Лицейдин тарыхынан
Сүймөнкул Чокморов атындагы № 10 кесиптик лицей шаардын борбордук бөлүгүндө, Жаш Гвардия гүлбагында жайгашкан. Кесиптик лицей ачылгандан бери 84 жыл ичинде 50 миңден ашуун дасыккан жумушчу кадрларды даярдап чыгарды.
Окуу жайдын тарыхы 1940-жылга барып такалат, 1940-жылдын март айында ФЗУ (Фабрика завод училищасы) эт комбинатынын жана нан комбинатынын базасында кесиптик училищасы болуп аталган. 1962-жылы кайрадан Шаардык кесиптик-техникалык училища болуп аталып калды. 1979-жылдын 1-сентябрында Шаардык кесиптик- техникалык №10 училищадан Кыргыз ССР кесиптик билим берүү Мамлекеттик комитетинин №119 1979-жыл 3-июлдагы буйругунун негизинде №10 техникалык-училища болуп өзгөртүлөт. №10 техникалык училища кайрадан 1984-жылдын 1-сентябрынан баштап, Кыргыз ССРинин кесиптик билим берүү Мамлекеттик комитетинин №176 1984-жылдын 3-сентябрындагы буйругу менен №10 орто кесиптик-техникалык училища болуп аталат.
№10 орто кесиптик-техникалык училища Кыргыз ССРинин кесиптик билим берүү Мамлекеттик комитетинин №182 1989-жылдын 31-мартындагы буйругу менен 1989-жылдын 29-апрелинен тартып кесиптик-техникалык училища болуп өзгөртүлгөн.
№10 кесиптик-техникалык училища 1998-жылдын 8-апрелинде кайрадан №10 кесиптик лицей болуп өзгөртүлгөн.
№10 кесиптик лицей кайрадан уюштуруу жолу менен Сүймөнкул Чокморов атындагы №92 кесиптик лицейди кошуп, КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик билим берүү агенттигинин № 1/15 2019-жылдын 6-февралдагы буйругу менен бириктирилген.
№10 кесиптик лицей КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик билим берүү агенттигинин №7791 2019-жылдын 17-октябрында буйругу менен Сүймөнкул Чокморов атындагы №10 кесиптик лицей болуп аталып калган.
Окуу жай КР эмгек рынокторуна керектүү, дасыккан, атаандаштыкка туруктуу жумушчу кадрларды даярдап, Сүймөнкул Чокморов атындагы № 10 кесиптик лицей – КР эмгек рыногуна эл аралык стандарттарга ылайык коомдук тамактануу тармагында кесиптик билим берүүнү ишке ашырып келет.
Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы № 10 кесиптик лицей өлкөдө эң белгилүү окуу жайлардын бири. 80 жылга жакын өлкөнүн коомдук тамактануу жайларын квалификациялуу жумушчу кадрлар менен камсыздап келет. Учурда коомдук тамактануу тармагынын өнүгүүсү менен мектеп бүтүрүүчүлөр арасында, дегеле жаштар арасында бул окуу жайдын бедели күч.
Лицейге кабыл алуу жыл бою жүргүзүлөт, кыска мөөнөттөгү окутуу курстары жашы улуу жана жумушсуз калкты окутуу үчүн уюштурулган. Кесипке кызыктыруу иштери республиканын мектеп окуучулары арасында тынымсыз жүргүзүлүп келет. Буклеттер, видеороликтер даярдалып, “Ачык эшик” күндөрү, мастер-класстар, билим берүү фестивалдары, конкурстар окуу жайда байма-бай уюштурулуп, окуучулар байгелүү оорундарга ээ болуп келет.
№10 кесиптик лицей 2016-жылдан бери алдыңкы тажрыйбалар борбору катары иш алып барат. Өлкөдөгү кесиптик лицейлердин устат-окутуучулары окуп, бул борбордон маалымат алып, кесиптик чеберчилигин жогорулатып турушат.
№10 кесиптик лицей 2021-жылы “Билим-стандарт” көз карандысыз аккредитация өткөрүү агентствосу аркылуу көз карандысыз аккредитациядан өттү. Бул албетте окуу жай үчүн жаңы бийиктиктерге жол ачты.
КЕСИПТЕР
Технология бөлүмү:
-Ашпозчу;
-Кондитер;
-Чач тарач-визажист;
-Жарнак тармагындагы компьютердик графика боюнча дизайнер.
Кол өнөрчүлүк бөлүмү:
-Улуттук буюмдардын устаты;
-Улуттук буюмдарын жасоочу жана кийимдерин көркөмдөөчү;
-Жыгачтан көркөм буюм жасоочу;
-Зергер;
-Тикмечи;
-Тигүүчү.
Кыска мөөнөттөгү окутуу курстары:
-Чач тарач;
-Тырмак жасалгалоочу устат;
-Укалоочу;
-Официант;
-Тикмечи;
-Тигүүчү;
-Зергер;
-Ашпозчу;
-Кондитер;
-Ашпозчулардын, кондитерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары;
-Жарнак тармагындагы компьютердик графика боюнча дизайнер.
Биздин өнөктөштөр
- Кыргызстан ашпозчуларынын ассоциациясы;
- Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду;
- Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
- КРнын наабайчылар жана кондитерлеринин ассоциациясы;
- КТЖ ассоциация;
- Кыргызстандын кол өнөрчүлөр ассоциациясы;
- Кыргызстандын зергерлер ассоциациясы;
- Борбордук-Азия кол өнөрчүлөрдү колдоо ассоциациясы;
- «Кыял» улуттук кол өнөрчүлөр коомдук бирикмеси;
- ОсОО «Кыргызобщепит»;
- Эмгек жана социалдык камсыздоо, миграция министрлиги;
- Шаар калкын иш менен камсыз кылуу башкармалыгы;
Эл аралык долбоорлор
- 2019-2020 жыл: Мерсико – окутуу, жабдуулар менен камсыз кылуу, GIZ – окутуу, жабдуулар, JIKA – ыктыярчы;
- 2020-2021-жыл: Мерсико – окутуу, балдар тамактануусу боюнча – 80 видео сабактар тартылган, GIZ – коомдук тамактануу тармагы боюнча алдыңкы тажрыйба борбору ачылган, өндүрүштүк окутуу боюнча 60 видео сабак тартылган; жабдуулар, компьютердик техника берилген;
- 2021-2022-жыл: JIKA – ыктыярчы;
- Кыргызстан Эл аралык Университети;
- И.Раззаков атындагы КТУ;
Ишке орноштуруу
№ 10 кесиптик лицей борбордогу коомдук тамактануу жайлары менен жана туристтик сезон учурунда Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайлары менен тыгыз иш алып барат. Окуучулар өндүрүштүк практика өткөндөн кийин көпчүлүгү ошол жерде иш менен камсыз болушат. Азыркы учурда иш камсыз болгон окуучулардын саны 75-80% ды түзөт.
Материалдык-техникалык база
Окуу жайдын балансында үч имарат бар, жалпы аянты 7775 м2 түзөт. № 1 окуу имараты Жаш Гвардия гүлбакчасы, №2 окуу имараты Ала-Арча көчөсү, №35, №3 өндүрүш окуу имараты Курган көчөсү №1 дарегинде жайгашкан.
№1 окуу имаратында – 6 административдик кабинеттер, жыйындар залы, алдыңкы тажрыйба борбору, 29 окуу, 12 мугалимдер кабинеттери, 6 лаборатория жайгашкан.
№2 окуу имаратында – 14 окуу, 8 окутуучулар, методикалык кабинеттери, музей жайгашкан.
№3 өндүрүш окуу имаратында – 3 окуу, 3 окутуучулардын кабинеттери жайгашкан.
Окуу жайда 2 дене тарбия залы, 1 ашкана, 2 эмкана, 2 китепкана, 80 орунга ылайыкташкан жатакана бар.
Инженердик-педагогикалык кызматкерлер
Административдик башкаруу кызматкерлери 7, окутуучулар 19, өндүрүштүк окутуунун устаттары 40, кичи техникалык тейлөө кызматкерлер 54.
Бишкек шаарындагы №10 С.Чокморов атындагы кесиптик лицейде КККСдин элементтери камтылган БДЭ болуп жатат. Окуучулар экзамендерин ийгиликтүү тапшырышты.Окуу жайдын өнөктөштөрү болгон ишканалардан келген комиссия мүчөлөрү сынакты кабыл алышып, жаш адистерге каалоо-тилек, ар бир кесип ардактуу экенин айтышып, келечекте өз кесибин сүйгөн мыкты кесипкөй адистерден болушун каалап кетишти. Кесиптик билим – келечектеги ишеним!