Ушул тапта калемдештердин ичинен поэзияга өзгөчө бороз салып, ошол эле кезде залкарларыбызды тынбай даңазалап келе жаткан Жуса КАСИЕТОВду окурмандар жакшы эле таанып калышты. Ырлары жазгы желаргыдай жеңил, жагымдуу, жөнөкөй жана өтө маңыздуу акынды кепке тартып, өзү, адабият, залкарлар тууралуу баарлаштык.
— Жуса алгач өзүң тууралуу билгим келип жатат, кай жердин кулунусуң? Чыгармачылыкка кантип аралашып калдың?
— Мен Нарын облусунун Кочкор районунан болом. Райондун борборунда чоңойдум. Атам Кочкордон, апам ушул эле Теңдик айылынан. Башталгыч класстарда Токтогул атабыздын үлгү насыят ырларын жаттатат эмеспи. Үйгө келип чоң апам Шарипа Султакеевага “Апа, мобуну жаттатчы” дейм. Чоң апам “Китебиңди жаап кой, мындай эле айтып берем” деп китептегиден да көлөмдүүрөөк кылып элдик вариантынан жаттатып коёт (Көрсө, жамакчылык биздин каныбызда бар экен). Аны сабакта айтып берсем мугалимдер таң калышчу. Ошентип жүрүп онго чыкканымда чоң апам 1994-жылы автокырсыктан каза болуп калды. Кийин чоң апамдын сиңдилери Күлүйпа, Сапина таежелердин жамактатып, турган жерден куюлуштуруп сүйлөгөндөрүн да көрүп калдым. Алардын жамактарын жазып да алдым.
Таежебиз белгилүү акын Шербет Келдибекованын апасы болгондуктан ал киши экөөбүз бир тууган бөлө болуп калабыз. Ошол эки таежемен чоң апам каза болгондо кантип кошушканын сурасам шатыратып айтып беришти. Кийинки күнү кайра айттырып кагазга жазып алдым. Ошондо алардын эс тутумуна бир таң калдым. Ушундай адамдардын тукуму болгон үчүн чыгармачылыкка аралаштым окшойт. А негизи сүрөтчү болгум келчү. Төкмө акын, комузчу болгум келип жамактатып бирдемелерди ырдап да жүрдүм. Кийин Аалы Токомбаев атабыздын “Кандуу жылдар” романын, “Өз көзүм менен” деген поэма-повестин, ырларын окуп жүрүп ага катуу таасирлендим. Анан Калык, Осмонкул аталардын ырларын, айтыштарын окудум. Ошентип жүрүп мени алгач поэзия эмес элдик оозеки адабият тартып кетти. Айтыштарды абдан жактырып окудум. Азыр көп айтыштарды жатка билем. Кийин замандаштарым менен бирге ырларды уйкаштырып жакшы жаза баштадым.
-Ошондо канча жашыңызда калем кармап жатасыз?
— Мен 13 жашка чыкканда биз шаарга көчүп келгенбиз. Ага чейин айылда короо толтура достор болуп керелден кечке ойночу элем. Шаарга келгенде айланамдын баары орус болуп калды. Аларга аралаша албай үйдө китеп менен алек боло баштадым. Ошондон тарта үзбөй китеп окуп келе жатам. Калемди болсо 14-15 жашымда кармай баштадым.
-Сиздин “Жуса” деген ысымыңыз өзгөчө экен. Бул кандай маанини билдирет?
— Атымды намазды үзбөй окуган чоң атам Касиет Табалдиев койгон экен. Ал киши Үркүндү, согушту көргөн киши болчу. Менден улуу Муса деген агам бар эле, 36 жашында кайтыш болуп кетти. Агамдын атына уйкаштырып Жуса деп койгонбу деп да калам. Анан чоң атамдын Жапар молдо деген кыйын досу болгон. Ал кишинин неберелеринин аттары Муса, Жуса, Иса, Аалы деп кетет. Ошого карап да бизге Муса, Жуса, Иса деп ат койгон окшойт. Муса – бул паймгамбардын аты. А менин ысымым эмнени билдирет билбейм, бирок, Россияда ушундай аталыштагы чоң дарыя бар экен.
-Окуган адамды кайдыгер калтырбай турган мыкты ырларыңыз бар. Буга чейин эмнеге китебиңиз чыккан эмес?
— Мен залкар акын, жазуучулардын көбү менен жолугуп, баарлаштым. Сооронбай, Сүйүнбай аталарды көрдүм. Азыр алардын көбүнүн көзү өтүп кетти. Учурда көзү тирүү Төлөгөн Мамеев, Акбар Рыскулов өңдүү аксакал аталардын жанында көбүрөөк болууга аракет кылам. Мындай инсандардын ырларын, чыгармаларын окуган сайын “Ошолордун деңгээлине жетсем, поэзияда бир бийиктик бар болсо керек, ошого чыкканда гана китеп чыгарсам” деген ой менен жашап келдим. Эми буюрса ушул күздө китеп чыгарсамбы деп турам. Ошентсе да мен китеп чыгарганга көп шашылган жокмун. Анткени, буга чейин “Каап, дагы беш-алты жыл чыгарбай коё турсам болмок экен. Китебиме чийки, чала бышкан ырлар кирип кетти” деп өкүнгөндөрдү көп көрдүм. Анын үстүнө Сагын Акматбекованын ырындагы “Кантип сени кайрыйм элдин колунан, Чийки, начар чыгып кеткен китебим” дегенин окуп калдым. Ошондон улам да кетенчиктеп келдим. Менимче, китеп он, жыйырма жылдан кийин да катасыз болуп, окурманды өзүнө тартып турушу керек. Ушундай китеп чыгарсамбы деген оюм бар. Албетте, ырлардын баары эле жакшы чыга бербейт экен. Он ыр жазсаң анын үчөөсү жакшы болуп, калганын кайра иштеп чыгайын деп коюп коёсуң.
— Ооба, сиз айткандай окурманды өзүнө тарткан чыгармалар, китептер арбын. Бирок, айрым учурда мыкты чыгарманын автору мыкты адам болбой жатпайбы?
— Ырды, талантты мен негизи ыйык көрөм. Кудай аны жакшы көргөн адамдарына берсе керек. Акындар элдин жан дүйнөсүн агартып туруучу адамдар болуш керек. Ал үчүн акындар өзүбүз таза жүрүп, ак болушубуз керек. Тилекке каршы, мага азыр чыгармачыл чөйрө абдан кирдеп калгандай сезиле берет. Себеби, кайсыл жакка барба сөзсүз бир ушак угасың. Жан дүйнөсүн таза кармап, талантты бийик тутуп жүргөн адамдар андай болбош керек менимче. Акын жаман нерседен алыс жүрүп, калыс болсо дейт элем. Айрым калемдештерге чындыкты же сын айтып койсоң аны туура кабыл алуунун ордуна кайра капкайдагы сөздөрдү жамап-жазгап элге жайып, “Бул сынып, өчүп калса экен” дегендей мамиле кылышат. Мындай адамдардан кандай ыр чыгат?! Көкүрөк, жүрөк таза болбосо, пейили кенен болбосо ал адамдан жакшы ыр күтпөй эле коюш керек.
-Фейсбук баракчаңызда “Эстей жүрөлү” рубрикасынын астында кыргыздын мен-мен деген залкарларынын өмүр баяндарын, чыгармаларын жарыялап келе жатасыз. Бул атайын долбоорбу же өзүңүздүн эле аларды эскерүү аракетиңизби?
— Мен чоң ата, чоң апанын колунда өсүп калгандыктан кары адамдарды жакшы көрөм. Анын үстүнө Бишкекке көчүп келгенге чейин эле залкарлар дегенде ичкен ашымды унутуп койчумун. Кайсы бир жылы Кочкордо Сагымбай Орозбаков атабыздын 125 жылдыгы өтүп, анын сүрөттөрү жайнап чыкты. Ошолорду чогултуп алгам кичинекейимде. Токтогул атабыздын “Эне тил” китебиндеги сүрөтүн айрып калганым да эсимде. Азыр деле мындай залкар аталарыбыздын сүрөттөрү, китептери менде абдан көп. Аларды күн алыс көрүп, окуп турам. Комузчулук, дастанчылык, акындык, жазма акындыктын баштоочулары, өркүндөтүүчүлөрү, жеткирүүчүлөрү да ошолор. Кечээги эле Эстебес, Тууганбай аталар эстелбей жатат. Анан кантип Калык, Осмонкул аталар эстелип, эскерилсин. Алардын ырлары бирин-серин ырдалып, мааракелери өткөрүлгөнү менен башка убактарда жым-жым. Каза келсе мындай инсандардын баа жеткис мурастары бар. Ошолорду Улуттук жазуучулар союзу колго алып, китеп кылып чыгарса болот эле. Мисалы, Абдыкалык Чоробаевдин эмне деген мыкты чыгармалары бар. Актан Тыныбеков атабыздын кыргыздын каада-салттары, улуттук оюндары боюнча китеби бар. Белек Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхы” китебин алгачкы тарых катары кайра басышыбыз керек. Мына ушулардын баары көлөкөдө калып калды.
Мен 16 жашымда Белек Солтоноевдин “Урумкан” деген поэмасын окуп калдым. Ал кишинин мугалим баласы Баткен тарапка иштеп барып, ооруп калып Сүлүктүгө коюлуп калган экен. Ошол окуяны акын ырга салып, атанын балага болгон сүйүүсүн, мээримин укмуш ачып бериптир. Мындай чыгармаларды окуганда темир адам деле жашып кетсе керек. Жакында ошону терип “Фейсбукка” чыгарайын деп жатам. Ушундай чыгармаларды жараткан аталарды, апаларды кантип эстебейбиз. Эстешибиз керек. Калык, Осмонкул, Алымкул аталарыбыздын эмне деген мурастары бар. Алымкул атабыздын Аксыга барганда Калбото, Орозмат деген акындар менен айтышканы эң сонун чыгарма. Ошондойлорду кимдир бирөө жазып, чыгарып турушу керек го. Мындайлар УТРКнын “Алтын казынасында” бар. Алсак, Мураталы Күрөңкеевдин 80 жылдыгы Кеминде тартылыптыр, жанында кадимки Ысак Шайбеков отурат. Жамбыл Жабаевдин 90 жылдыгында Калык, Алымкул аталардын ырдап жаткан видеосу жүрөт. Ошондойлорду ютуб канал аркылуу элге жайылтсак эмнеге болбосун. Мисалы, М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдагы ар бир өткөн концерттин алдында Мураталы атабыздын видеолору көрсөтүлүп турса келечек муун өрнөк алмак. Ал кишинин өзүнүн аткаруусундагы 1936-жылы тартылган “Кайра качпа” деген кыл кыяк күүсү бар экен. Ушундай нерселерди телевидение, радиодо иштегендер байма-бай алып чыгып турса сонун болот эле. Ошол эле Мамбетаалы Ашымбаевдин, Мамбет Чокморов, Молдобасан аталардын манас айткан видеолору бар экен. Ошолорду чыгарышыбыз керек да. А мен колума тийгенин чыгарып, кыргыз залкарлары унутулуп калбасын деген аракетимди көрүп келатам.
— Бул аракетиңизди аттуу-баштуу маданият өкүлдөрүнөн колдогондор болдубу?
— Ыраазычылык билдиргендер көбүнчөсү жөнөкөй адамдар. Анан залкарлардын бала-чакасы анда-санда жакшы пикир айтып калып жатышат.
-Өзүңүз кырктын кырына келипсиз. Буга чейин эмне иш кылдыңыз, учурда эмне менен алексиз?
— Убагында шарт ушундай болду. Мектептен кийин эле иштеп кетип жогорку билим алган жокмун. Анан ыр жазып, жөнөкөй, карапайым турмуш кечирип, элге деле чыкпайм го деп ойлогом. Анча-мынча элге атым угулуп, алдыда көп иштерди жасоо максатым пайда болгондон кийин жогорку билим алышым керек экен деп ойлоно баштадым. Быйыл Какен Алмазбеков атабыздын 90 жылдыгы экен. Ошого карата ал кишинин болгон ырларын, дастандарын, “Бир баян”, “Кыргызым чолпон жылдызым” деген көлөмдүү дастандарын архивден алып, терип, басмага даярдап карындашына бердим. Жакында Шербет Келдибекованын китебин баштайын деп жатам. Ал кишинин союз убагында жука төрт китеби, кийин 2005-жылы бир китеби чыгыптыр. Ошо бойдон чыга элек экен. Анан бир туугандары менен кеңешип жакшы бир китебин чыгарып коёлу деп жатабыз. Андан сырткары бир топ айтыштарды терип койдум. Ошолорду өзүнчө бир китеп кылып чыгарсак өтө сонун болот эле.
Жеке эле жазма, төкмө акындар эмес, Мыскал апа, Жапар Чабалдаев сыяктуу салттуу музыка өкүлдөрүн даңазалашыбыз керек. Мен бул кишилердин анча-мынча видеолорун чыгарып коюп жатам. Себеби, азыркы студенттер комуз чертет деп эле шарактатып чертип жатышат. А ырдап жатканда комузду терип чертиш керек. Ырды комуз менен коштоо өзүнчө бир талант. Анын мыкты үлгүлөрү ошол Жапар Чабалдаев атабызда бар. Ошон үчүн ал кишинин видеосун азыркы комузчуларга дайыма көрсөтүп турушубуз керек. Албетте, мен комузчу, музыкант эмесмин. Бирок, залкарларды көп уккан киши катары азыркыларга көп ичим жылыбайт. Дастан айтуу боюнча Жолболду Алыбаев атабыздан үйрөнсөк болот. Шекербек Шеркулов, Алымкул аталардын комуз черткендери, Атай Огомбаевдин “Ой, булбулду” ырдаганы эмне деген керемет! Бул ырды ар бир залкар ар башкача аткарыптыр. Азыркылар болсо эки куплеттен кийин эле жоо кууп келе жаткандай бат ырдап кетип жатышат. Кыскасы, көмүскөдө калган ушундай көп мурастарды элге алып чыгып, чыгармалардын оригиналдарын элге жеткирүү аракетин көрүп жүрөм.
(уландысы бар)
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”