Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Ар ойго салган “Алтын сертификат”

21-июнда май айындагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, эң жогорку упай топтоп, 2024-жылдын “Алтын сертификатын” алуу укугуна ээ болгон 56 окуучунун ысымы белгилүү болду.

Алардын катарына 21-23-июнда өткөрүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгы менен дагы 2 абитуриенттин ысымы кошулду. Алар – Ош облусундагы “Профессор П.К.Купуев атындагы Академиясынын” бүтүрүүчүсү Абдумалик Турсунов (231)  жана Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү Айчүрөк Ишенбекова (225).

Айта кетчү нерсе, Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы дагы Жалпы республикалык тестке катышып, 232 упай менен “Алтын сертификатка” ээ болгон. Алар май айындагы ЖРТга жүйөлүү себептер менен тапшырбай калышкан.

Быйыл эң жогорку упай – 234 баллды, эң төмөнкү упай – 225ти түздү. Көздөн учкан көк жээктей көрүнгөн 234 упайды Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу – Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү – Максат Оморов жана Талас облусундагы “Мээрим-Себат” Талас эл аралык кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу – Эльнура Эркинбекова алышкан.

Жалпысынан ЖРТ жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификат” алуу укугуна Бишкек шаарынан – 34, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болгон.

Артка кылчайсак, 2023-жылы 54 абитуриент “Алтын сертификат” алып, эң жогорку упай – 236, эң төмөнкү упай – 223 болгон.

Быйыл 224 упай алган Лулакова Лилия (Чүй облусу, В. Ф. Марков атындагы №1 орто мектеби), Тимофеев Петр (Чүй облусу, Д.Зубков атындагы №1 мектеп-гимназия), Төрөканов Марсел (Жалал-Абад облусу, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи), 223 упай алышкан Каргабаева Камила (Жалал-Абад облусу, З.Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейи), Эрмекова Луиза (Р.Санатбаев атындагы №9 мектеп-гимназиясы), Курманбек кызы Нуржанат (Талас облусу, М.Мамбетов атындагы орто мектеби),  Абдрахманова Сезим (Ысык-Көл облусу, Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектеби), Султангазиева Азиза (Ысык-Көл облусу, З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейи) “Алтын сертификатка” жетпей калышты.

2022-жылы ЖРТнын жыйынтыгы менен 57 мектеп бүтүрүүчүсү “Алтын сертификат” алып, эң жогорку упай – 235ти, эң төмөнкү упай 221ди түзгөн. Эгер быйыл да, ЖРТнын “Алтын сертификат” алчулардын эң төмөнкү упайы 221 болгондо быйылкы бүтүрүүчүлөр арасынан 222 упай алышкан Шумкарбеков Нурсултан (Баткен облусу, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи),  Чолпонкулова Раяна (Нарын облусу, И. Арабаев атындагы мектеп-гимназия), 221 упай алышкан Муктарова Ажар (Ош облусу, А.Тангатаров атындагы №14 мектеп-гимназиясы), Орозбекова Аиша (Талас облусу, Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясы) да “Алтын сертификатка” татыктуу болушмак. Тилекке каршы, быйыл эң төмөнкү упай 225 болгондуктан, алар “Алтын сертификат” алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты.

Дагынкысы бар дегендей, улам арылап жылган сайын суроолор ошончо көбөйө берет. Айталы, 2021-жылы 58 бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” ээ болуп, эң жогорку упай 232, эң төмөнкү упай 219 болгон. Ал эми 2020-жылы 53 бүтүрүүчү мыктылардын мыктысы таанылып, жогорку балл 229 болгон. Ал жылы да 219 упай менен “Алтын сертификат” алышкан.

Бүтүрүүчүлөр ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку балл алган жыл – 2019-жыл. Бул жылы Жалал-Абаддагы Курманбек Баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов 238 упай алган. “Алтын сертификат” алгандардын эң төмөнкүсү 221 упай болгон.

2018-жылы да ЖРТнын жыйынтыгы жакшы болгон. “Алтын сертификат” алгандардын упайынын эң жогоркусу – 237 упайды, эң төмөнкүсү – 221 упайды түзгөн. ЖРТ катышуучуларынын да жалпы орточо баллы өйдө көтөрүлүп, 119,4кө жогорулаган

Бул келтирилген мисалдардан көрүнүп тургандай, ЖРТны өткөргөн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бир жылы “Алтын сертификаттын” эң төмөнкү упайын 219 деп чектесе, бир жылы 221 деп чектеп, быйыл болсо 225 деп чектешкен.

Мунун себептери эмнеде? Бул боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеевага кайрылганыбызда, ал Билим берүү жана илим министрлиги “Алтын сертификат” берилүүчү бүтүрүүчүлөрдүн санына чек койгондуктан, “Алтын сертификатка” сунушталган бүтүрүүчүлөрдүн эң төмөнкү упайы бирде төмөн, бирде жогору болуп калганы ошондон экенин айтып, түшүндүрмө берди. Албетте, “Алтын сертификат” алчулардын саны чектелгени туура, ошентсе да ага татыктуулардын эң төмөнкү упайы ар жылы ар кандай болуп калганы коомчулукта түрдүү ой-пикирлерди жарата турганын да министрлик эске алышы керек деп ойлойбуз.

ЖРТ жыйынтыгы боюнча салт болуп калгандай, “Алтын сертификаттын” ээлеринин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү болуп калышууда. Андан кийинки орундарды Чүй, Ош шаары, Ош, Жалал-Абад облустары алып, кай бир жылдарда Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынан айрым бирден окуучу гана “Алтын сертификатка” эптеп илинип калып жатат. Бул деле ойлончу маселе деп ойлойбуз.

Дагы бир белгилеп койчу нерсе, “Алтын сертификат” алышкан бүтүрүүчүлөр арасында балдарыбызга караганда кыздарыбыз көбүрөөк. Ал эми мектептер арасынан, бүтүрүүчүлөрү көбүрөөк “алтын сертификат” алышкан билим берүү мекемелери катары  Бишкектеги №61 физика-математикалык багыттагы мектеп-лицейди, №70 мектепти белгилесек болот. Быйыл да №61 мектеп-лицейдин 7, №70 мектеп-гимназиянын 4 бүтүрүүчүсү “Алтын сертификатка” татыктуу  болушкан.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар