Вторник, 14 января, 2025
-10.9 C
Бишкек

Жоболоңдуу жолдор качан оңолот?

Урматтуу «Кыргыз Туусу» редакциясы, мен сиздердин гезитти дайыма алып окубасам дагы, айыл өкмөттөрдөн, мамлекеттик мекемелерден алып окуп калам. Гезитке дайыма элет көйгөйлөрү, олуттуу маселелер чагылдырылып, тарыхый, мазмундуу макалалар, маалыматтар жарыяланып жатканы мени кубандырат.

Өзүм Ат-Башы районунда тургандыктан дайыма бул жактын ар кандай маселелерине, элдин жашоо-турмушундагы жагдайларга кайдыгер карабайм. Мындан үч-төрт жыл мурун Ат-Башы-Өзгөрүш жолу боюнча активисттер, ат-башылык журналист жигиттер Президентке, транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоевге кайрылып жүрүшүп бул жолдун үчтөн бир бөлүгү асфальтталган болчу. Жолдун Ат-Башы тарабын кытай фирмасы, Баш-Кайыңды тарабын жергиликтүү ДЭУ жасаган.

Эми минтип ошол асфальт жол чекесинен оюла баштады. Буга ким жооп берип, ким аны кайра калыбына келтирет? Бул бир. Экинчиден, былтыр Ат-Башы көпүрөсү эки унаа баткыдай кеңейтилмек болуп бузулуп, бир топ убакыт элди бушайманга салып жатып акыры элдин жардамы менен анын курулушу бүттү. Бирок, көпүрө мурдагысынан көп деле өзгөрбөй, чоңураак байбиченин жамбашы баткыдай кууш боюнча эле калды. Буга мамлекеттен олчойгон каражат жумшалып, эл Ат-Башыга түз каттай албай канча кыйынчылык, чыгым тартты.

Деги бизде ушундай кайдыгерликке маани берген, шалаакы кызматкерлерге чара көрө турган орган барбы? Эгер Транспорт жана коммуникация министрлиги муну териштире албаса, Экономика министрлиги, УКМК жана башка тиешелүү органдар муну бир көзөмөлдөп койсо жакшы болот эле. Эң башкысы, 2023-жылдагы Элдик курултайдын резолюциясында ушул Ат-Башы-Өзгөрүш жолун толук бүтүрүү маселеси да камтылып, Президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Муну да өлкө жетекчилери эске алып коюшса дээр элем.

Мындан сырткары, учурда Нарын-Ак-Муз жолунун ашмалтайы чыгып, ары-бери каттагандар жандарын оозго тиштеп барып келишүүдө. Бул жол боюнча бир жигит камалганы болбосо, иш жылбай турат. Эл Нарынга, Нарын, Ат-Башы районундагылар Ак-Сай, Арпага каттоодо абдан кыйналып жатышат. Так ушул жол менен чет өлкөлүк туристтер Көл-Суу, Ак-Сайга катташат. Алар бул жолду көргөн соң экинчи бул жакка келбеси турган иш. Андыктан, ЖК депутаттары, тиешелүү мамчиновниктер ушул аталган жолдорду келип бир көрүп койсоңуздар. Бул жолдорду жергиликтүү тургундар видеого тартып соцтармактарга деле чыгарып жатышат. Аны чоңдорубуз неге көрмөксөн, билмексен болушат?! Же мындай маселелер чечилиш үчүн сөзсүз эле митингге чыгып, ызы-чуу кылуу керекпи?

Урматтуу Президент Садыр Жапаров, урматтуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ушул билдирүүмө көңүл буруп койсоңуздар жакшы болот эле.

Эсенбек ЖАКШЫЛЫКОВ, Ат-Башы району

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар