Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарындагы селден кийинки калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тартылган 131 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтары жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда турак үйлөргө, жертөлө жана сарайга кирген сел калдыктары тазаланды.
Жергиликтүү эл калыбына келтирүү иштеринин ыкчам бүткөрүлгөндүгү үчүн куткаруучуларга өз ыраазычылыгын айтышты.
Ал эми аталган аймактарда инженердик техникалардын жардамы менен сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, 10-июлда жааган нөшөрлүү жаандан Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел жүрүп, түнү бою кооптуу тилкеде жашаган жарандар эвакуацияланган болчу.