Кечээ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин сессиясында Административдик аймактык реформаны (ААР) жүргүзүү боюнча баяндама жасады.
“Реформага баруу эбак эле бышып жеткенине карабастан, канча жылдан бери ишке ашпай келе жаткан. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү биз үчүн жеңил болгон жок. Идеалдуу реформа кылуу кыйын, бир топ маселелер дагы да бар, биз бара-бара түздөйбүз”, – деди ал. МинКаб башчысынын айтымында, ААРдын максаты – айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү. Бул финансылык жана кадрдык ресурстарды натыйжалуу башкарууга жана пайдаланууга алып келет. Учурда 452 муниципалитет (айыл аймактар) болсо, ААРден соң, алардын саны 235ти түзмөкчү.
Ошондой эле А.Жапаров 1990-жылдан бери 40 район, 32 шаар, 452 айыл аймагы пайда болуп, анын: 62си – бир айылдан турган айыл аймактар, ошол эле учурда 10дон 20га чейин айылдын башын кошкон, элинин саны 30 — 50 миңге жеткен айыл өкмөттөрү болгонун, алардын арасында теңсиздиктер жана ажырымдар чоң болуп келгенин, эми “Бир айылга – бир айыл өкмөт, бир урууга – бир айыл өкмөт” деген принциптен кайтып жатышканын айтты.
Санариптештирүү үнөмдөөгө өбөлгө түздү
Айыл аймактын кызматкерлеринин саны кыскарган менен алардын ишинин көлөмү өзгөргөн жок. МинКаб башчысынын айтымында буга өлкө боюнча жүргүзүлгөн санариптешүү жараяны түрткү болду.
“Азыр эч ким айыл өкмөттүн имаратына келип маалымдама албайт, келсе да берилбейт! Баары “Түндүк” тиркемеси аркылуу 3 секундда алалышат. Учурда элдин 90%ы маалымдама үчүн айыл өкмөткө барбайт. Банктар көп документтерди сурабай калды” – деди А.Жапаров. Ал “Түндүк” порталынан 15,6 млн. жолу кызмат көрсөтүлгөнүн, муну менен элибиз 1 млрд. сомдон ашык каражатты жана 12,9 млн. саат убакытты үнөмдөшкөнүн, “үй бүлө курамы” жана “жашаган жери боюнча” маалымдамалар эң көп суралганын белгилеп өттү.
Ал белгилегендей, ААРдин дагы бир максаты – жакырчылыкка каршы активдүү даректүү жардамдарды күчөтүү. 2022-жылы 111 миңге жакын өтө жакыр үй-бүлө санарипке кирсе, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө кыскарган. Үч жылдын ичинде 13 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык контракт алып, 18 миңден ашык жумушчу орун түзүлдү. Быйыл дагы 23 миң өтө жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2,3 млрд. сом суммада каражат бөлүнөт.
Мындан тышкары А.Жапаров кадрдык потенциал күчөтүлүп, райондун акимдерине ыйгарым укуктар берилгенин, ротациялоо системасы менен “өзүбүздүн уул” деген принцип жоюлганын белгиледи.
Максат – 2050-жылы 200 млрд. долларга жетүү
А.Жапаров баяндамасында: “ªл-көнүн ИДПсы 2030-жылы 30 млрд. долл., 2050-жылы 200 млрд. долларга жетиши үчүн – айрыкча өз убагында маселелерди шарт-шарт чечип туруу үчүн биринчи кезекте ААРди ишке ашыруу маанилүү. Бизге мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга жардам бере ала турган – мобилдүү жергиликтүү бийлик керек”, –
деди.
Анын айтымында, айрым учурда эң эле жөнөкөй болгон сугат суу, таза суу маселесин чечүүдө “биздин айыл өкмөттүн суусун биз гана колдоно алабыз” деген тар түшүнүктөр, же кенди иштетүүдөн түшкөн каражатты биз гана иштетишибиз керек, башкалар менен бөлүшпөйбүз деген туура эмес түшүнүктөр чыгып келген.
“Айрыкча жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуда айыл аймактар техникалар жагынан бири-бирине жардам берүүгө мыйзам жол берген эмес. Аймактарды ирилештирүү менен – бул көйгөйлөр түп-тамыры менен чечилет”-деди А.Жапаров.
Ошондой эле МинКаб башчысы бул реформанын дагы бир түрткүсү – калктын социалдык көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү болгонун кошумчалады.
“ФАП же медпункт эмес, чоңураак толук кандуу медициналык мекемеге айланат. Президентибиз “Жаңы кадам” кеңешмесинде “аймактарга жөнөтүлгөн врачтардын айлыктары эки эсеге көтөрүлөрүн” айтты. Балдарды кароо үчүн 550 штат кошумча каралып жатат” – деди ал.
Жергиликтүү кеңештер 5 жылга шайланышат
Алсак, оптималдаштыруу максатында жергиликтүү кеңештин депутаттары 4 жылга эмес 5 жылга шайланышат, ал эми шаарларда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлагандай эле саясий партиялардын ичинен талапкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү шайлоочуларга берилет. Ошондой эле МинКаб башчысы буга чейин ААР пилоттук негизде Ысык-Көл жана Нарын облустарында ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн эске салды.
МинКаб башчысы парламентке айыл аймактарынын, шаарлардын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер, администрациялык-аймактык түзүлүш, ошондой эле 4 Кодекске (Жарандык, Жер, Турак жай, Бюджеттик), 10 мыйзамга, жалпысынан 14 мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында парламент Минкаб сунуштаган мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоого алды.