Мен жакшы ырларды улам кайталап окуганды жакшы көрөм.
Акын Бурулкан Сарыгулованын ырлары да мына ошондой улам кайталап окуткан ырлардын катарына кирет. Анын сыры – бул ырлардын купуялыгы, бир сырдуулугунда жана жандырмагы табышмак бойдон кала бергендигинде болсо керек.
Жолдогу ойлор
Калың кыш, тапталган жол жалгыз аяк,
Күнүгө мына ушинтип үйгө алпарат.
Катарда кар жамынган карт дарактар,
Үргүлөйт. Үстүнөн Күн турат карап.
Анда кар мындан дагы калың эле,
Биз кышка, ал да бизге байыр эле.
Сезимдер каныбызды удургутуп,
Чилдеге, борошого кайыл эле.
Кармашып колдор, дилде аруу тилек,
Көөдөндө тыбырчылап тентек жүрөк,
Ааламда сен, мен жана кышкы сүйүү –
Биз анда түк үшүгөн эмес элек.
Мына азыр ызгаар аймап жамалымды,
Кыртылдак кар жүдөтүп таманымды.
Тонумду жөөлөп кирип коюнума,
Ушу суук быйыл жаман таба кылды.
Көңүлүм азыр чыны, жукарып тур.
Биздин жол узак эле. Кыскарыптыр.
Бакытка балкып, жаркып эркелеген,
Агездин табы кетип, кыш калыптыр.
Сагыныч көзгө тартып карааныңды,
Келтирет улам артка карагымды.
Күндөрдү ак мармардай жаркыраган,
Кылчаят элем билсем табаарымды.
Үйгө бараткан жолдо, анан да кыш күнүндө, күндүн суугунда нелер ойго келбейт. Оболу үйдө жагылуу калган ысык мешти, күйгөн оттун ысык табын эстейсиң да, сенден алыс жүрсө да жүрөгүңө жылуулугун калтырып кеткен адам эсиңе түшөт. Неге дегенде, бул жылуулук ар бир жолу аны эстеген сайын сууктан үшүгөн денеңди жылытып турат да, ошол жылуулуктун табы өмүр бою сени коштоп жүрүп отурат.
“Жолдогу ойлордон” ошол жылуулукту сездим. Ал жылуулуктун алакандын отундай ысык табы – анын лирикалык каарманын, ырдын авторун эле жылытпастан, мен сыяктуу эле башка окурмандардын жүрөгүн жылытып, аны ширин ойлорго, таттуу кыялдарга жетелеп, жагымдуу өрөпкүтүп, делебесин козгой турганы шексиз.
Поэзиянын керемет күчү – акын өз оюн жеткире билип, жан дүйнөсүнө бейпил бербеген ширин сагынычы, таттуу кусалыгы менен окурманды ортоктош кылып, аны кандайдыр бир көз ирмемдерге лирикалык каармандын тагдыры менен ортоктош кыла алгандыгында эмеспи. Бурулкан Сарыгулова «Жакшысы, жаманы ким?» аттуу ырында окурманды да коендой окшош күндөр, көңүлгө сары майдай тийген жаттама сөздөр, ой-тетири каңгыган ойлор тууралуу ойго салат.
Биз, адамдар көп учурда күнүмдүк турмуштун кайдыгер, суз убактары өмүрүбүздүн маңызын соруп, түгөтө берерин көп аңдай бербейбиз. Ал эми мына ушул биз эмне жакшы, эмне жаман экенин ажырата албаган белгисиздик, чаржайыттык, боштук, иңир дүйнө акындын жүрөгүн жаралап өтүп, эсеңгиретип турат.
Жакшысы, жаманы ким?
Сөгүлөт мынча көңүл…
Көкүрөк бопбош. Уксаң…
Салбырап турат өмүр
Жадаган окшоштуктан.
Үмүттү шаты кылган
Ишеним бүтүп жатат.
Бозала болгон күндөр
Иңирди күтүп жатат.
Оң-тетир ойлор каңгыйт,
Каалгыйт кайдигерлик.
Ындыны өчкөн дымак,
Жокту да, барды жерийт.
Тап берет табын сезбей
Түтөөрүң. Кабагы – түн.
Будуң-чаң заман болду,
Жакшысы, жаманы ким?
Акындын ырларында агы ак, кызылы кызыл болуп, андагы айтайын деген автордук ой көзгө даана көрүнүп тургандай болгону менен, ал башка акын кыздарыбыздан айырмаланып, сыр жашырбай эмес, тескерисинче сыр жашырып, эмоциясын ичине катып, мөлт-мөлт тамганы турган көз жашын көргөзбөй, кусалыгын, сагынычын да эч бир жанга билбесин дегендей ойлуу жана туюк жазат.
***
Биздин көчө
Жамгыр жууп жатат биздин көчөнү,
Кол чатырлар каршы-терши жүгүрөт.
Эл катары шашкан болом мен деле,
0Колумдагы чатырымды жүрүлөп.
Эсим болсо миң ойлорду сапырат,
Арзуу менен куса жыттуу көчөдө.
Тагдыр бизди чачыратып жиберген,
Анда дагы дал жамгырлуу кеч эле.
Сырдуу, сындуу, бирок эбак жешилген
Биздин көчө… Асман түгөл сөгүлөт.
Качанкы бир ширин учур сагынтып,
Мен жамгырга, жамгыр мага өрүлөт.
Жамгырлуу кеч, жаштык, анан нак сүйүү…
Ошол болчу бактыбыздын өзөгү.
Аяганды, барктаганды биле албай,
Сен экөөбүз жайдак калган кез эми.
Адамда эч кимге айтылбай турган сырлар болот. Аны айтпай кое албайт да, ал сырды ким кандай кабыл алат деп ойлонот. Анан не бар, не жок ал сырларды кагазга катып болсо да айтууга аргасыз болот. Сөз артына, ырдын саптарына жашырып айтат.
«Жетелешкен жылдарда» «Биздин көчөгө» маанилеш сыр каткан ырлар көп. Ал ырлар купуялуулугу менен окурманды өзүнө тартып турат. Жогоруда айткандай, эч кимге айтпай турган сырлар ар бирибизде бар. Аны айтпай кое албайсың да, жок дегенде өз ичиңден болсо да ошол сырларыңды эстеп, эстеген сайын ичиң жылып, күмөн болуп, күдүктөнүп, ошол эч кимге белгисиз сырлар менен бактылуу көз ирмемди башыўан кечиресиң. Көз ирмемдерде болсо бактылуу жашайсың.
***
Аккан дүйнөнүн мемиреп аккан дарыя-дай бир сырдуулугун, жообу табылбаган табышмактуулугун бардык акындар жазышкан. Анда Б.Сарыгулованын кийинки ырын окуп көрөлү.
Февралда
Ємүрүн дагы бир кыш сүрүп бүтүп,
Апакай карды көздөр сүйүп бүтүп,
Темгилдүү февралдын дөбөсүндө
Телмирген караан турат жазды күтүп.
Тарабай сагынычтын бурганагы,
Ызылдап узап барат кырдан ары.
Көп ирет мына ушинтип ашып кетти,
Сыр катып, жетелешкен жылдар ары.
Көрүнүп аппак кыштан көктөм артык,
Эңсөөлөр бу көөдөнгө батпай калкып,
Эч кимге сырын бербей турган менен,
Көкүрөк көктөм жакка барат тартып.
Бул ирет кабыл болуп калса деген
Бир каалоо көйдө турат орноп бекем.
Агарган саамай менен отсуз көздү
Быйылкы көктөм деги тааныр бекен?
Куюну кыш узатаар февралдын,
Сапырып жатат минтип ойдун баарын.
Таптакыр эстегиси келбегендей,
Кайрадан кышты карай жол улаарын.
Ырды окуп жатып, кыял чабытың каяккадыр алыс кетет. Көрсө адам кышында да кусаланат экен, сагыныч менен жашайт экен. Эсиңиздеби, автордун «Жолдогу ойлорунда» да ошол сагыныч бар эмес беле!?
Бул эмне сагыныч? Бул эмне болгон кусалык? Суроолор артынан суроолор жаралат, жооп издеген болосуң, бирок таппайсың. Албетте, ал суроолорго ар кимдин өз ою, көз карашы болушу мүмкүн. Арийне, автор кайра эле кышты карай жол уланат деп жатпайбы. Жолубуз каерден бүтсө, жол кайрадан ошерден башталып жатат. Акындын ырларында табышмак катылган, ойлор туюк аяктайт дегендин сыры ушунда.
Андыктан, буга ар ким өзү жооп табышы керек. Бул ар кимдин кыял чабытына жараша. Автор «Февралда» мына ушул ойду айткысы келген деп окурманга өз оюбузду таңуулагыбыз келбейт.
***
Автордун «Айке жеңем» аттуу ырын окуп жатып, байыркы гректердин күкүнүс деген куш тууралуу аңызын эстедим. Күкүнүс – тирүүлүктүн, жаңы күндүн, түбөлүк жаңылануунун, өлбөстүктүн символу.
Айке жеңем
………………………………………………….
Айдай сулуу Айке жеңем бар эле.
Жүрөгү ак, жүргөнү да шар эле.
Кары-жашы тегиз мактап түгөтпөс,
Эстүү келин, анан мыкты жар эле.
Азык алып ошол Айке жеңемден,
Ашык элем абам эмес, бала мен.
Балалыгым куруп кетсин ошондо,
Жеңем ичтен сыздаганын сезбеген.
Анда кайдан ойломок бар алдыны,
Балалыктай болбостугун бардыгы.
Жок экенин арман толгон жашоого
Тең келерлик тирүүлүктүн кордугу.
Жаш чайыса каректерин жайнаган,
Күүгүм тартып кетчү бирок, айланам,
Жарк эткени «жан кишиге айтпа» деп,
Кайрып берчү кубанчымды кайрадан.
Таппай калдым бир күн таңда жеңемди,
Бала дүйнөм эси кетип элейди.
Кеткен бойдон бул айылга кайткан жок,
Алай-дүлөй ойлор менде көбөйдү.
«Кетпей койсоң сен бияктан не болмок,
Жеңил ойлуу, жаман жеңе» деп ойлоп,
Жек көрүүгө чөгүп дүйнөм ариет,
Агам эмес, мен калгамын боройлоп.
Түшүнгөндө төөдөй жүгүн сезимдин,
Жеңемди эстеп мен далайга эзилдим.
Көрүнбөдү таза дүйнө акактай,
Көздөрүнөн кийин келген келиндин.
Айке жеңем, аярым да, аялуум,
Билбей калдым такыр анын кабарын.
Тапты бекен чын ашыгын көксөгөн,
Жаш чайыбай жүрдү бекен жамалын.
Адам баласынын жашоосунда да куду күкүнүс куштукундай тагдырлар кездешет. Айке жеңенин тагдыры – күкүнүс куштун тагдыры. Айке жеңе да аял катары, адам катары өздүгүн жоготуп баратып, «өлүп» баратып кайрадан «тирилгиси» келет.
Бирөөлөр бул ырдан өлбөс дух, өлбөс касиет издеп, мени өтө эле ашыра айтып жиберген деп айыпташы ыктымал. Бери карап, нары карап ыйлаган Айке жеңенин тагдыры – аялуу тагдыр. Айке жеңенин образы – типтүү образ да.
Буга караганда, Айке жеңенин образы Ч.Айтматовдун Жамийласы менен тагдырлаш, Жамийланын образына окшошураак болуп кетет. Бирок, Айке жеңенин тагдыры таптакыр башка тагдыр. Айке жеңе сындуу тирүүнүн кордугун көрүп, тозокто жашагандай күн сайын чок басып жашаган жеңелер көп.
Ал эмнеден улам кетип калды? Буга ким, эмне себеп болду? Автор бул тууралуу сөз кылбайт. Эч кимди, анын ичинде агасын да айыптабайт. Болгону бир күнү таңында жеңесин таппай калганын эскере өтүп, анын ордуна келген келиндин көздөрүнөн Айке жеңесиникиндей акактай таза дүйнө таппаганына ызаланганын билдирет.
Бул бир үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдырында миң үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдыры бар. Анын тагдырында миңдеген аялдардын тагдыры менен окшоштуктар кездешет. Жашырганда эмне, канчалаган үй-бүлө сүйүүсүз жашайт. Бири-бирине түгөй эместигин билип туруп, инстинкт менен жашай беришет. Бирок, ал үй-бүлө бактылуу болуп да жарытпайт. Бири-бирине да жылуулук бере албайт.
Башканы гой, «Кары-жашы тегиз мактап түгөтпөс / Эстүү келин, анан мыкты жар эле» деп сыпаттаган Айке жеңе да канчалык кыйын, мыкты болбосун, лирикалык каармандын агасы күткөн бактыны бере албады. Сыягы, өзүн зордоп сүйө албады. Ошол үчүн кыз болуп кирип, босогосун аттаган үйдү таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул Айкенин трагедиясы.
Ырда: «Тапты бекен чын ашыгын көксөгөн, / Жаш чайыбай жүрдү бекен жамалын» – деп лирикалык каарман жеңесинин тагдырына сарсанаа болуу менен ыр аяктап жатпайбы. Чынында эле, бул ойго салчу нерсе. Айке жеңе деле бул үйдөн кетип, башка үйгө бүлө болуп, башка бирөө менен бактылуу болоорун ким билет?
Турмушта жүздөгөн үй-бүлөлөр куду ушундай, бири-бирин сүйбөй жашап өтө беришет. Бурулкан Сарыгулова мына ушул чындыкты, мына ушул үй-бүлөлүк трагедиянын чылбырынан бекем кармап, тизгиндеп калган.
***
Күкүнүс куш демекчи, адамзаттын башынан не заман өтпөдү. Көкүрөк өрөпкүткөн кубаныч да, акыр заманды көз алдыга элестеткен орду толгус кайгы да болду. Єз элибиздин тарыхын эле эстейличи, жылдыздуу сааттары да, кара булут каптаган, караңгы каптаган мезгилдер да болгон жокпу!?? Жат душмандар боюнда бар аялдардын курсактарын жарып, али төрөлө элек балдарды мууздаган алай-дүлөй мезгилдер таптакыр эле бүтпөчүдөй сезилип, жашоого жаралып калганыбыз үчүн Кудайга наалат айткан доорлорду да баштан кечиргенбиз. Ал кандуу жылдарга салыштырмалуу эгемендүүлүктүн 33 жылы кыйынчылыктар, ыўкылаптар, төңкөрүштөр баланын оюнундай эле нерсе.
Ошентип, биз бирде жер бетинен жок болуп кете жаздап, кул болуп жашап, түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын өрчүгөнгө үйрөндүк. Куду күкүнүс куш болдук. Эгемендүүлүктүн 33 жылында кыргыздар күкүнүс кушка айланып жашады. Түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын өрчүгөн касиетибиз менен, ар бир жолу өлүп баратып, канаттарыбызды өз күлүбүзгө чапкылап, тирилип жаттык. Жок болуп баратып, бар болдук.
«Жетелешкен жылдар» окурманды ойго жетелеген, улам кайталап окууга чакырган ыр жыйнак болгон. Ал – кыргыз элине мүнөздүү мына ушундай өлбөс дух, өлбөс касиетти чагылдырган ырлар бар экендиги менен күчтүү. Ал ырлар акындын Үркүн темасына арналган ырлары. «Күлөнбек», «Шаймерден», «Дудук кыз», «Кадыркул» аттуу ырларында андагы каармандарынын тагдыры аркылуу Үркүн жылдарында күкүнүс кушка айланып, өлүп тирилген кыргыз элинин тагдырын чагылдырып берген.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”