Урматтуу редакция, былтыртан тарта Бишкек шаарында чоң автобустар көбөйүп, ары-бери каттоо жакшырып калганы ырас. Кытай автобустарынын көбөйгөнү микроавтобустарга тыгылбай калдык.
Угушубузча бул автобустардын ар бири эле чоң акчага сатылып келиптир. Эми ушул колдо бар нерсени биз жакшы урунганды билбей жатабыз. Айдоочулар аңды-дөңдү карабай ургулап айдашса, анысы аз келгенсип жүргүнчүлөр аларды такси айдатып алгансып көрүнгөн жерде токтотуп жатышат. Айрым кууш жолдордо автобус-тар каршы тилкеге чыгууга аргасыз болуп жатат. Себеби, жолдун оң тарабына жашоочулар унааларын тизип коюшууда.
Мындай кооптуу жерлер шаардын көп жеринде бар. Бишкек мэриясы, Шаардык транспорт департаменти же жолду кеңейтип, же жол жээгиндеги унааларды алдыртпаса, бир күнү болбосо бир күнү чоң жол кырсыгы катталышы мүмкүн. Себеби жакында эле төрт-беш автобус автокырсыкка учураганы баарыбызга маалым. Эгер жакын арада тиешелүү жерлерге аялдамалар жасалып, айдоочулар ошол гана жерлерден жүргүнчү алып, түшүрүп турбаса бул автобустардан да бат эле кол жууп калышыбыз ыктымал. А кайра автобус сатып алуу миллион, миллиарддаган сом турарын азырынча эч кимибиз аңдабай жатабыз.
Менимче, ар бир жүргүнчү жоопкерчиликтүү болуп, автобустарды тиешелүү жерлерде гана токтотушу керек. Мындай аракетибиз менен биз элди тартипке чакырып, автобустардын эрте бузулушунун алдын алабыз. Мамлекетке келип жаткан бардык мүлк элдики, биздики. Ал башка бир чет өлкөлүк жарандыкы, мамчиновниктики да эмес. Коомдук транспорт көйгөйү эми гана чечилип келе жатканда ага ар бирибиз салым кошушубуз керек. Салымыбыз –автобустарды жөнү жок токтото бербөө.
Урматтуу шаардыктар, мекендештер, коомдук транспортту менчик транспортубуздай кадырлап, бааласак гана ал бизге көпкө кызмат кылат. Андыктан айдоочуларды жол эрежелерин туура сактап айдоого чакыруу менен өзүбүз да автобустарды аяйлы. Ошончо жүргүнчү, салмак менен токтоп, кайра жүткүнүү автобустун тетиктерине күч келтирет. Муну ар бирибиз түшүнүү менен кабыл алып, аялдамаларда гана токтотсок эң жакшы болмок. Бул айткандарыма эч ким деле каршы болбосо керек.
Акмарал БАТЫРОВА,