“Кыргыз Туусунун” №32(24804), №36(24808) сандарына жарыяланган “Ылаңдуу мал менен ыйманды кантип тазалайбыз?”, “Башты маң кылган жооп” макалаларымды окуган соң бул тармакта узак жылдар эмгектенген ветеринар аксакал Эрик Дунганов редакциябызга келиптир. Аксакал Москва Ветеринардык академиясын аяктап, союз мезгилинде “Оргочор” асыл тукум чарбасында, кийин Кыргыз ССРинин Айыл чарба министрлигинде жана Эт-сүт өнөр жай министрлигинде бөлүм жетекчиси, Бишкек шаардык ветеринардык кызматынын жана “Манас” эл аралык чек ара-ветеринардык пунктунун жетекчиси болуп эмгектениптир. Аксакал буга чейин тиешелүү мамчиновниктерге, редакцияларга, ЖК депутаттарына жазган каттарын да көтөрө келиптир.
Көрсө, кыргыз ветеринария тармагын 2014-жылы эле кызыкдар чиновниктер менен ветеринарлар “Ветеринария жөнүндө” жаңы мыйзамды кабыл алуу менен биротоло күм-жам кылышкан экен. Ошол учурда депутаттардын арасынан жалгыз ветеринар-депутат Абдыжапар Бегматов бул мыйзамдын кабыл алынышына катуу каршылык кылган. Бирок, көпчүлүк добуш менен мыйзам өтүп кеткен.
Кургуйга кулаткан “ара туулган” мыйзам
– Сиздин экинчи макалаңыздагы “Так ушундай жүр-нары мамиледен улам азыр Кыргызстанда боор, ашказан, ичеги, ички орган оорулары күчөп жатканы айтпасак да түшүнүктүү. Эгер бийлик, эл ишеним арткан мамлекеттик кызматтар ушундай иштей турган болсо өлкө келечеги, улут саламаттыгы тууралуу кеп козгоонун да кереги жок… Сөздүн кыскасы, мамлекеттик чиновниктерибиздин запкысын дагы далайга өзүбүздүн, балдарыбыздын саламаттыгы аркылуу тартат окшойбуз” деген сөздөрүңүз эң туура. Себеби, кыргыз ветеринария тармагы 2014-жылы жаңы кабыл алынган мыйзамдан кийин таптакыр “ташыркап” калган. Ошол жылга чейин бул тармак 2005-жылы 12-апрелде кабыл алынган “Ветеринария жөнүндө” мыйзам менен иш жүргүзүп келген. 2014-жылы айрым кызыкдар ветеринардык чиновниктер менен ЖКнын V чакырылыштагы он чакты депутаты мал доктурдун тили менен айтканда “ара туулган” жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, ал 19-ноябрда 12 гана депутаттын катышуусу менен (келбеген депутаттар үчүн да алар кнопка басышкан) кабыл алынып кеткен. Эң өкүнүчтүүсү, бул мыйзам алсыз болгондон тышкары апачык эле коммерциялык багыттагы мыйзам болуп калган. Ошонун негизинде кыргыз ветеринариясынын иши кургуйга кулады.
Кыркылган мыйзам – кырчылган ден соолук
– 2005-жылы кабыл алынган “Ветеринария жөнүндө” №61 мыйзамда жалпы 67 статья бар эле. А 2014-жылы кабыл алынган №175чи (30.12.2014-ж.) мыйзамда болгону 32 гана статья калып, эң орчундуу, маанилүү статьялар негедир кыскартылып кеткен.
Чу дегенде эле эски мыйзамдан 5-статьянын кыскарышы менен мамлекеттик ветеринария системасынын структурасы бузулган. Оптималдаштыруу шылтоосу менен облустук, райондук, шаардык ветеринария башкармалыктары жана лабораториялар, чек аралык ветеринардык пункттар жоюлуп кетти. Эски мыйзамдын 5-статьясында Бишкек, Ош шаарларындагы жана райондордогу мамлекеттик ветеринардык башкармалыктарга эки шаардын, райондордун аймагындагы ветеринардык-санитардык лабораториялар баш ийип, а республикадагы бардык башкармалыктар КРнын Мамлекеттик ветеринариясына караштуу болору жазылган. Жаңы мыйзамдан 5-, 33-статьялар жоголгонуна байланыштуу район, шаарлардагы ветеринардык экспертиза лабораториялары, дарылоо-профилактикалык мекемелери де-юре Бишкек, Ош шаарларына, райондук ветеринардык шаардык башкармалыктарга караштуу, де-факто лабораторияларды базар ээси башкарып калды.
Эң орчундуусу, 2005-жылкы мыйзамдын 5-статьясынын 5-пунктунда “Мамлекеттик ветеринария башкармалыктарынын республикалык органдарынын жетекчилери башкы инспектор катары эсептелет жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан дайындалып, иштен бошотулат жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин орун басарына тең укукта ишмердүүлүгүн жүргүзөт” деп жазылган. Башкача айтканда, Ветеринардык кызмат жетекчисинин айыл чарба министринин орун басарындай ыйгарым укугу бар эле. Бул статья да жоголгонуна байланыштуу ыкчам чечилчү ветеринардык көйгөйлөр оперативдүү чечилбейт. Анткени министрге чейин анын биринчи, экинчи орун басарлары, мал чарбасын тейлеген башкармалыктын жетекчиси дегендер бар. Алар менен маселени макулдашып, министрге киргиче оору жайылып, далай мал кырылып калышы ыктымал. Демек, азыркы мыйзам боюнча Ветеринардык кызмат алсыз бир структура.
Ошондой эле бул мыйзамдын 21-статьясында “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын (айыл өкмөтү) ветеринардык кызматын каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт” деп көрсөтүлгөн болчу. Башкача айтканда, айыл өкмөттөрдөгү ветеринарларга республикалык бюджеттен айлык каралчу. Бул жобону билермандар алдыртып салышып, эми кайра киргизе албай жүрүшөт.
Мындан сырткары эски мыйзамда “Тоютка жана тоют кошулмаларына ветеринардык жана санитардык талаптар” деген 25-статья бар эле. Анда тоют жана тоют кошулмалары адамга, малга, айлана-чөйрөгө коопсуз болушу керектиги жана ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыгы менен малга коркунуч жараткан тоюттар өндүрүштөн алынып, жок кылынары жазылган. Жаңы мыйзамда бул статья жок. А мал кармагандар азыр стимулятор катары малга эмнелерди гана беришпейт, эмне деген гана дарыларды сайышпайт?! Ошол эле кезде ветеринарды андай жерге жолотушпайт. Буга бир мисал: эки жыл мурун Аламүдүн районундагы Пригородный мал базарынын жанындагы сарай өрттөнүп, жүздөн ашык семиртилген букалар күйүп кеткен. Райондук ветеринария башкармалыгы тарабынан бул багылган букалар кандай багылып, кандай ветеринардык эмдөөлөрдөн өткөнү тууралуу жана жараксыз эттердин (тушалардын) кандай жок кылынганы тууралуу маалымат берилген жок. Муну барып турган кайдыгерлик, шалаакылык дебегенде эмне дейбиз?!
Ал эми ушул мыйзамдын 7-статьясынын 13-пунктунда “Ветеринардык практиканы лицензиялоо” мамлекеттин ыйгарым укугуна кирери көрсөтүлгөн. Кийин түшүнүксүз себептер менен бул ыйгарым укук Ветеринардык палатага өтүп кеткен.
Мындан сырткары эски мыйзамдын 33-статьясында ветеринардык эрежелердин, ве-
теринардык-санитардык экспертизалардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн базарларда адистештирилген мамлекеттик ветеринардык-санитардык лабораториялар түзүлүшү керектиги жазылган. Негедир бул статьяны да билермандар жаңы мыйзамга киргизишпегендиктен шаар, район базарларындагы мамлекеттик ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториялары базар ээлеринин жеке менчик лабораторияларына айланып баратат. Кызыгы, ал лабораторияларды базарком башкарары же ветеринардык кызмат башкарары түшүнүксүз жана алардын кабинеттери, лабораториялык бөлмөлөрү кимге тиешелүү экени белгисиз.
Ошондой эле 38-статьяда “Малдан өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн ветеринардык-санитардык экспертизасы бардык этаптарда экспертизанын сапатына жана объективдүүлүгүнө мыйзам чегинде жооп бере турган мамлекеттик ветеринария мекемелери аркылуу жүргүзүлөт” деп жазылган. Бирок, азыр жеке менчик лабораторияларда эт, сүт, балык, бал жана башка продукцияларга изилдөөлөрдү Эшмат, Ташмат жасап, сиз жазгандай көрүнгөнү көрүнгөн маалымдама (справка) бере беришет. Жөнөкөй эле бир мисал: бир жылы Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өзү бир нече менчик лабораторияларга канын тапшырып, ар кандай жыйынтык чыкканын айткан. Баса белгилөөчү жагдай, Саламаттык сактоо министрлиги тескеген жеке лабораториялардын жабдыктары, аспаптары, препараттары, адистеринин профессионалдуулугу жеке ветеринардык лабораториялардыкына салыштырмалуу жогору турушу мүмкүн. Ошондуктан ветеринардык лабораториялардын профессионалдуу, ишенимдүү анализ чыгарышы күмөн туудурат.
Ошондуктан менчик ветеринардык лабораторияларга калкыбыздын азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө укугун жарым-жартылай өткөрүп берүү таптакыр туура эмес. Бул маселеге кайдыгер мамиле кылганыбыз жарандарыбыздын ден соолугуна зыян кылары шексиз.
Ошондой эле 57-статьянын жоголушу менен союздан калган ветеринардык кызматка тиешелүү имараттар, гараждар, облустук, райондук башкармалыктарга жана лабораторияларга тиешелүү территориялар менчиктелип кетүү коркунучу жаралып отурат. Эгер бул мамлекеттик мүлктөр менчиктештирилип кетсе, кайра кайтарылышы өтө кыйынга турат. Себеби, бир кездеги “прихватташтырылып” кеткен бала бакчалар кандай күч менен кайтарылып жатканы баарыбызга белгилүү.
Баарынан кызыгы, 2014-жылы кабыл алынган “Ветеринария жөнүндө” мыйзамда аты-жыты жок, пайдасы күмөн коммерциялык багыттагы Ветеринария палатасы жөнүндө статьялар пайда болгон. Бул Ветеринардык палатанын 05.10.2015-жылдагы жана өзгөртүлгөн, толукталган 25.01. 2018-жылдагы “шедевр” уставынын негизинде жүргүзүлүп жаткан “ишмердүүлүгү” тууралуу кенен кеп кылсак болот.
(Уландысы бар)
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»
Абдан туура макала. Жылдап калыптанган мыйзамды, атка минерлер Озулорунун кызыкчылыгына ылайыкташтырыла баштап, мыйзамды одоно бузушту.