whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүү"Мектептер-2030" глобалдык форуму: Эстафета Кенияга расмий өткөрүп берилди

«Мектептер-2030» глобалдык форуму: Эстафета Кенияга расмий өткөрүп берилди

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кениянын билим берүү министринин орун басары Саломе Майнага 2025-жылы “Мектептер-2030” Глобалдык форумун өткөрүү эстафетасын тапшырды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына КР Министрлер Кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана мугалимдердин атынан терең ыраазычылык айтып, ар бир баланын сапаттуу билим алышы үчүн биргеликте күрөшүүбүз керек деп белгиледи.

Саломе Майна Кыргызстанга форумдун жогорку деңгээлдеги уюштурулгандыгын белгилеп, кыргыз элинин меймандостугун, жылуу мамилесин жана бай маданиятын эч качан унутпай тургандыгын билдирди. Буга кошумча ал форумдун жүрүшүндө өлкөлөр аралык терең пикир алышуу, талкуу жана тажрыйбалар менен алмашууга мыкты мүмкүнчүлүгүн түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 11-13-июнь күндөрү Бишкекте “Мектептер2030” III Глобалдык форумунда дүйнөнүн ар тарабынан келген 250 делегат мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлигин талкуулады.

Форум КР билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар