whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукРеспиратордук ооруларды дарылоо жакшырат

Респиратордук ооруларды дарылоо жакшырат

Саламаттык сактоо министрлигине дем алуу органдарынын ооруларын дарылоочу виброакустикалык аппарат берилди.

Аталган инновациялык виброакустикалык аппарат Борбор Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча эл аралык форумга катышуунун алкагында Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кайтарымсыз негизде берилди.

43 000 долларлык BARK VibroLUNG аппараты дем алуу органдарынын ооруларын дарылоону жакшыртууга багытталган алдыңкы медициналык технология болуп саналат. Ал калкып жүрүүчү жыштыгы (20-300 Гц) бар үн толкундарын колдонуу менен вибрациялык жана перкуссиялык көкүрөк массажынын салттуу ыкмаларын алмаштырат. Бул өпкөнү желдетүүнү жана дренажын жакшыртууга, дарылоонун натыйжалуулугун жогорула-тууга жардам берет.

Аппарат Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдүү пульмонология блогу (ИПБ) бар пульмонология жана аллергология бөлүмүнө орнотулат. Ал өпкөнүн обструктивдүү жана рестриктивдүү ооруларын, анын ичинде көкүрөк физиотерапиясын жана дем алуу жетишсиздигин дарылоодо колдонууга арналган.

Бул аппараттын жардамы менен өлкөдө респиратордук ооруларды дарылоо бир топ жакшырып, бейтаптарга натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар