Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Суусуз калганыбыз жакшыбы же сугарганыбызбы?

Акыркы жылдары Бишкек шаарында жана борборубуздун айланасындагы жаңы конуштарда ичүүчү таза суу көйгөйү күч ала баштады. Былтыр суунун жетишсиздигинен шаардын айрым участокторунда суу берүүгө чектөөлөр киргизилип, натыйжада айрым жаңы конуштар суусуз калган учурлар болду. Буга нааразы болгон жаңы конуш тургундары митингге чыкканы да маалым. Быйыл суу жетишсиздиги көйгөйүн чечүү үчүн Бишкек мэриясы бир топ жердеги суу түтүктөрүн жаңылоо менен бирге  эсептегичи жок абоненттер үчүн суу пайдалануунун жаңы нормасын бекитти. Шаардыктар бул карапайым калктын капчыгына бир топ оордук жаратарын айтышса, Бишкек мэриясы менен «Бишкек суу канал» ишканасы суу тарифи өзгөрбөгөнүн, ичүүчү сууну элге текши жеткирүү максатында суу пайдалануу нормасы гана жогорулатылганын билдирүүдө. Бул маселенин күнгөй,  тескейин карап көрөлү.

Мэриянын жүйөсү кандай?

Бишкек мэриясынын 11-июлдагы маалыматы боюнча Бишкекте жалпы 278 488 абонент болсо, анын 100 612си жеке сектордун (жаңы конуш) тургундары. Жеке сектордун 2 668 (2,7 пайыз) абонентинде гана суу эсептегич коюлган болсо, көп кабаттуу үйлөрдүн 47 пайызында суу эсептегич бар. “Жеке турак үй ээлери сууну көп пайдаланышканы менен көп кабаттуу үйлөрдүн кожоюндарына караганда сууга аз төлөшөт. Айрыкча жайкы мезгилдеги там аркасын сугаруу, бассейндерди толтуруу учурунда бул ачык байкалат. Буга чейин Бишкектин жеке секторунда эң төмөнкү суу пайдалануу нормасы (суткасына 35 литрден 310 литрге чейин) иштеп келген. Ошол кезде көп кабаттуу үйлөргө стандарт  боюнча суткасына 310 литр суу пайдалануу нормасы бекитилген»,-делет мэриянын билдирүүсүндө. Ошол себептен Бишкек шаардык кеңешинин колдоосу менен 5-июлда жеке сектор үчүн суткасына 350 литр суу пайдалануу нормасы киргизилген.

Сууну үнөмдөө жакшы, бирок…

Учурда борбор калаабыздын айланасында 54кө жакын жаңы конуш бар экенин эске алсак ал жердеги элди толук кандуу суу менен камсыз кылуу чынында кыйын. 4 же 6 сотыхтан жер участогун ээлеген жеке үйлөрдө албетте, там аркасы (огород), мөмөлүү бак-шактар бар экени талашсыз. Жаңы конуштардын дээрлик бардыгында арык менен келе турган сугат суу жок болгондуктан карапайым эл буга чейин там аркасын, бак-шагын ичүүчү таза суу менен сугарып, унааларын, килем, паластарын жууп келишкен. Айрым жаңы конуш тургундары ичүүчү сууну үнөмсүз колдонуп, күнү-түнү агызып коюшкандыктан «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы күндүз сугарууга тыюу салып, абоненттер үчүн жайкы сезон убагында өзүнчө төлөм бекиткен. Тилекке каршы, бул тартип-эреже да ичүүчү таза сууну үнөмдөөгө шарт түзбөй, айрым жаңы конуштарга, шаар участокторуна суу жетпей калган учурлар көп болгон. Сезон учурундагы атайын төлөм да өз убагында төлөнбөгөндүктөн былтыр «Бишкек суу канал» мекемеси ал норманы жокко чыгарып, бак-дарактарды, там аркасын  сугарууга, килем, унаа жууганга таптакыр тыюу салган. Быйыл минтип «Бишкек суу канал» мекемеси ошол чектөөнү күчүндө калтыруу менен бирге эле жеке сектордун суу пайдалануу нормасын суткасына 350 литр деп бекитип отурат.

Албетте, ичүүчү таза суу текши жетпей жатканда мындай чаралар керек. Бирок, ошол эле кезде бишкектиктердин саламаттыгы, абанын тазаланышы маселесин ким ойлойт?! Себеби, жаңы конуштардагы бак-дарактар суусуз куурай баштаса ансыз да унаалардын, Бишкек ЖЭБинин, Бишкек шаардык таштанды полигонунун, кышкысын үйлөрдүн ыш-түтүнүнөн тазалана албай жаткан аба эки эсе кирдеп баштайт. Экинчиден, суу тарифинин жогорулашы социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө кошумча чыгым пайда кылат. А акча каражатынын жетишсиздиги кайра эле калк саламаттыгынын начарлашына алып келет. Андыктан, Бишкек мэриясы менен «Бишкек суу канал» мекемеси муну да эске алуулары керек эле.

«Суткасына 350 литрди кайдан таап чыгышты?»

Жаңы конуш тургундарынын айтымдарында, ичүүчү таза сууга болгон төлөм буга чейин да эки жолу кымбаттаган. Калыс-Ордо жаңы конушунун тургуну Ырысгүл Кожокееванын айтымында, буга чейин алар ичүүчү таза сууга киши башына 16 сом 36 тыйындан төлөп келишсе, 2020-жылдан тарта төлөм киши башына 24 сом 64 тыйынга чыккан. 2023-жылы таза суу төлөмү киши башына 31 сом 79 тыйын болгон. «Ушинтип эле ар жылы муздак суу төлөмү эч негизсиз, элге эскертилбей туруп эле көтөрүлүп келе жатат. Эми июлдан тарта суу пайдалануунун жаңы нормасы боюнча киши башына 150 сомдон төлөй баштайт экенбиз. Мисалы, биздин үйдө балдарым, неберелерим менен 7 киши жашайбыз. Майып балам бар. Ошондо биз айына 1050 сом сууга эле төлөйбүз. Мындан сырткары электр энергиясы, таштанды, жер салыгы деген бар. Жылдан жылга электр энергиясы да кымбаттап, таштандыга болгон төлөм да жогорулап бара жатат. Мамлекет маянаны көтөргөн менен минтип баары кымбаттай берсе кантип жан сактайбыз?! «Бишкек суу канал» бир адам суткасына 350 литр суу коротот деп эсептептир. Мисалы, менин үй-бүлөмдүн ар бири суткасына 350 литр суу пайдаланбайт. Муну кайдан таап чыгышканына таң калып жатам. Айып пул салабыз деп текшере беришип мурдагыдай там аркасын, бак-шакты деле сугарбай калдык. Өзүбүз шаардык таштанды полигонуна жакын болгондуктан аба биз жакта ансыз да таза эмес. Элдин эптеп өстүргөн бак-дарактары куурап калса балдардын өпкөлөрү, ден соолугу эмне болот билбейм?» – дейт зээни кейиген Ы.Кожокеева.

«Мындай баа Бишкекте гана бар»

Жаңы конуш тургундарынын муң-зарын уккан соң суу тарифинин жогорулашы боюнча «Бишкек суу канал» мекемесине кайрылдык.  «Киши башына 150 сом болду деген туура эмес. Болгону суу пайдалануу нормасы өзгөрдү. Эсиңиздерде болсо, илгерки союз кезинде жол жээктериндеги колонкалардан эл суу ташып ичкендиктен бир адамга суткасына 35 литр суу деген норма бар болчу. Ошондой эле суу түтүгүн короосуна киргизип алгандарга суткасына 100 литр суу деген норма бекитилген. Бүгүнкү күндө суу түтүктөрү үйлөргө киргизилгендиктен бул нормалар актуалдуу эмес. Азыр Бишкек шаары боюнча көчөдөгү колонкадан суу ташып ичкен 62 абонентке суткасына 50 литр суу нормасын чыгарып бергенбиз. Ал эми башка абоненттердин баарынын суусу үйдүн ичинде. Алардын көбүндө ванна, душ, кир жуучу машина, суу жылыткыч бар. Ошолордун баарын эске алуу менен бүгүнкү күндө жеке секторго суткасына бир адамга 350 литр суу деген норма кирди. Ага чейин жеке сектордо суткасына 160 жана 175 литр суу деген нормалар бар болчу. Көп кабаттуу үйлөрдө болсо 2009-жылдан бери бир адамга суткасына 310 литр суу деген норма иштеп келе жатат. Себеби аларда ванна, унитаз, душ, суу жылыткыч бар. А жеке секторго суткасына 350 литр кылганыбыздын себеби, биз Арча-Бешик жаңы конушундагы айрым абоненттерге суу эсептегичтерин коюп эсептеп көрсөк жылдык орточо эсеп менен 350 литр чыкты. Албетте, күзгү, кышкы мезгилдерде алар аз колдонушу мүмкүн. Бирок, жайкысын жеке сектордогулар сууну көп колдонгондуктан орточо норма 350 литр суу болуп бекиди.

Албетте, азыр сиз айткандай эл сууга болгон төлөмдү кымбат деп жатышат. Бирок, бул базар баасына салыштырмалуу өтө эле арзан. Мисалы, ошол эле 150 сомго азыр дүкөндөн эки бөтөлкө гана суу алса болот. Азыр кадимки эле бир бөтөлкө «Легенда» суусу 60 сом болуп жатпайбы. А 150 сомго абоненттер ичүүчү таза сууну бир ай кенен пайдаланып жатышпайбы. Баса белгилей кетсем, таза сууга болгон тариф мурдагыдай эле бир куб метрине 10 сом 45 тыйын боюнча эле калып жатат. Суу эсептегичи бар абонент ушул тариф менен эле колдонгон суусу үчүн төлөй берет. А суткасына 350 литр нормасы суу эсептегичи жок абоненттерге гана колдонулат. Ошондо 350 литрди 30 күнгө көбөйтсөк 10,5 куб чыгат. Аны 10 сом 45 тыйынга көбөйтсөк 109 сом болот. Мындан сырткары канализацияга да суу кетип жатат. Ал го өзүнчө. Бирок, 110 сом менен абонент бир ай жуунуп, идиш, кир жууп, кенен суу ичкенге мүмкүнчүлүк алып жатат. Чындап келсе мындай баа, шарт Бишкекте эле бар», – дейт «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасынын коомчулук менен байланыш кызматынын башкы адиси Эрлан Тимуров.

Суу эсептегичсиз бак сугара албайсың

Анын айтымында, суу эсептегичи коюлган абонентке түнкүсүн сугарууга тыюу салынбайт. «Анткени бизде «Ичүүчү таза суу жөнүндө» деген мыйзам жана «Суу пайдалануу эрежелери» деген тартип бар. Ошол мыйзам, тартипке ылайык суу эсептегичтери бар абоненттерге түнкүсүн сугарганы үчүн айып пул төлөтө албайбыз. Бирок, ал сугатка пайдаланган сууга суу эсептегичинин көрсөткүчү боюнча төлөйт. Ал эми суу эсептегичи коюлбаган, суткасына 150 литр суу пайдалануу нормасы менен төлөгөн абоненттерге түнкүсүн сугарууга уруксат берилбейт. «Суу пайдаланууну кыскартуу максатында биз учурда түнкү сугатты алып салдык. Себеби, мурда биз жайкы сезондо төрт айга түнкү сугат үчүн атайын төлөм бекиткенбиз. Тилекке каршы, ал төлөмдү төлөгүсү келбегендер көп болду. А төлөгөндөр болсо «Биз төлөп койдук, эми баары болот» дегенсишип түнкүсүн эмес күндүз сугара башташты. Ошону эске алуу менен түнкү сугатты суу эсептегичи барларга гана калтырдык. Анын үстүнө биз берип жаткан суу артезиан суусу болгондуктан ал ичкенге, жуунганга гана берилет. Биздин милдет калкты ичүүчү суу менен камсыз кылып, канализацияны тазалоо. А сугат суу маселеси боюнча эл жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, МАБ жетекчилерине, райондук акимиаттарга же мэрияга кайрылса болот», – дейт Э.Тимуров.

Өйдө тартсам өгүз өлөт, ылдый тартсам араба сынат

Суу эсептегич демекчи, февраль айында мамчиновниктер бардык абоненттерге суу эсептегичтерин коюу үчүн «Бишкек суу каналга» кеминде 4,1 млрд. сом керек экенин айтып чыгышкан. Муну эске алуу менен Бишкек мэриясы жашоо-чуларды суу эсептегичтерин өздөрүнүн эсебинен койдуртууга милдеттендирген нормативдик-укуктук актыны кабыл алуу-ну демилгелеген. Андыктан суу эсептегичтерин эми жашоочулар өздөрү сатып алышы керек болот. Жаңы конуш тургундары учурда бир чети суу эсептегичтерин сатып алууга кайгырса, бир чети кийинки айдагы суу төлөмүн кантип төлөйбүз деген убайымга батып жатышат. Ал ортодо сугат суунун жоктугунан көпчүлүк жаңы конуштарда бак-дарактар да четинен куурай баштаганын айтышат жашоо-чулар. Ошол эле кезде Бишкекти, шаардын айланасын жашылдандыруу үчүн ар жылы миллиондогон бак-дарактар да отургузулуп келе жатат. Жогоруда Ырысгүл Кожокеева айткандай, ичүүчү таза суу төлөмү кымбаттап, сугат суу болбосо эл кандай күнгө кабылары азырынча белгисиз.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар