whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
0.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешНурланбек Шакиев: "Эзелтен калыптанган ынтымакты жана биримдикти улантуу — баарыбыздын милдетибиз"

Нурланбек Шакиев: «Эзелтен калыптанган ынтымакты жана биримдикти улантуу — баарыбыздын милдетибиз»

«Эртеңибиз да, андан аркы келечегибиз бир болушу үчүн этностор аралык алаканы арттырып, түндүктү тиреген ууктардай бекем болушубуз керек,»- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын 10-жыйынында.

Ал кыргыз эли Улуу Ата Мекендик согуш маалында баш калкалап келген 300 миңдей адамды батырып, өгөйлөбөй өз бооруна тартып, айрыкча жаш балдарды өз баласындай асыраганын белгиледи.

«Согуштун алгачкы жылдары эле 41 балдар үйү Кыргызстанга көчүрүлүп, 3,5 миңдей бала Ала-Тоого алып келинген. Анын ичинен Ленинград блокадасында калган 150дөй баланы 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова аттуу апабыз өз карамагына алып, бакканын айта кетпесек болбойт. Андыктан тарыхты унутпай, эзелтен калыптанган ынтымакты жана биримдикти улантуу — баарыбыздын милдетибиз. Азыр мамлекетибизде 80ден ашуун этнос жашайт, алардын бардыгы — Кыргызстандын жарандары. Биздин тарыхыбыз бир, тагдырыбыз да окшош. Кубанычты да, кайгыны да бирге көрүп, турмуштун оош-кыйышын бирге тартып келгенбиз. Эртеңибиз да, андан аркы келечегибиз бир болушу үчүн этностор аралык алаканы арттырып, түндүктү тиреген ууктардай бекем болушубуз керек», — деди Шакиев.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар