whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкБанкттан 8 млн. сомдон ашуун каражатты чыгарып кеткендер кармалды

Банкттан 8 млн. сомдон ашуун каражатты чыгарып кеткендер кармалды

Бишкекте банкттан 8 млн. сомдон ашуун каражатты уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнда банктардын биринин өкүлү Ленин РИИБге акча каражаттарын белгисиз адамдар мыйзамсыз чыгарып кеткендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Натыйжада банкка жалпы суммасы 8 млн. 28 миң 289 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул факт Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. жана 1984-жылы туулган Б.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири жогоруда аталган банктын кызматкери болуп, жеке кызыкчылыгын көздөп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталган.

«Урматтуу жарандар, эгерде сиздер кылмышкерлин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номурларына кайрылыңыз: 0(708) 84-40-08, 0(702) 84-29-11, (702) 84-29-11, 0(707) 55-77-87 же 102», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар