Кечээ Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев административдик—аймактык реформаларга байланышкан мыйзам долбоорлорун кароо учурунда айылдарга адамдардын ысымдарын ыйгаруудан алыс болууга чакырды.
“Мисалы Аксы районундагы ар бир айыл өкмөткө тарыхый жер-суулардын аталыштары, тагыраагы Сары-Челек, Кара-Камыш, Кош-Дөбө өңдүү ысымдар ыйгарылды. Эч кандай нааразычылык болгон жок. Ал эми адам аттары ыйгарылган жерлерде сөзсүз ычы-чуу чыгат. Анткени, кыргыздын мыкты уул-кыздары арбын. Алардын баарынын ысымдарын ыйгарууга айыл-кыштактарыбыз жетишпейт”, – деген Төрага бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.