Улуттук маданияттын көрүнүктүү ишмери, таланттуу кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл артисти Мелис Убукеев 1935-жылы төрөлгөн. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 1965-жылы Москва шаарындагы ВГИКти аяктаган.
Ата мекендик кино өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири. 1996-жылы 61 жаш курагында каза болгон.
Ал биринчилерден болуп толук метраждуу көркөм фильм тартып “кыргыз кереметинин” жаралуусунун башында турган. Даректүү тасмаларды жаратууда режиссёр эле эмес, публицист, драматург, сценарист да болгон. Айрым фильмдерди жаратууда өзүнүн уккулуктуу, коңур үнү менен көркөм окуп коштогон. 30дан ашык ар түркун жанрдагы фильмдерди тарткан.
1964-жылы “Тайгач кечүү” фильмин тарткан. Фильм Мукай Элебаевдин “Узак жол” чыгармасынын негизинде тартылып, кыргыз элинин 1916-жылдагы кайгылуу тагдырын чагылдырган. Тасма 1965-жылы Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Казакстандын Алматыда өткөн кинофестивалында I даражадагы диплом менен сыйланган. Бул тасмада ойногон Бакен Кыдыкеева эң мыкты аялдын ролу үчүн баш байгесин утуп алган.
М.Убукеев Таттыбүбү Турсунбаеваны алгач байкап, айылына барып, аны актёрдук билим алып, чыгармачылык жолго түшүүгө ынандырган. 1969-жылы “Ак Мөөр”фильмин тарткан. 1981-жылы советтик жазуучу Аркадий Ваксбергдин чыгармасынын негизинде “Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү” тасмасын тарткан. Бул фильмде таланттуу актёрлор Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Венера Нигматулина ойношкон. Андан кийин Алыкул Осмонов жөнүндө “Акын” фильмин тарткан.
Манас темасында 1988-жылы “Улуу манасчы”, 1989-жылы “Акыркы манасчы”, 1995-жылы “Вселенная Манаса” фильм-дерин жараткан. “Манас – эпическая культура кыргызов” аттуу китеби да жарык көргөн..
Мелис Убукеевдин Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагында туулуп өскөн өз атасы Сейдекерим Ибраимов белдүү саясий ишмер болуп, коммунисттик партиянын Тажикстандын Дүйшөмбү шаардык комитетинин биринчи секретары кызматына чейин жеткен.
1938-жылы Мелис үч жашка чыгып калган кезде атасы Сейдекерим байманап тукумунан делип репрессияга кабылып, дайны чыкпай калган. Анын дареги азыркыга чейин белгисиз. Камакка алынган кезинде Крым жакка сүргүнгө айдалып, ошол тарапта изи жоголуп кеткендиги айтылат.
Мелис узак убакыттар боюу архивдик документтерден атасынын кайда коюлганын издеп, бирок, таба алган эмес. 1950-жылы Сейдекерим Ибрагимов расмий акталган.
***
Мелистин апасы Галия Ибрагимова финансы министринин орун басары кызматын аркалаган. Ал 1920-1930-жылдардагы Кыргызстандагы эң билимдүү аялдардын бири болгон жана ал коомдук-саясий иштерге активдүү катышкан.
Г.Ибрагимова Кыргызстандын соода элдик комиссарынын биринчи орун басары катары 1935-жылы Москва шаарында өткөн бүткүл союздук соода кызматкерлеринин чогулушуна барып катышкан. Ошол учурда Надежда Крупская менен да жолугушуп сүрөткө түшүшкөн.
Галия 1905-жылы Нарын районунун Миң-Булак айылында малчынын үй бүлөсүндө төрөлгөн. 1921-жылы Кыргыз ССРинде, Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда партиялык органдарда иштеген Сейдекерим Ибрагимовго турмушка чыккан. 1925-жылы Фрунзе шаарында 6 айлык курсту аяктагандан кийин облустук советтик партиялык мектепке окууга кирет. Ошол учурдан баштап анын аялдар кыймылындагы активдүү ишмердиги башталат. 1929-жылы ал ВКП(б)нын Кыробкомунун аялдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, андан кийин аялдар секторунун башчысы болуп иштейт.
1930-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун мүчөсү болуп шайланган. 1933-жылы Орто Азия мамлекеттик университетине окууга өтөт. Бирок, 2-курстан аны чакыртып алышып, 1934-жылы Соода элдик комиссарынын биринчи орун басары кызматына жиберишет. Ал 1936-жылы “Чыгыштын эмгекчил аялдарын азаттыкка чыгаруу боюнча өзгөчө иштери үчүн” Кыргыз АССРинин БАКынын Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
1937-жылы күйөөсү С.Ибрагимов репрессияга кабылгандан кийин, 1937-жылдын 11-мартында Кыргыз ВКП(б)нын бюросунун “Контрреволюциялык улутчул күйөөсү С.Ибрагимов менен байланышкандыгы үчүн Г.Ибрагимова Кыргыз ССРинин Финансы эл комиссарынын орун басары кызматынан алынсын” – деген чечими менен кызматынан бошотулган.
Ошондон кийин Г.Ибрагимова уулу Мелисти сактап калуу максатында 1940-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу райо-нунун Кереге-Таш айылынан чыккан жазуучу жана сатирик Айткулу Убукеевге турмушка чыгат. Кооптуу мезгилге карабай 5 жаштагы Мелисти А.Убукеев өз фамилиясына каттатып алат. Ал өзү камкордукка алып, тарбиялап өстүрө баштайт.
***
Замандаштарынын эскерүүсүндө, Айткулу Убукеев оор басырыктуу, эмгекчил, чыгармачыл инсан эле. Алар өзгөчө ынтымактуу, интеллигент үй-бүлө болгон. Алардын үйүнө манасчы Саякбай Каралаев, жазуучулар Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин атасы Төлөн Шамшиев байма-бай келип баарлашып турушкан жана жакшы мамиледе болушкан. Мелис Убукеев алардын кебин угуп, баарлашып жаштайынан чыгармачылыкка жакын өскөн.
Кийин өзүнүн чыгармачылык доору башталган учурда үйүнө достору опера ырчысы Болот Миңжылкиев, кинорежиссёрлор Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, киноактриса Айтурган Темирова уул-кыздары менен келишип катташып турушкан. Алар дасторкон үстүндө баарлашып, кызматтык пландары менен бөлүшүп, пикир алмашышкан.
1950-жылдардын аягында Сейдекерим Ибрагимов реабилитациялангандан кийин Галия Ибрагимова КПССтин катарына кайра алынган. Анын 1929-жылдан берки партиялык стажы эске алынып, ага персоналдык пенсия чектелген. Ал 8 неберенин сүйкүмдүү чоң апасы болгон. Г.Ибрагимова 1984-жылы 79 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
1964-1965-жылдары мен 2-3-класстарда окуган кезим. Мелис байкебиз бир чоң автобус толо кино ишмерлери, кино актёрлору менен көркөм фильм тартып жүргөн учурунда биздин үйгө мейман болуп келип калышты. Үйүбүз Кочкордогу Кара-Күнгөй айылынын түштүгүндөгү четки көчөдө. Огородго чыкканда ички жайлоолор “Көл-Төр”, “Орто-Төр”, “Чуңкур-Төр”, жана Үкөк тоо кыркасы алаканга салгандай даана көрүнүп турат. Мелис байкем огородго чыгып ошол ички жайлоолорду көпкө ойлуу карап турганын көргөм. Бир кезде көз жашын бет аарчысы менен аарчып жатканын да байкап калдым. Кийин ойлосом, ата-бабалары баскан жерлерин, ата конуштарын көрүп, көз алдынан жандуу элестетип, жан дүйнөсү козголуп, тымызын кубангандыгынын көз жашы тура.
Замир АЛДАЯРОВ, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, Кочкор району, Кара-Күнгөй айылы