, натыйжасында соодагерлер (ижарачылар) үчүн ижара акылар төмөндөтүлдү. Айрым төмөндөткүсү келбеген базар ээлери мыйзамга жараша жоопкерчиликке тартылып жатышат.
Ага удаа эле ири дарыканалардын ээлери дары-дармектерге бааларды 20%дан 50%га чейин төмөндөткөнү белгилүү болду.
4-мартта менчик ири медициналык мекемелер: «Интелмед» («Бонецкийдин лабораториясы»), «Аквалаб», «Евролаб», «Гемотест», «Экспресс-Плюс», «Медикана», «Лазмед клиникасы», «Хуман», «Интер-Лаб» («Инвитро»), «Интермедикал», «Фарватер» лабораториялык изилдөөлөргө (анализдерди чыгарууга) бааларды 30%га чейин арзандатышты.
Алардын бааларды арзандатуусуна өз кезегинде реагенттерди берүүчүлөр «Юни-Хелп», «Лаб-Сервис», «Кокомерен», «Юрфа», «Эль-Фарм», «Медикс-Элес», «Медцентр.кж» «Би-Хелс-Фарм», «Эрай-Фарм», «Фарватер», «Мээр-Чєп», «Мирамед и Ко», «БиЛайв», «Медитэк», «Меди-Прогресс» жана «Дайра-Фарм» ЖЧКларынын 15%га арзандатуусу да өбөлгө болду.
Мындан тышкары, «Юрфа» ЖЧКсы томография изилдөөсүнөн өтүү кызматына бааны 20%га, «Интелмед» – «Бонецкийдин лабораториясы» мамлекеттик мекемелердин врачтарынын багыттамасы боюнча келишкен пациенттерге 50%га чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтмөкчү.
УКМК тарабынан сүйлөшүүлөрдүн жана келишүүлөрдүн натыйжасында төмөнкү ири компанияларда томография изилдөөсүнүн бардык позицияларына бааларды 20%га чейин төмөндөтүүгө жетишилген: «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейджи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет», «Авиценна», «Меди», «Веданта». Ал эми «Кортекс» неврологиялык борборунда – 30%га чейин.
Керексиз изилдөөлөрдөн кимге пайда?
Баалардын арзандатылганы жакшы. Бирок, ошол лабораторияларда изилдөөлөр жүргүзүлгөн анализдер сөзсүз эле керек беле? Эксперттердин айтуусунда, лабораториялар багыттама беришкен врачтарга бонустарды төлөп турушат. Ошондон улам айрым врачтар белгилүү бир гана лабораторияларга багыттама беришет. Алар муну ал лабораториянын анализинин сапаты жогору экени менен негиздешкендерине карабастан, бул жөн эле врачтар менен лабораториялардын келишип алуусу экенин айткандар да бар.
Көз карандысыз медициналык проф-союздун далилдөөчү медицина боюнча эксперти Бермет Барыктабасова “Биринчи радиого” берген маегинде бийликтегилердин менчик лабораториялар менен медициналык изилдөөлөргө бааны төмөндөтүү жөнүндө келишүүсүнө карата төмөндөгүдөй пикирин билдирген: “Бул эң сонун жаңылык. Бул укук коргоо органдары менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин биргелешкен иши. Жакшы, туура иш, себеби иш жүзүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинде менчик лабораторияларды жөнгө салуу үчүн жетиштүү ыйгарымдары бар. Эмнеге? Анткени, организмдин ар кайсы системаларын, функцияларын изилдөө – канткенде да медицина. Медициналык муктаждыксыз, медициналык максаттарсыз эч кандай лабораториялар мынчалык санда болмок эмес. Ар бир аталыш – лабораториялардын тармагы. Азыр алар жалпысынан канча экени белгисиз. Алардын саны абдан көп. Лабораторияларда эмне кылып жатышканын Саламаттыкты сактоо министрлиги жөнгө салбаганда, ким салат?”.
Анын айтуусу боюнча, азыр изилдөөлөр өтө көп, арасында керектүүсү да, кереги жогу да бар. Изилдөөлөр зарыл болбосо да, чоң акчага – өздүк наркынан үч эсе, а мүмкүн андан да кымбатка дайындалат.
“Бардык изилдөөлөр илимий негизделген, зарыл болушу үчүн андан-ары кетүү керек. Тактап айтканда, диагноз коюу үчүн диагностиканын белгилүү бир, конкреттүү сезимтал методдору жетиштүү. Кандын жалпы анализинде эле 12ден ашуун көрсөткүч бар. Анан жайылтылган биохимиялык көрсөткүчтөр бар, башка суюктуктар, клеткалар, организмдин ткандары бар, вирустарга, бактериялардын инфекциясына, грибокторго изилдөөлөр бар ж.б. Бул миңдеген көрсөткүчтөр. Жана аларга өтө зарылчылык деле жок… Бирок, менчик лабораториялар – бул бизнес болгондуктан, изилдөөлөрдүн мына ушундай ойдон чыгарылган, ашкере дайындалуулары жүрүүдө”, – дейт ал.
Анын пикири боюнча, мамлекеттик мекемелерден багыттамалар болсо, акы 50%га арзандатылганы – бул да алдыга чоң кадам. Себеби дал ушул маммекемелерден пациенттердин агымы зор. Врачтар кереги жок изилдөөлөрдөн бонустарды алып турушат. Аларга кийин конверт менен төлөнөт. Муну келишип алуучулук, бизнес, медицинанын коммерцияланышы, пациентти тоноо деп да атоого болот. А пациенттер бул аларга туура диагноз коюуга жардам берет деп ойлошот.
“Азыр айрымдар жамандап жатышкан совет мезгилинде врачтарда азыркыдай технологиялар, жабдыктар жана реагенттер болбосо деле амбулатордук деңгээлде диагноздордун 80-90%ы жакшы анамнез жана даттануулардын жыйынтыгы болгон. Алар оорулууну жакшылап угуп, ар бир сөзүн талдап, анамнезин билүү менен эле туура диагноз коюп жана дарылап келишкен”, –дейт Б.Барыктабасова.
Бул маселе боюнча да тиешелүү кызматтар иликтөө жүргүзсө, туура болчудай…
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”