Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эң маанилүү мекеме болгон “Манас” университети дагы бир жаңылык киргизип, “QS Stars” Эл аралык университеттер рейтингинен Кыргыз-Түрк “Манас” университети 4 жылдызга ээ болду. Муну менен “Манас” университети Кыргызстанда ийгиликке жетишкен биринчи университет болуу өзгөчөлүгүн көрсөттү.
Чындыгында эле окуу жайда студенттер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлгөн. Баса белгилеп кетүүчү жагдай Кыргыз-Түрк “Манас” университети өлкөнүн бардык аймактарында бейтаптарга, адамдарга, жаныбарларга, өсүмдүктөргө ар кандай кызматтарды көрсөтүп, заманбап дыйканчылык менен мал чарбачылык тармактарында да колдоо көрсөтүп келет. Дегеним, окуу жай жөн гана билим берүүчү мекеме эмес, бүтүндөй Кыргызстанга салым кошууга аракет кылып жатат.
Ошондуктан, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга бир нече суроолор менен кайрылдык.
– Алпаслан мырза, биринчи суроом мындай: сиз жетектеген билим берүү мекемеси 2023-окуу жылды кандай аяктады? Университет үчүн маанилүү өнүгүүлөр тууралуу биз менен бөлүшө кетсеңиз.
– Кош келдиңиз! Кыргыз-Түрк “Манас” университети – Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алтын көпүрө катары өзгөчө мааниге ээ. Университетибиздин билим берүү тармагындагы ийгиликтери күн санап артып жатат. Биз “Манас” университетинин слоганын “Университеттен да артык» – деп алмаштырдык. Жөн гана университет эмес, ошол эле учурда билим берүү ишмердүүлүгүндө гана эмес, коомдук, социалдык, иштерде да алдыңкы катарда болушун каалап “Университеттен да артык” деп өзгөрттүк. Бул эмнени билдирет? Биздин университет бир гана билим берүү мекемеси эмес, мындан тышкары, Кыргызстандын социалдык иштери боюнча да алектенип, ооруканалар, балдар үйү сыяктуу көптөгөн тармактарда элге кызмат көрсөткөн мекеме болуп саналат. Ошол эле учурда Кыргызстандын туризми баш болгон, экономика, социалдык турмуш багыттарында иш-аракеттерди күн тартибине алып чыгып, алар боюнча иштерди жүргүзгөн окуу жай болуу өзгөчөлүгүнө айландык.
Бул жаатта 2023-жыл университетибиз үчүн абдан ийгиликтүү окуу жылы болду. Өткөн жылы көптөгөн жаңылануу, өзгөртүүлөрдү ишке ашырдык. Алардын ичинен эң негизгиси – университетибизде кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү болду. Университетибиздин квоталарын дагы бир аз арттырып, дагы 300 кыргызстандык жаштарга билим алуу укугун бердик.
Алар университетибизден билим алуу менен Кыргызстан баш болгон түрк дүйнөсү үчүн, адамзат үчүн мыкты иштерди жасай турган жаштарды чыгарууга аракет кылып келебиз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргыз тилинде билим берүүгө өзгөчө басым жасайт. “Манас” университети катары эне сүтүндөй ак болгон кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым коштук. Кыргыз тилинде мыкты билим берген окуу жай бул, албетте, “Манас” университети деп эсептейбиз. Анткени мыйзамдары кыргыз тилинде болгон бирден бир университет бул – “Манас” университети. Ошондуктан биз Президенттин көрсөтмөлөрүнө ылайык, кыргыз тилине чоң маани берип, аны эң мыкты деңгээлде жайылтууга көп аракеттерди жасадык. Натыйжада, жаштар кыргыз тилинде дагы да эркин сүйлөп калышты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги баш болгон бизден жардам сураган бардык мекеме-уюмдарга алгач кыргыз жана түрк тилдери боюнча колдоо көрсөттүк. Мындан тышкары, кайрылган мекемелерге да кыргыз тилинде кат алышуу боюнча ар кандай колдоо көрсөттүк.
Университетибиздин ийгиликтери күн санап өсүүдө. Белгилүү болгондой, биздин университет дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин ичинен 800-орунда турган Кыргызстандагы жалгыз университет. Бирок, биз жалгыз өзүбүз гана ийгиликке жеткенибизди каалабайбыз. Кыргызстандагы башка билим берүү мекемелери да ийгиликтүү болушу үчүн салым кошконго аракет кылып жатабыз.
Бул жаатта “Манас” басмасынан көптөгөн китептерди чыгардык. Бул китептердин негизги бөлүгүн кыргыз тилиндеги китептер түздү. Башкача айтканда, кыргызча китептерди чыгарууга көңүл бурдук.
Өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облусунун айылдарында иш алып бардык. Аталган аймактарга командаларды жибердик. Алардын аталган аймактарда жасаган иштери менен бейтаптарга, адамдарга, жаныбарларга, өсүмдүктөргө ар кандай кызматтарды көрсөтүп, заманбап дыйканчылык менен мал чарбачылык тармактарында да колдоо көрсөттүк. Ошентип биз жөн гана билим берүүчү мекеме эмес, бүтүндөй Кыргызстанга салым кошууга аракет кылып жатабыз.
Кыргызстандын эң маанилүү экспортунун бири – атактуу кыргыз балы. Кыргыз балынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн окуу курстарын уюштуруп жатабыз. Ага ылайык, 500 кыргызстандык бал өндүрүүчүлөрдү окуттук. Ошентип, биз Кыргызстанга билим берүү тармагында гана эмес, ар кайсы тараптан салым кошууга аракеттенүүдөбүз.
– Бул окуу жайда студенттер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр каралган? Бүтүрүүчүлөр жумуш орду менен кандай камсыз болушат?
– Биз, өзгөчө дүйнө жүзүндөгү бүтүрүүчүлөргө жакындан байланышта болгон окуу жайлардын бирибиз. Башкача айтканда, биздин бүтүрүүчүлөрүбүз кайда, кайсы өлкөдө, эмне менен алектенип жатышат кабарыбыз бар, байкап турабыз. Университетибиздин эң чоң ийгиликтеринин бири – бүтүрүүчүлөрүнүн жумуш менен камсыз болушунун кепилдиги.
Белгилүү болгондой, дүйнөдө көптөгөн университет бар, анда студенттер жогорку окуу жайларын бүтүрүшөт, бирок жумуш табууда кыйынчылыкка учурашат. Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстан баш болгон дүйнөнүн 46 өлкөсүндө жумуш менен камсыз болушуп, ийгиликтүү иштеп жатышат. Андыктан биздин студенттер ийгиликтүү алган билимдерин алгач Кыргызстанда көрсөтүп иштешсин, андан соң Түркия, түрк дүйнөсүнүн жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иштешсе деген ойдобуз. Алар абдан жакшы билим алып, мыкты деңгээлде тил билгендери үчүн дүйнөнүн каалаган жеринде жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан бизде дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн жумуш таба алган студенттер бар. Жыл сайын университет 1000ден ашуун бүтүрүүчүнү уядан учурат. Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу 78%ды түзөт.
Биз Карьера кеңсесин түздүк жана анын жардамы менен студенттерге карьера курууда багыт берүүгө умтулабыз.
– Студенттер үчүн спорттук аянтчаларды куруп берип жүрөсүздөр…
– Студенттердин университетте да социалдык аймактарын кеңейтип, көптөгөн кафетерийлерди жана чайканаларды ачып, алардын бири-бири менен дагы көбүрөөк баарлашуусуна шарт түздүк. Мындан тышкары, коомдук жана спорттук иш-чаралар менен алектене турган аймактарды кеңейттик. Айрыкча бизде футбол, баскетбол аянтчалары, жабык жана ачык спорт аянтчалары бар, алар студенттер пайдалансын деп ишке берилди. Ошондой эле салттуу спорт оюндарынын ойнолуусу үчүн дүйнөнүн бир дагы университетинде жок салттуу спорт аянтын түздүк. Бул жерде Кыргызстандын дүйнөгө таанымал болгон көк бөрү оюну баштаган башка салттуу спорт оюндары ойноло турган аянт. Дүйнөдө мен билген башка университеттерде мындай аянт жок жана бул жерде көк бөрү оюндары боюнча мелдештерди уюштура баштадык. Муну менен студенттер ата-бабадан калган салттуу спорт түрлөрү менен машыга турган аймак жараттык. Мындан тышкары ата-бабабыздан келе жаткан жаа атуу жана күрөш менен машыга турган аймак түзүп, жаштарга кызмат кылуусуна бердик. Башкача айтканда, биздин студенттер кеңири спорттук, маданий мүмкүнчүлүктөр, театрлар, искусство, конференциялар жана илимий жыйындар менен жогорку деңгээлде камсыздалган.
Университетибиз ошол эле учурда кампус университети болуп саналат. КТМУ – Кыргызстандагы үлгүлүү университеттердин бири, башкача айтканда, кампусу бар университетпиз. Ошондуктан кампустун жашоосу биздин студенттердин интеграциясына да көңүл бурат. Ушундай жол менен студенттер бири-бири менен аралашып, спорт менен машыгып, маданий иш-чараларга катыша алышат. Алар окууну бүткөндө бир нече тил билген бүтүрүүчү болушат. Бул “Манас” университетинин дүйнө жүзүндөгү үлгүлүү университет экенин көрсөтүп турат жана биз муну менен дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирдик.
– 2024-2025-жаңы окуу жылы үчүн абитуриенттерди кабыл алуу жакында башталат. Окуу жай кандай критерийлердин негизинде абитуриенттерди кабыл алат?
– Биздин университет студенттерди үч түрдүү кабыл алат. Кыргызстанда кандай кабыл алынат, айтып берейин. Кабыл алынышынын биринчиси – ЖРТ сынагын тапшырган студенттер белгилүү бир баллдан жогору балл алса, бизге кайрылууга укуктуу. Биз өзүбүздүн университетте сынак өткөрөбүз. Өзүбүздүн сынакта өткөн жылы 10 миңге жакын абитуриент тапшырды жана 10 миң абитуриенттен 1000 абитуриентти кабыл алдык. Жогоруда айтып өткөндөй, квотаны көбөйтүп, шартты күчөтүү менен 300 кыргыз жаранын ийгиликтүү жаштардын арасынан тандап алдык. Экинчи кабыл алуу шарты Түркиядагы абитуриенттер үчүн. Түркияда ÖSYM деген сынак бар жана бул сынактан эң ийгиликтүү өткөн абитуриенттер тандоо кылышат. “Манас” университетин тандаган студенттер бул сынактан ийгиликтүү өтсө, биз аларды кабыл алабыз. Үчүнчү кабыл алуу шарты боюнча Кыргызстан жана Түркиянын жарандары эмес, боордош түрк мамлекеттери үчүн, алсак, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн тапшырышат. Алар онлайн тапшырышат, биз аларды өзүбүздүн сынактан өткөрөбүз, ал эми ийгиликтүү болгондор университетибизге келип окуй башташат.
– “Манас” университети Кыргызстандагы эң алдыңкы окуу жайлардын бири. Университеттин профессордук-окутуучулук курамы боюнча маалымат берсеңиз.
– Университетибизде мыкты билим берген кыргыз, түрк окутуучулары эмгектенишет, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген окутуучулар да бар. Бул жерде биздин эң негизги ишибиз — эң ийгиликтүү окутуучулардын бул жерде иштешин камсыз кылуу, ушул себептен Кыргызстандын эң ийгиликтүү окутуучулары бизде эмгектенишет. Ошондой эле Түркиянын эң ийгиликтүү мугалимдери
бул жерде 5 жыл иштеп, өз өлкөсүнө кайтып кетишет жана алардын ордуна башка ийгиликтүү окутуучуларды тандайбыз. Биздеги профессордук-окутуучулук курамдын саны 463. Булар өз тармагынын эң мыкты адис-тери. Мына ушул мугалимдерден билим алган жаштар дүйнөнүн ар тарабынан жумушка кабыл алынышынын эң маанилүү фактору.
Сынак тууралуу да айта кетейин. Биздин сынактардан ийгиликтүү өтпөй туруп университетте окууга эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок. Демек, өз балам болсо да бул сынактан өтпөй калса, аны бул университетке окута албайм. Мындай айырмачылык жок. Муну менен биргеликте Бишкекте, Ошто, Таластагы адамдардын университетибиз жөнүндө “Манас-та эң акылдуу, эң ийгиликтүү студенттер окуйт”,– деген сөздөрүн угуп кубандым. Мунун себеби“Манас” университетине эч ким татыктуу болбосо кире албайт. Киргендер университетте ийгиликтүү болуп, окушпаса дагы дагы окууну бүтүрө алышпайт. Эч бир окутуучу студентти бир сабакты ийгиликтүү тапшыра албай калса, анда аны сабактан өткөрүүгө укугу жок. Ошондуктан биз ийгиликтүү, эмгекчил студенттерди кабыл алган университетпиз. Биз бул үчүн абдан сыймыктанабыз. Бирок, бул бизге жетиштүү эмес, ошондой эле алардын тарбиялуу жана адептүү билим алгандары да маанилүү. Ата-бабаларыбыздан калган адеп-ахлактык баалуулуктарды алып жүрбөсө, бул университетти эч ким бүтүрө албайт. Чыңгыз Айтматов айткандай, маңкуртташтыруу менен эң көп күрөшкөн университет да – “Манас” университети.
– Окуу жайдын структурасы жана материалдык-техникалык базасы тууралуу да айта кетсеңиз.
– Биздин университет 82 гектар аянтта жайгашкан жана бул аймакта болжол менен 19 билим берүү мекемелери менен кызмат көрсөтүп жатабыз. 12 факультет бар. Бул факультеттерде билим берүү багыттары абдан кенен жана мүмкүнчүлүктөр чоң. Бул мүмкүнчүлүктөрдөн тышкары, биз студенттерге дүйнөлүк технология боюнча билим берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү сунуп жатабыз. Башкача айтканда, университетибизде студенттер үчүн көптөгөн компьютердик лабораториялар бар. Алар бул жерде бардык компьютердик технологияларды колдоно алышат. Биз 2023-жылы эле технологияга 1 миллион доллар инвестиция кылдык. Башкача айтканда, класстарда смарт такталар менен сабактар өтүлөт. Биз жаңы технологияны колдонгон университетпиз. Технологияга көп каражат жумшайбыз. 2024-жылы дагы улантып жатабыз, 2025-жылы да дүйнөнүн технология-лык университеттеринин катарын да “Манас” университети толуктайт. Бул жаатта да биз Кыргызстандагы эң технологиялык университет болуу өзгөчөлүгүбүз бар. Бизде 100гө жакын студенттик лабораториялар бар. Бул лабораторияларда ар кандай курстук материалдар бар. Биздин окутуучулар эң жогорку деңгээлде билим беришет, бул бизге дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири болууга мүмкүнчүлүк берет.
Биз Кыргызстан үчүн барбыз, Түркия үчүн барбыз. Түрк дүйнөсү үчүн барбыз. Дүйнөдө билим жана илим адамдар үчүн шарт. Буларды ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Бул жагынан социалдык жоопкерчилик долбоорлорун ишке ашырып жатабыз.
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”