1-сентябрдан баштап Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, медайымдардын айлыгына 20%, кичи медперсоналдардыкына 10% кошулмакчы.
«Бул маселе чечилди. Президенттин жарлыгы даярдалып жатат. Ошондой эле колдоо катары 1-июлдан тарта айрым категориядагы дарыгерлерге 20 миң сомдон кошумча акы берилет», — деген Исмаилов.