Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Садыр Жапаров Япониянын мамлекеттик катчысын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда, Япониянын мамлекеттик катчысы, тышкы иштер улук вице-министри Киёто Цудзини кабыл алды.

Жолугушууда саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров «Борбордук Азия+Япония» Диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитин өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Диалогдун алкагында аймактык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүдө жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы, иш жүзүндө жүзөгө ашырыла турган формаларын издөөдө негизги ролду ойноого тийиш болгон бул жолугушуунун тарыхый маанисин ырастады.

Муну менен катар мамлекет башчысы Япония менен эки тараптуу аракеттешүүнүн кеңири чөйрөсүндө узак мөөнөттүү кызматташуу Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн тараптарды көп иштер күтүп турганын кошумчалады.

Мамлекеттик катчы, Япониянын тышкы иштер улук вице-министри Киёто Цудзи өз кезегинде кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, «Борбор Азия + Япония» Диалогунун саммитин өткөрүү аймактын өлкөлөрүнүн көп жактуу өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдөгү тарыхый учур болуп калышы керектигин белгиледи.

Тышкы иштер улук вице-министри эки өлкөнүн Саммитке даярдык көрүүдөгү кызматташтыгын жогору баалап, иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Киёто Цудзи Япония Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүнүн алкагында туризмди, адам ресурстарын өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишкерликти колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну кароого даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Бир айыл – бир өндүрүм» биргелешкен ийгиликтүү долбоорун да талкуулашты.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар