whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТИМдин түштүк облустарындагы өкүлчүлүгүнө жаңы имарат курулууда

ТИМдин түштүк облустарындагы өкүлчүлүгүнө жаңы имарат курулууда

Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгүнө жаңы имараттын курулушу башталды.

Ош шаарындагы курулушка капсула салуу иш-чарасына мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев, Ош шаарындагы консулдуктардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.

Аталган имараттын курулушу бүтсө өлкөнүн экинчи борборунун аймагындагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, материалдык-техникалык базасы жакшырат.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 2580 чарчы метрди түзөт. Анда, ар кандай форматтагы жолугушуу, конференциялык залдар, кызматкерлер үчүн кеңселер, ошондой эле консулдук-укуктук жана виза маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу борбору болот.

Курулуш Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КР Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата башталып, ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар