whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
33.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭлектрондук тамеки колдонгондор үчүн 10 миң сом айып салынат

Электрондук тамеки колдонгондор үчүн 10 миң сом айып салынат

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети электрондук тамекилерди алып кирүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Бул тыюу салууларды бузгандар айып пул жана эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Алгач электрондук тамеки колдонгондор үчүн 400 миң эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, 40 миң сом айып пул салуу сунушталган. Бирок талкуудан кийин депутаттар айып пулду 10 миң сомго чейин түшүрүү чечимине келишти.

Вэйп колдонгон юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Электрондук тамеки сатуу үчүн жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган.

Ал эми электрондук тамекилерди ташып келүү үчүн 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазалоо сунушталууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар