Жергиликтүү өндүрүүчүлөр кулпунайдын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Ал үчүн орточо түшүмдүүлүктү гектарына 20 тоннага чейин көтөрүү пландалууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Муктар Чыналиев: «Айыл чарба министри кулпунай өндүрүмүнүн экспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүү максатында экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугуп, кырдаалды талкуулады. Акыркы жылдары өлкөдө жер-жемиш өстүрүп, жакшы жыйынтык көрсөткөн дыйкандар көбөйгөн. Былтыр кулпунайдын баасы да жогору болуп ишкерлер жакшы киреше көрүштү. Эми жергиликтүү өндүрүүчүлөр кулпунайдын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Ал үчүн орточо түшүмдүүлүктү гектарына 20 тоннага чейин көтөрүү пландалууда. Кулпунай үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо, учурдагы кырдаалды эске алып глобалдык рыноктогу мүмкүнчүлүктөрдү, тенденцияларды аныктоо керек», — деди.
Ошондой эле адис кулпунайды кургатып ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо жолдору да каралып жатканын кошумчалады.
А. АКИМБАЕВА