Кыргыз тилине Сталиндин камкордугу
Кыргызстанда көп жылдан бери эле кыргыз тилин өнүктүрүү, жайылтуу маселеси көтөрүлүп келе жатат. Ошол эле кезде шаардык кыргыздар өздөрү балдарын орус мектептерге берип, күнүмдүк турмушта орус тилинде сүйлөшкөндү артыкчылык катары көрүшөт. Албетте, көп тил билүү учурдун талабы экени талашсыз. Бирок, заман өзгөрүп, дүйнө жүзүндө ааламдашуу жүрүп турганда улуттун, мамлекеттин негизги өзөгү болгон эне тилди сактоо, өнүктүрүү да өтө маанилүү. Жакында эле белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошевага байланыштуу окуя кыргыз тилинин өсүп-өнүкпөй жатышына чет өлкөлүктөр эмес, биринчи кезекте өзүбүз – кыргыздар себепкер экендигибизди айгинелеп койду.
Бул окуяга күбө болгон Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов кыргыз тилине байланыштуу бир окуяны айтып берди. Керкибизди да, кемигибизди да ойлонто турган окуя болгондуктан, анын үстүнө быйыл азыркы Кыргыз мамлекетинин түптөлгөнүнө жана “Кыргыз Туусу” гезитинин жарык көргөндүгүнө 100 жыл болгондугуна байланыштуу аны окурмандар менен бөлүшөлү дедик.
“Сталиндин бир сөзү орустарды кыргызча сүйлөтүптүр”
– 1970-жылдардын май айында Данияр Назарматов баарыбызды шашылыш чогултуп “Төрөбай Кулатов Кара-Кужурга барат экен, барып концерт коёсуңар” деп калды. Кийин билсек Данияр байке Кулатовдун эң улуу күйөө баласы экен. Ошентип эртеси түнкү саат үчтө шоопурубуз Сатар байке баарыбызды үйлөрүбүздөн терип салып жөнөп калдык. Кара-Кужурга күндүзгү саат 11лерде жетип бардык. Өтөктө эл чогулуп, төмөн жакта тик учак конуп калыптыр. Чогулуш башталып Төрөбай аксакал ордунан турбай эле трибунадан сүйлөдү. Көрсө ошол кезде ал кишинин тизелери ооруп, иттин терисин ороп отурган экен. Жыйналыш да, концерт да бүтүп, артисттер ал киши менен чогуу тамактанып калдык. Ал аябай жайдары, салмак менен күлдүрүп сүйлөгөн киши эле. Тамак үстүндө ал кыргыз тили боюнча бир кызык окуяны айтып берди. Ошол окуя учурдагы тил маселесинен улам эске түшүп жатпайбы.
“1939-жылы Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасы болуп калды. Мен ал кезде Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болчумун. Декадага аябай даярданып, чоң концерт жана “Айчүрөк”, “Ажал ордуна”, “Алтын кыз” пьесаларын коймой болдук. Декада башталып коцерттен кийинки коюлчу “Айчүрөк” пьесасын көрүүгө зал толо эл келди. Бир убакта эл дуу тура калды. Көрсө ложага Иосиф Сталин, Вячеслав Молотов баштаган ВКП(б)нын бюро мүчөлөрү келип отурушкан экен. Кол чабуу 6-7 мүнөт созулгандай болду. Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Алексей Вагов экөөбүз биринчи катарда отурган элек. Аңгыча бир жигит келип “Экөөңүздөрдү жолдош Сталин чакырып жатат” деп Сталин отурган ложага ээрчитип барды. Ваговду билбейм, мен Сталинди көргөндө кетпеген жеримден тер кетип туруп калдым. Сталин “Жолдош Кулатов, сиз бул жакка отуруңуз” деп оң капталын көрсөттү. “Сиз бул жакка” деп Ваговго сол жагына кол шилтеп койду. Ишенсеңер Сталиндин жүзүн карай албай койдум. Пьеса башталды. Ак куу болуп кубулган Айчүрөк Семетейдин Ак шумкарын алып качканда Сталин мен жакты карап “Товарищ Кулатов, что случилось?” десе болобу. Менин орус тилим шахтанын орус тили болгондуктан “Невеста, богатырь, Семетей” деген үч сөздү араң айттым. Кыраакы киши менин абалымды түшүндү окшойт, акырын мыйыгынан күлүп жылмайып койду. Ичимен башка суроо бербесе экен деп отурам. Ошентип пьеса аяктады. Сталин өзү баш болуп биздин артисттерге 2-3 мүнөттөй кол чаап турду. Анан биз “Жолдош Сталин, бул жакта чайыбыз бар эле” деп айтып чоң үстөл жайылган бөлмөнү көрсөтүп, алдыга басып аны күтүп турдук. Ал кирип келгенде баарыбыз какайып тура калдык. “Отургула!” дегенсип кол жаңсаган Сталин канжасын соргончо үстөлдү айланып келип Ваговдун тушуна жеткенде “Жолдош Вагов ушундай керемет чыгарманы жараткан элдин тилин канча пайыз билесиз?”,-деди. Кыйратып кыргызча билбеген Ваговдун шаштысы кетип “30 пайыз жолдош Сталин!” деп жиберди. Сталин аны акшырая карап туруп “Мало!” деп койду.
Ошентип декада ийгиликтүү аяктап эли-жерибизге кайтып келдик. Келгендин эртеси эле Вагов бюронун атайын отурушун чакырып, орус жетекчилер жумуштан кийин калып кыргыз тилин эки сааттан үйрөнсүн деген чечим кабыл алды. Сталиндин оозунан чыккан ар бир сөз канчалык маанилүү жана жооптуу экенин ошондо бир түшүндүм”, – деп чечилип сүйлөп берген эле Төрөбай Кулатов.
P.S: Азыр мамлекеттик кызматтагы орустарды мындай кой, катардагы кыргыздардын айрымдары кыргыз тилин 30 пайыз билбейт. Ал аз келгенсип элеттен келгендер да аз өтпөй коомдук жайларда, тамактануу, эс алуу мекемелеринде чулдурап орусча сүйлөп калышат. Андыктан кыргыз тили өнүкпөй жатат деп ызылдай бергенден пайда чыкпайт. Кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн кыргыздар өзүбүз кыргызча таза сүйлөп, кыргызча билим алып, башкаларга үлгү боло берсек тилибиз өзү эле жайылат, өнүгөт. Мындай саясатты өзбек туугандар союз доорунда эле жүргүзүп келишкен.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»