whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукАкылбек Жапаров медицина кызматкерлерине 26 унаанын ачкычын тапшырды

Акылбек Жапаров медицина кызматкерлерине 26 унаанын ачкычын тапшырды

7-июль – Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин төрагасы медиктерге 2024-жылы чыгарылган Toyota HILUX үлгүсүндөгү 26 пикаптын ачкычын тапшырды.

Ал медицина кызматкерлеринин эмгеги эң маанилүү, баа жеткис жана татаал экенин белгиледи.

«Биз бул унаалар эмдөө деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын ден соолугун коргоо үчүн өлкөнүн алыскы аймактарына вакциналарды өз убагында жана тез жеткирүүгө жардам берет деп ишенебиз», — деди Жапаров.

Белгиленгендей, унаалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Вакцина жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын «Вакциналарды жеткирүүнү колдоо программасы» грантын ишке ашыруунун алкагында сатып алынган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар