– Мен Нарын облусунун Жумгал районунда жашап жаткан эмгек ардагеримин. Акыркы убакта өлкөбүздө болуп жаткан, журөк кубандырган, эл көптөн күткөн окуяларга көнүлүңөрдү бургум келди.
Айта келсек, эң башкы жетишкендиктер – Президентти шайлоонун ийгиликтүү өтүшү, Конституциянын көп талкуулардын натыйжасында кабыл алынышы, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун тартип бузуусуз өткөрүлүшү, Балыкчы – Кара-Кече темир жолунун курулушуна старт берилиши, ГЭСтерди куруунун пландары жана башка маанилүү окуялар болду.
Мына ушундай ийгиликтүү иштердин башында өлкөнүн тагдырынын бардык түйшүктөрүн өз мойнуна алган чыгаан атуулубуз Садыр Жапаров чындык деп чыркырап, жеке кызыкчылыктан коомдук максатты жогору коюп, көздүн курчун, көкүрөктүн жалынын, жаштык курагындагы көп жылдарын алдыдагы маанилүү пландарын ишке ашырууга арнап келүүдө.
Элибиз 20-30 жыл үмүт менен күтүп келген “Кумтөр” ишканасынын мамлекеттин карамагына өткөнү ар бирибизге кубаныч тартуулады. Бул Кыргызстандын тарыхында жазылып кала турган эң маанилүү окуя болот.
Садыр Жапаров сөзүнө бекем, айтканына так турган жана чечкиндүү, тайманбас, эли-жери үчүн өмүрүн сайып койгон, мекенчил, демилгечил, өжөр, уюштургуч, дипломатиялык жөндөмү күчтүү, мекенибиздин эр жүрөк жигити экендигин далилдеди.
Кыргыз жигиттеринин иштери, Мекенге болгон мамилеси, бардык жүрүш-туруштары Садыр Жапаровдукундай болуш керек. Ат көтөргүс жүктү көтөрүп, элине ак кызмат жасап жаткандыгы үчүн эл ага ишенет, жакшы көрөт. Эл-журту анын ар бир иште шилтеген кадамынан көптү үмүттөнүшөт жана алдыдагы көп иштерине жардамдарын аяшпайт деп ишенем. Ошондуктан, бул жигитке ние-ти бузуктун сөзү, туура эмес пикирдеги адамдардын көзү тийбесе экен деп Кудайдан тилеп, «Жакшынын атын булгай албайсың, акылын уурдай албайсың» деген накыл кепти айткым келет.
Мамлекет башчысы ар кандай бут тосууларды, өзүнө каршы айтылган туура эмес ой-пикирлерди чыдамдуулук менен жеңип келе жатат. Жаңыдан шайланганда эле бул өлкөнү эч мамлекет тааныбайт жана өз ара катнаштар начарлайт деген сөздөр жүрө баштаган. Ал эми азыр дипломаттык энергиясы, жөндөмү күчтүү экен, көп мамлекеттер менен алака күчөп жатат. Натыйжада, Кыргызстан дүйнө картасында кеңири таанылган өлкө болуп, кошуна мамлекеттер өлкө лидерин кучак жайып тосуп алышууда. Президенттин аброю көтөрүлүп жатат.
Айрым адамдарыбыз көп жетишкендиктерге кубанмак турсун ар кандай нааразы сөздөрдү айтып жүрүшөт. Алар же убагында жумушка орношо албай калган ичи тар болушу ыктымал. Алар өздөрү жасай алышпайт же бирөөлөрдүн ийгиликтерине макул боло алышпай, жасалган жакшы иштерден кемчилик издеп, элдин көңүлүн алагды кылып жатышат.
Пейилди оңдойлучу, берекелүү элимдин мырзалары, кыз-келиндери.
Азыркы убакта көптөгөн иштерди пландаштырып, өлкөбүз өнүгүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизинде даана жол менен алдыга баратат. Кыргызстан бай жана күчтүү өлкө болот, элибиз бакубат тынчтыкта эмгектенүүсү үчүн мыкты жетекчибиз, эмгекти сүйгөн күжүрмөн элибиз, күч-кубаттуу белгилүү жигит-кыздарыбыз, кооз жерибиз, таза сууларыбыз, бай кендерибиз бар.
Жакшы иштердин көбүрөөк болушуна элдин биримдиги, ой-пикирлердин түздүгү, ичи тарлыктын жоктугу өбөлгө түзөт.
Өлкөбүз алдыңкылардын катарына кошулсун, алдыдагы максаттарды ишке ашыруу үчүн Кудайым Мамлекет башчыбызга күч-кубат, элибизге ынтымак берсин.
Журтуңа акжолтой ажо бол!
Жумакан ДҮЙШЕКЕЕВА,
Нарын облусунун ардактуу атуулу, 85 жаштагы эмгек ардагери