Журналисттик кесиптин аркасы менен ар түркүн адамдарга жолуксам, арасынан айрымдары баскан-турганы, сүйлөгөнү, мыкты кесипкөйлүгү, эң башкысы нарк-нускасы менен жадымдан чыкпай калды. Кыргыз мамлекеттик университетинин англис тили факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири, өлкөбүзгө эмгек сиңирген мугалим Шааркан Кенжегулова апа ошондойлордун катарында.
Ага арналган китептин бет ачаарында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов бөлмөсүнүн төр жагына Шааркан апанын кол эмгектери коюлуптур. Саймага түшүрүлгөн керемет гүлдөр, кадимки алп акыныбыз Алыкул Осмонов которгон Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” китебиндеги каармандары, көз жоосун алган курактары көргөндөр-дү тамшандырып жатты. Баарынан да Шааркан апанын Нарындагы кыздар интернатында окуп жүргөн кезинде чуркоо боюнча Бүткүл союздук мелдеште 2-орунду алып келген сүрөтү спорт тармагын иликтеп жүргөн журналист катары мага өзгөчө табылга болду.
Сайра Батыркулова жазган китептин каарманы, энебиздин окуучусу, Кыргыз эл жазуучусу Кален Сыдыкованын айткандары азыр да жадымда жатталып турат.
– Өткөн кылымдын 70-жылдары, Жумгал районунун Кызарт айылынын “Жаңы Арык” орто мектебине Асанбек Тезекбаев деген жаңы директор келди. Агай физик-математик экен. Ал эми өмүрлүк жубайы Шааркан Кенжегулова англис тилинен бизге сабак берди. Менин Кален Сыдыкова болушума Асанбек Тезекбаевдин эки ооз сөзү өмүр бою дем-күч берип келе жатат. 5-класста окуп жүргөн кезимде райондук “Демилге” деген гезитке куш тилиндей макалам чыгып, аны агайым окуп калып, чоң жыйында мени мактаганда, асманга каалгып чыккандай сезимде болдум.
Ал эми Шааркан эжейим берген англис тилинин баркын университетке келгенде даана билдим. Ал кезде элет мектептеринде англис тили мугалимдери саналуу болгондуктан, менин англис тилинде шар окуп, жазып, суроолорго жооп бергеним, окуткан мугалимдерим менен группалаштарым үчүн таң калыштуу болгон, – деди Кален эже.
Ш.Кенжегулова 1930-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Талаа айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин 1957-жылы аяктап, өмүрлүк жолдошу педагог, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, маркум Асанбек Тезекбаев экөө Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасындагы А.Пушкин атындагы орто мектепте эмгек чыйырын башташкан экен. А.Пушкин, Чаек кыздар интернатында директор, Жаңы-Арык мектебинде иштеп, 1959-жылы Таш-Дөбө 7 жылдык мектебине директор болуп дайындалып, кийин аны 460 орундуу орто мектепке айлантат. Республика боюнча биринчи жолу элет мектебинде англис тилин тереңдетип окутуунун практикалык жол-жоболорун иштеп чыгып, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги ачык сабактарды, атайын семинарларды өткөрүп, биринчи жолу лингафондук кабинет уюштурган.
Кылган кызматы жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Эл агартуунун отличниги наамдарын, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. 4 уул, 4 кызды өстүрүп, баары жогорку билимдүү болушту.
Мен жакшы билген уул-кыздарынан эгиздер Эркинбек менен Элмира. Маркум Эркинбек кыргыз спортуна зор салым кошуп, самбо күрөшү боюнча СССР спортунун чебери болуу менен бирге Кыргызстанда Таяк-тартыш федерациясын негиздеп, бул спортту Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизген. Ал эми эгиздин түгөйү Элмира Тезекбаева көп жыл Улуттук телерадиокорпорациясында иштеп, “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамга арзыган белгилүү журналист.
Шааркан апа Таш-Дөбө айылында болгон иш-чаралардын бардыгына катышып, учурунда өзү салдырган мектепти бүгүнкү күндүн талабына ылайык жакшыртуу үчүн демилге көтөрүп жүрдү. Андан тышкары “Мен англис тилинде Манас айта алам” долбоорунун демилгечиси жана автору болгон.
Узак, бактылуу өмүр сүрүп, 2023-жылы 93 жаш курагында көз жумган.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер