Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Үч шайлоо округунан 44 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 30-майда саат 24:00дө аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

Үч шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 44 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди:

  • №5 Ноокат округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 1 аял;
  • №36 Ысык-Көл округу боюнча — 20 талапкер;
  • №29 Свердлов округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 2 аял.

Эскерте кетсек, талапкерлер (ыйгарым укуктуу өкүлдөр) 2-июнь саат 18:00дөн кечиктирбестен каттоо үчүн тѳмѳндѳгү документтердин толук пакетин бериши керек:

  • шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
  • жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • иштеген же окуган жеринен маалымкат;
  • бекитилген формага ылайык ѳмүр баяны жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалымат.

БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 2024-жылдын 10-июнуна чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт.

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин 2024-жылдын 10-июнан тартып эң активдүү этап — шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 2024-жылдын 29-июнунда саат 8:00дө аяктайт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар