Жума башында Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болуп, анда депутат Надира Нарматова эл өкүлдөрүнө мамлекеттик органдар сырттан алынган кредит, гранттарды кандай пайдаланып жатканын текшерүү керектигин билдирди. Мындан улам биз да ушул темага кайрылып, тышкы карызыбыздын күнгөй-тескейине саресеп салып көрөлү дедик.
Ала бериш оңой, аткарыш кыйын
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 6 млрд. 280,54 млн. долларды (559 млрд. 503 млн. сом) түзөт жана быйыл мамлекет анын 400 млн. долларын төлөйт. 1995-жылдан 2023-жылга чейин ички, тышкы мамлекеттик карызды жабууга 350 млрд. 451,4 млн. сом сарпталган болсо, 2023-жылы аны тейлөөгө 344 млн. доллар жумшалган. Ошондой эле Кыргызстан 2025-жылы тышкы карыздын 430 млн. долларын, 2026-жылы 390 млн. долларын төлөөгө милдеттүү. Ошондо алдыдагы алты жылда тышкы карызды тейлөө үчүн 29 жыл ичинде төлөнгөндөн эки эсе көп акча каражаты керек болот. Демек, мамлекет жетекчилиги үчүн бул оңой жоопкерчилик эмес. Анын үстүнө Финансы министрлиги мамлекеттик карыз туруктуу экенин жана карыздык каатчылык боюнча орточо тобокелчилик бар экенин билдирип келет. Аталган ведомствонун маалыматы боюнча, 2024-жылдан 2030-жылга чейин 534 млрд. 914,2 млн. сом ички, тышкы карыздарды жабууга жумшалат. Ошентсе да Президент Садыр Жапаровдун айтымында, тышкы карызды саясатташтыруунун кереги жок жана Кыргызстан 2035-жылга чейин эски карыздардан толук кутулуп бүтөт.
Артка кылчайсак, 2020-жылга чейин тышкы карыз 5 млрд. долларга жакындап, “Датка – Кемин”, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорлорунан башка ири долбоорлор ишке ашкан эмес. Ошол эле кезде бул долбоорлор 40 жылда да өзүн-өзү актабай турган долбоорлор. “Мурда алынган кредиттер өзүн-өзү актоочу долбоорлорго жумшалбай, кумга сиңген суудай жок болгон. Акыркы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолуна, Датка-Кемин, ЖЭБге алынган кредиттер туура болгон. Бирок, көзөмөлдүн начардыгынан уурулук болуп бул долбоорлор бизге эки эсе кымбатка түшкөн. Бул долбоорлорду жарым баасына бүтүрүүгө болот эле, андай болгондо өзүн-өзү актоо мөөнөтү да кыска болмок. Эми бул карыздарды төлөө мөөнөтү келип аны төлөй баштадык”, – дейт “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде өлкө башчы. Чынында үч долбоор тең мамлекет үчүн өтө маанилүү долбоорлор. Бирок, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу эмдигиче толук аягына чыкпай, Бишкек ЖЭБинде да быйылкы кышта жарылуу болду. Мунун өзү 2020-жылга чейинки кредиттер “бармак басты, көз кысты” болуп келгенин айгинелеп тургандай.
Жегенди эле билбей, жети өлчөп бир кессек
Буга чейин, азыр да министрликтер, мамлекеттик мекемелер өлкөнүн кепилдиги менен миллиондогон грант, кредиттерди алган жана алып жатат. Ошентсе да көп тармактарда көзгө байкаларлык натыйжа жок. Учурда бүткүл адамзаттын алдында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суунун азайышы, жерлердин такырайышы, азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу глобалдык көйгөйлөр турат. Бирок, эгемендүүлүктү алгандан тарта биотүрдүүлүктү жакшыртуу, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо багытында миллиондогон кредиттер алынганы менен бул боюнча эч кандай мактанарлык ири долбоорлор ишке ашкан эмес. Башкасын айтпай эле мал чарбачылыгын алсак, малдын туягы көбөйгөнү гана болбосо жайыттарды өнүктүрүү, ветеринардык кызматты жакшыртуу максатында алгылыктуу иштер жасалган эмес. Анын залакасын эми көрүп жатабыз.
Саламаттык сактоо министрлиги көп иштерин гранттык каражаттардын эсебинен бүтүрүп келе жатат. Бирок, жылдан жылга мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелериндеги акыбал начарлап, жеке менчик клиникалар көбөйдү. Медициналык кызмат көрсөтүү акылары жогорулаганы менен туура, так диагоноз коюу, дарылоо сапаты жакшырган жок. Медицина, ветеринария тармагындагы гранттар тегерек үстөл, брифинг, мониторинг жүргүзүү сыяктуу пайдасыз нерселерге жумшалып кеткени да жалпыга маалым.
Жакында ЖК депутаттары “Кыргыз Республикасындагы ландшафттарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу макулдашуусун ратификациялоо учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сынга алышты. Көрсө, бул макулдашууда 6,5 миллион доллар мониторинг жүргүзүүгө жумшалары көрсөтүлүптүр. Ошондо бул долбоор боюнча Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк банктан 45 млн. доллар кредит, Туруктуу ландшафт боюнча глобалдык өнөктөштүктөн 5 млн. доллар грант жана 2,4 млн. доллар Корея менен Бүткүл дүйнөлүк банк өнөктөштүк фондунан 50 жылдык мөөнөт менен алат. Жалпы 52,4 млн. доллардын 6,5 миллиону тигинтип министрдин орун басары Азамат Мамбетов айткандай “сапаттуу мониторингге” эле кетип жатса, албетте, кредит, гранттардын максаттуу иштелип жатканына күмөн жаралбай койбойт. Бул жагынан алганда, ЖК депутаттарынын кредит, гранттардын иштетилишин көзөмөлдөө демилгеси эң туура. Министрлер Кабинети, Жогорку Кеңеш мындай маселелерге келгенде өлкө башчы айткандай, “жети өлчөп бир кесиши керек”.
Өзгөдөн албай, өздөн алган жакшы
Албетте, ЖК депутаты Дастан Бекешов айткандай, тыштан келүүчү каражаттарсыз өлкө экономикасынын өнүгүшү кыйын. Бирок, алынган каражатты максаттуу жумшап, тышкы карызды азайтууга аракет кылышыбыз керек. Бул жагынан азыр мамлекет туура саясат жүргүзүп жатат. Алсак, 2021-жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 905,49 млн. доллар болгон болсо, 2023-жылы ал 717,65 млн. долларга көбөйгөн. Бирок, ошол 717,65 млн. доллардын 50 пайызы тышкы карыз болсо, 50 пайызы ички карыз болгон. Башкача айтканда, мамлекет сырттан каражат алууну азайтып, өзүбүздүн мамлекеттик субъектилерибизден карыз алган. Бул мамлекет үчүн жакшы бурулуш. Себеби, ички карыздар улуттук валюта менен эсептелип, аны тейлөөдө валюталык тобокелчиликтер болбойт.
Учурда мамлекеттик карыздын 19 пайызы ички карыз болсо, 80 пайызы тышкы карыз. Арменияда мамлекеттик карыздын 40 пайызы ички карыз болсо, Кытайда мамлекеттик карыздын 80 пайызын ички карыз түзөт. Экономисттердин айтымында, Кыргызстан дагы акырындык менен ушул багытты көздөшү керек. Президент Садыр Жапаровдун акыркы үч жылда буга терең маани берип жатканын баамдасак болот. Буга анын өзүн 35-40 жылда актоочу Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолун куруу долбоо-рун тышкы карыздын эсебинен эмес, башка жол менен ишке ашыруу аракетин мисал кылсак болот. Ошону менен бирге эле буга чейинки бийлик тышкы карызды алууда анын гранттык курамына маани бербей келсе, учурда мамлекет 35 пайыздан кем эмес гранттык бөлүгү бар гана кредиттерди алууга аракет кылууда. Алынган кредит, гранттар жана мамлекеттин өзүнүн каражаттары максаттуу жумшалгандыктан өлкөдө ондогон мектеп, бала бакчалар, стратегиялык объектилер, жолдор, логистикалык борборлор курула баштады. Ошентсе да буга маашырланып калбай сырттан келген ар бир грант, кредиттин сарпталышын МинКаб тыкыр көзөмөлдөшү керек. Себеби, Акылбек Жапаров өзү айткандай, учурда Кыргызстан тышкы карыздарды төлөөнүн жогорку чегинде турат.
Өткөн өттү, эми мындан аркысын көзөмөлдөйлү
Кредиттер менен бирге эле өлкө бийлиги тыштан гранттарды тартып жатат. 2022-жылдын январынан 2024-жылдын январына чейинки гранттарга көз чаптырып көрөлү. 2022-жылдын апрель айында Германия өнүктүрүү банкы 10 млн. евро грант бөлгөн. Бул каражат фермерлер жана ишкерлердин техникаларын жаңылап, заманбап технологияларды колдонуусуна максатталган. Ушул эле айда Евросоюз Кыргызстандын билим берүү системасын колдоо үчүн 32 млн. евро берген. Бул гранттын алкагында инклюзивдик билим берүүгө жана мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, медиасабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө маани берилмек. А июнь айында Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергосекторун өнүктүрүүгө 25 млн. евро грант бөлсө, июль айында ЕРӨБ Ош облусунун ирригациялык системасын жакшыртууга 3,7 млн. грант бөлгөн. Ушул жылдын сентябрь айында Азия өнүктүрүү банкы “Саламаттык сактоонун регионалдык коопсуздугун бекемдөө” долбоорунун алкагында 20 млн. доллар грант бөлгөн. Ноябрда болсо ушул эле банк Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу, социалдык коргоо жана калктын аярлуу катмарына көмөк кылуусуна жардам катары 25 млн. доллар грант берген. Ошондой эле 2023-жылы январда Япония өкмөтү Бишкек жана Чүй облусунун ооруканаларына жаңы медициналык жабдыктарды сатып алуусуна 7,6 млн. доллар, апрель айында Германия өкмөтү Бишкек, Ош, Талас облустарындагы перинаталдык борборлорду жана кургак учукка каршы ооруканасынын курулушуна 4,5 млн. евро грант бөлүп берген. Кыскасы, эки жылда Кыргызстан жалпы 186,16 млн. доллар жана 70,2 млн. евро грант алыптыр. Муну сомго которсок 23 млрд. 411 млн. сом болот. Буга 2021-жыл ичиндеги жана 2024-жылдын беш айындагы гранттарды жана үч жыл ичиндеги алынган кредиттерди кошсок, өтө чоң сумма чыгат. Демек, сырттан ошончо каражат кирип жаткан соң анын натыйжасы да элге байкаларлык болушу керек.
Андыктан, ЖК депуттарынын грант, кредит боюнча чырылдап жатканына чычалоонун кереги жок. Башкасын айтпай эле, 2019-жылы макулдашылган Жашыл климаттык фондунун токойлорду жана жайыттарды өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга бере турган 29 млн. доллар кредитти алалы. Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги сегиз жыл ичинде эл аралык консультанттарга бул кредиттин эсебинен 923 миң доллар жана жергиликтүү эксперттерге 4 млн. 426 миң доллар бөлүү каралганын билдирген. Ошол себептен ЖК депутаттары Султан Айжигитов менен Чыңгыз Айдарбеков буга нааразы пикирлерин айтышкан. Айта берсек мындай мисалдар жок эмес.
Эң негизгиси, азыр өлкө башчысы Садыр Жапаров айткандай, кредиттер приоритеттүү, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго жумшалып, мурдагыдай жарымы иштетилип, жарымы уурдалбай калды. Өкүнүчтүүсү, өлкө башчысынын “Эгер мурда алынган кредиттерге киреше алып келе турган ири завод, фабрикалар, ири ишканалар курулганда бүгүн пайда көрүп жатмакпыз. Тилекке каршы, миллиарддаган кредиттер дайынсыз жоголуп, алар тышкы карызга гана кошулуп турган” дегени кашкайган чындык. Эми мындан аркыбыз түз болуш үчүн кредит, гранттар боюнча ачык отчёт берип турган орган да зарыл болуп турат окшойт.
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”