Күн мурун Улуттук банк 16 млн. 900 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.
Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 8-ирет чет элдик валютаны сатып алып, тескери интервенция жүргүзүүдө.
Учурда Кыргызстанда доллардын расмий курсу 1 доллар 87,54 сомду, евро 95,25 сомду түзүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 21-майда — 31,5 млн. доллар, 7-майда — 17,7 млн. доллар, 26-апрелде — 24,5 млн. доллар, 22-апрелде — 25 млн. 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн. доллар, 8-апрелде — 17,1 млн. доллар жана 29-мартта 9 млн. доллар сатып алган.