whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
7.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат

Бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат

Кыргызстанда бүгүн, 28-июнда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылат.

Тагыраагы, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнда саат 9:00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар саат 11:00дө тапшырылат.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Санариптик билим берүү борбору» мамлекеттик мекемеси негиздеген «Күбөлүк» платформасы иштеп жатат. Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү Түндүк сервисинен алынат. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.

Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар