whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүү134 окуучу "Алтын тамганын" ээси болушту

134 окуучу «Алтын тамганын» ээси болушту

«Быйыл республика боюнча 134 окуучу «Алтын тамганын» ээси болушту», — дейт Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшырып жатып.

Мэр Айбек Жунушалиев мыкты бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды, ал эми билим берүү уюмдарынын жетекчилерине ыраазычылык каттарды тапшырды.

«Республика боюнча 56 окуучу ЖРТнын алтын сертификатын алышты, алардын 32 борбордогу мектептердин окуучулары. Бул көрсөткүчтөр жыл сайын жакшырат деп ишенем. Анткени, силер биздин келечегибизсиңер. Биз силерден ата-мекенин сүйгөн, анын эртеңки жаркын келечеги үчүн күрөшкөн, анын өнүгүшүнө татыктуу салымын кошкон, ар намыстуу, жоопкерчиликтүү жана мекенчил инсан болуп чыгарыңарга бекем ишенебиз», — деди борбор калаа башчысы.

«Алтын» бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, көптөгөн шаардык жана республикалык сынактардын байге ээлери жана лауреаттары бар.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар