Туура тамактанган учурда организмге керектүү болгон бардык микроэлементтерди тамак-аштан алса болот, бирок көп учурда кошумча витаминдерди ичүүгө туура келет.
Ал эми витаминдер сууда эрүүчү жана майда эрүүчү болуп эки топко бөлүнөт. Кээ бир витаминдер сууда жакшы ээрип, организмде топтолбостон заара менен чыгып кетет. Ал эми майда эриген витаминдерди майлуу тамак менен (быштак, жумуртка, балык, май) жеген оң. Алар ичеги-карында сиңип, бирок убакыттын өтүшү менен организмде топтолмо жайы бар. Андыктан мындай витаминдерди керек болгон маалда гана колдонуу сунушталат.
Эртең менен иче тургандарга С жана В группасындагы бардык витаминдер кирет. Анткени алар адамга энергия берип, иммунитетти жакшыртат.
Күндүз, жарымын кечинде иччүлөргө май менен эрүүчү А, D, Е жана К витаминдери кирет. А жана Е витаминдери бири-бири менен жакшы айкалышкандыктан, аларды чогуу эртең менен же күндүз ичсе болот. Ошондой эле D жана К витаминдери бири-бири менен айкалышып, буларды күндүн экинчи жарымында ичүү сунушталат. Буларга С витаминин кошуп койсо да болот.
Микроэлементтерден темирди эртең менен ачкарын, тамактан бир саат мурун ичүү керек. Бул элементти кальций менен чогуу ичкенге болбойт. Ошондой эле чай, кофе, курамында кальцийи көп болгон сүт менен ичүү сунушталбайт.
Йод менен цинкти дагы эртең менен ичүү зарыл.
Кальций менен магний элементтерин түнкүсүн, уйку алдында ичүү керек. Алар тиш менен сөөктү бекемдеп, уйкуну жакшыртат.
А. АКИМБАЕВА