Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

А.Жапаров Кара-Тоо айылындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
«2020-жылы курулуш башталып, мына бүгүн дээрлик 80 млн. сом сарпталып 275 орундуу мектеп болуп бүттү. Убагында эң мыкты сабак берип элдин алкышын алган Абдылдаев Шарыпбектин ысмы коюлган бул мектеп айылдын көркүн ачып, илим менен билимдин ордосу катары көптөгөн жакшы жаңылыктын себеби болоору шексиз»-деген МинКаб башчысы элеттиктерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар