whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЫсык-Көлдө балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды

Ысык-Көлдө балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды

 Ысык-Көлдө «Ден соолук» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды. Бул тууралуу Салаламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Ден соолук» борбору кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде Чолпон-Ата шаарынан 5 мүнөттүк аралыкта жайгашкан. Борбор 5,1 гектар аянтты ээлеп, балдардын активдүү жана сапаттуу эс алуусу үчүн уникалдуу шарттарды сунуштайт.

«Ден соолук» борборунун аймагында коноктор өзүнчө ыңгайлуу пляжынан, өзүнчө жатакана имараттарынан, төрт маал тамактануучу ашканадан, спорт аянтчаларынан жана ар кандай иш-чаралар үчүн ачык аянтчалардан ырахат ала алышат. Күнү-түнү нөөмөтчү жана жогорку квалификациялуу медкызматкерлери бар медициналык пункт ар бир баланын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун кепилдейт.

Аталган борбордун максаты — бир гана эс алууну камсыз кылуу эмес, жаш муундун ар тараптуу өнүгүүсүн жана билим алуусун камсыз кылуу. Программада тажрыйбалуу адистердин көзөмөлүндө маданий жана эс алуу иш-чаралары жана спорттук мелдештер камтылган, алар борбордо өткөргөн ар бир күндү кызыктуу жана пайдалуу кылат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар