Жогорку Кеңештин профилдик комитети мектептерде смартфон колдонууга тыюу салган мыйдам долбоорун жактырды.
Демилгечи болгон 12 депутаттын айтымында, балдар менен өспүрүмдөрдү телефондун терс таасиринен сактоо керек.
Мыйзам кабыл алсынса, мектеп администрациясы телефон колдонуунун ички тартибин иштеп чыгышы керек болот.
Буга чейин Садыр Жапаров Билим берүү министрлигине чөнтөк телефондорду мектепте колдонууга тыюу салынган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырган эле.