29-июнь күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына жана эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата Президенттин “Инсандык руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын негизинде республикабыздын 1978-жылкы туулган жарандарынын арсында кичи футбол боюнча ынтымак мелдеши болуп өттү. Бул ынтымак мелдешине республиканын бардык райондорунан түзүлүп келген 40 команда катышып, футболдук беттештер өтө кызыктуу өттү.
Бардык райондордон келген командалар борборубуздагы “Алай” футбол комплексинде жана “Уста арена” футбол стадионунун футбол аянтчаларында беттешишти. Аталган турнирдин уюштуруучусу Алмазбек Тургуновдун айтымында, буга чейин волейбол боюнча республикалык турнирлер өткөрүлүп, ошол жерде футбол боюнча республикалык турнир өткөрүү сунуштары көп болгондуктан ушул иш-чара демилгеленип, аны каржылоо жагын Кара-Кулжа районунун тургуну, ишкер Жанарбек Машаев өз мойнуна алган.
Оюн боюнча айтсак, бул ынтымак мелдеште 40 команданын ичинен төрт команда (Кемин, Токтогул, Ат-Башы, Жети-Өгүз райондору) жарым финалга чыгып, төртөөнүн ичинен Ат-Башы менен Жети-Өгүз районунун футбол командалары финалдык беттешке чыкты. Жыйынтыгында Жети-Өгүз районунун командасы утушка ээ болду. Эртең мененки саат 9дарда башталган мелдештер кечке чейин уланып, күн батканда жыйынтыкталды.
Аталган ынтымак оюнун толук каржылаган Кара-Кулжа районунун ишкери Жанарбек Машаев жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөп, катышуучуларга, күйөрмандарга, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди. Андан соң ал ар бир командага катышкандыгы үчүн 2000 сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Буга удаа эле уюштуруучулар атынан турнирдин мыкты оюнчусу, мыкты чабуулчусу, мыкты коргоочусу, мыкты дарбазачысы, мыкты күйөрманынын ар бири 5 000 сом жана дипломдор менен сыйланышты. Мындан сырткары Казарман футбол командасына мыкты спорттук формасы үчүн 5000 сом тапшырылды. Баарынан кызыгы, бул иш-чарада жакшы оюн көрсөтө албай калган эки командага да колдоо катары 5 000 сомдон сыйлык берилди.
Ошентип жыйынтыгында 1-орунду алган Жети-Өгүз командасы 50 миң сом акчалай сыйлык, алтын медаль, чемпиондук кубок жана I даражадагы диплом менен сыйланды. 2-орунду утуп алган Ат-Башы командасы 30 миң сом, күмүш медаль жана II даражадагы дипломго татыктуу болду. 3-орунга жетишкен Токтогул командасына 20 миң сом, коло медаль, III даражадагы диплом менен тапшырылды. 4-орунду утуп алган Кемин районунун командасы 10 миң сом сыйлыкка ээ болду.
Бул саамалыкка чогулгандар бул турнирди мындан ары да улантып, эл ичиндеги биримдикти чыңдай беришерин билдиришип, жылуу маанай менен кайтышты. Турнирге катышкандар, күйөрмандар турнирди уюштуруунун башында турган Жанарбек Машаевге, Алмазбек Тургуновго, Авазбек Малаевге жана Азамат Мырзаибраимовго терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”
Ынтымактын аркасында канчалаган ийгилик жакшы иштер бар ,баракелде классташ ,достордой сырынды билген ,врынды ырдаган ,дарам создон тушунуп эс алып ,Чер жазып чон майрам болуп отту ,эмне демекчибиз классташ досубуз Кара-Кулжанын кулуну Маашаев Жанарбек досубузга ,Жана Кара-Кулжанын 78 жалкы досторубузга Аллахым ыраазы болсун! Жанарбектин достору тикесинен тик туруп майрамды шанга болошту ! Бар бол 78 !!!
Баракелде, азаматсыңар 1978ж. туулган жигиттер! ынтымак бар жерде — ырыс бар дегендей Элибиз дайыма ынтымакта болсун
Өтө сонун деңгеелде өттү,баардык райондон келген достор,классташтар менен тааныштык.
1-2-3-4 орунду алган досторду куттуктайбыз,физический күчтүү,чын мээнет менен орундарга жетишти.
Башка райондон келген досторго да ыраазычылык билдиребиз,кийинки турнирде күтөбуз .
Турнирди өткөргөн Машаев Жанарбек досубузга рахмат айтабыз,үй-бүлөөсү менен аман болсун,дайыма бийик-бийик максаттарына жете берсин!!!
Сонун саамалык!