Туура түзүлгөн үй-бүлөлүк/жеке бюджетти туура пайдаланууда тигил же бул максатка жетишүү үчүн каражат топтолуп калат. Топтолгон каражат инвестициялык портфелди түзүү үчүн пайдаланыла алат.
Инвестициялык портфель – бул адамга таандык жана үй-бүлөнүн/адамдын жалпы топтолгон кирешесин көбөйтүүгө багытталган инвестициялардын ар кандай түрлөрүнүн топтому. Өз кезегинде кепилденилген киреше алуу үчүн портфелди кантип түзүү керек?
Инвестициялоонун бардык түрлөрүндө тобокелчиликтер бар. Эгерде кыска мөөнөттүү инвестицияларды биз реалдуу прогноздой алсак да, узак инвестициялык процесс үчүн кандайдыр бир жагымсыз тышкы же ички окуянын келип чыгуу ыктымалдуулугу жогору. Тобокелчиликтерди башкаруу үчүн финансылык каражаттардын диверсификациясы пайдаланылат. Анын маңызы өздүк топтоолорду ар кайсы инвестициялык активдер боюнча бөлүштүрүүдө турат. Сиз каражаттарыңызды бир эле убакта баалуу кагаздарга, кыймылсыз мүлккө, баалуу металлдарга, бизнеске жана башка аспаптарга саласыз.
Инвестициялык портфелдин чоң бөлүгүн тобокелчиликсиз финансылык аспаптардан түзүү сунушталат. Тобокелчиликсиз финансылык аспаптарга мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) кирет.
Кандай МБКлар бар?
Жүгүртүү мөөнөтүнө жараша алар кыска мөөнөттүү – мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ) жана узак мөөнөттүү – мамлекетти казыналык облигациялар (МКО) болуп бөлүнүшөт.
МКВ – кыска мөөнөтүү (12 айга чейин) документсиз дисконттук мамлекеттик баалуу кагаздар, анын 1 даанасынын номиналы 100 сомду түзөт.
МКО – үстөк пайыздык кирешеси – купону менен 2, 3, 5, 7 жана 10, 15, 20 жыл жүгүртүү мөөнөтүндөгү узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар. Купондук коюм башка параметрлери менен бирге Финансы министрлиги тарабынан аныкталат.
Бул мамлекеттик баалуу кагаздарды ким чыгарат?
Мамлекеттик казыналык векселдер менен мамлекеттик казыналык облигациялардын эмитенти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болот.
Бул МБКлар канчалык ишенимдүү жана эмне үчүн аларды сатып алуу пайдалуу?
МБКлар боюнча төлөмдөр республикалык бюджетте каралган жана дайыма өз мөөнөтүндө жүргүзүлөт. Мына ошентип, мамлекет инвестициялардын ишенимдүүлүгүнүн кепилдиги болот.
МБКларды Улуттук банктын Автоматташтырылган соода системасы (АСС) аркылуу аукциондук негизде жайгаштырышат, ага атайын жеткиликтүүлүккө түз катышуучулар гана ээ. Андан тышкары, 2023-жылдын майынан баштап эки түрдөгү мамлекеттик баалуу кагаздар: 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ-12) жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО-2) Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) соода аянтчасында жайгаштырылууда. МКО-2 жана МКВ-12 КФБнын листинггине эң жогорку “А” категориясы боюнча камтылган. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, КФБнын листингинде бул категорияда турган баалуу кагаздардын үстөк пайыздарына жана наркынын өсүшүнөн кирешелерге киреше салыгы жана пайдага салык салынбайт.
КФБнын соода аянтчасында 2024-жылдын 23-майында болуп өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча, 12 айлык МКВлардын чыгарылышынын орточо салмактанылган кирешелүүлүгү 14,50 пайызды түздү.
МКО – бул купондук баалуу кагаз, анын баасы аукциондун жыйынтыгы боюнча аныкталат. Негизинен МКО дисконт менен сатылат, башкача айтканда, баасы адатта номиналдык наркынан төмөн. Мында, аукциондун ар бир катышуучусу баалуу кагазды сатып алууга макул болгон кирешелүүлүгүн өзү аныктайт.
Улуттук банктын аукциондору аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар (МКВ, МКО) жана Улуттук банктын баалуу кагаздары боюнча бардык маалымат, атап айтканда, суроо-талаптын көлөмдөрү, жайгаштыруу жана жүгүртүүдө турушкан баалуу кагаздардын маалыматтары, ошондой эле алар боюнча кирешелүүлүк жөнүндө маалымат ачык жана жалпыга жеткиликтүү. Бул маалымат Улуттук банктын расмий сайтында “Статистика” бөлүгүндө, ошондой эле “КРУБдун бюллетени” мезгилдүү басылмасында “Акча-кредиттик жана финансылык статистика” бөлүгүндө жарыяланат.
Мамлекеттик баалуу кагаздарды кайдан сатып алса болот?
Жеке жана юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) МБКларды же туунду рыноктон сатып алалышат, же түз катышуучулар болуп саналышкан коммерциялык банктар аркылуу аукциондорго катышууга билдирме бере алышат.
Консультация алууну жана МБКларды сатып алууну каалагандар коммерциялык банктын филиалына же Кыргыз фондулук биржасынын (https://www.kse.kg/ru/MembersGSB) МКБларды сатууларынын катышуучусу болушкандардын катарындагы брокердик компанияга кайрыла алышат. Инвесторлордун, алардын ичинде чет элдиктердин да МБКлар рыногуна жеткиликтүүлүгү чектелген эмес.
Келечекте МБКларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып алууга болот. Бул брокердик компаниялар аркылуу баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн жаңы онлайн платформа болмокчу.
Салыштыруу үчүн айтсак, коммерциялык банктардын 12 айдан көп мөөнөттөгү депозиттеринин кирешелүүлүгү (2024-жылдын биринчи кварталынын аягына карата) 7ден 16%га жылдык үстөк пайызды түзөт https://www.finsabat.kg/tools/tools-banks/tools-banks-deposits
Улуттук банктын ноталары деген эмне жана аларды эмне үчүн чыгарат?
Улуттук банктын ноталары – бул кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар, алар Улуттук банк тарабынан кагазсыз формада чыгарылат. Бир нотанын номиналдуу наркы 10 000 сомду түзөт. Ноталар 7ден 364 күнгө чейинки мөөнөттө чыгарылат жана дисконт менен жайгаштырылат, а номиналдык наркы боюнча төлөнөт. Ноталарды жайгаштыруу ар жумалык аукциондордо ишке ашырылат. Аукциондорго катышуу укугуна түз катышуучулар (коммерциялык банктар жана институциялык инвесторлор) ээ. Жеке жана юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) МБКларды жана Улуттук банктын ноталарын же туунду рыноктон сатып алалышат, же түз катышуучулар болуп саналышкан коммерциялык банктар аркылуу аукциондорго катышууга билдирме бере алышат. Аукционду өткөрүүнүн бардык этаптары да толук автоматташтырылган жана Улуттук банктын Автоматташтырылган соода системасы (АСС) аркылуу жүргүзүлөт, ага атайын жеткиликтүүлүккө түз катышуучулар гана ээ.
Улуттук банктын ноталары акча-кредиттик саясаттын жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу үчүн арналган аспабы катарында пайдаланылат. Аукциондорду өткөрүүнүн максаты болуп банк системасынан улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү алып салуу саналат.
Даярдаган Т.Исхаков