Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Мыйзамсыз медреседе эмнени окутушат?

Жакында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кезектеги коллегиялык жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү диний абал талкууланып, дин кызматкерлеринин жарым жылдык отчету угулду.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров айрым кызматкерлеринин жумушун жогору бааласа, иши канааттандырарлык эмес кызматкерлерине оозеки эскертүү берди.

– Биздин жумушубуз дүйнө иши эмес, дин иши. Андыктан өз ишибизди ыкластуу-лук, берилүү менен аткарып, функционалдык милдеттерибизди көз жаздымда калтырбайлы. Биздин мекеме диний администрация болгондуктан, мындагы кызматкерлерден профессионалдуулук, заман талабына жараша ойлонуу, ийкемдүүлүк, жакшы мамиле, кооз адеп-ахлак, башкаларга үлгү болуу талап кылынат. Мекемебизде айрым адистиктерден сырткары дээрлик баарынан терең диний билим талап кылынат. Анткени эл аралаганда же медиага барганда чукул суроолор берилип калышы мүмкүн. Өзүбүздү өнүктүрүп, динибизге, элибизге, өлкөбүзгө ак кызмат кылалы. Жалпыңыздарга маалым болгондой, азыр салттуу эмес диний багыттар, деструктивдүү агымдар күчөп жатпайбы. Аларга каршы калем менен куралданып, илимий күрөш жүргүзүү биздин милдет», – деди ал.

Бул туурасында билдирген КМДБнын басма сөз кызматы муфтияттын алдында түзүлгөн атайын комиссиялар диний чөйрөдө салттуу ислам концепциясын күчтөндүрүү, ислам динин жамынган радикализм жана экстремизм менен күрөшүү, салттуу эмес агым өкүлдөрүнүн диний мекемелерде иштешине жол койбоо, дин кызматкерлеринин жана жарандардын кийим маданиятынын үстүндө иш алып баруу, жума мечиттеринде илимге жана фактыга негизделген баяндарды күчтөндүрүү, ДОЖдордо Ата Мекенди сүйүү жана пат-риоттуулукка үндөгөн предметтердин көлөмүн көбөйтүү ж.б. иш алып барышы керектигин белгилеген.

Чындыгында да муфтияттын алдында өтө чоң жоопкерчиликтүү иштер турат десек жаңылышпайбыз. Себеби, диний чөйрөдө мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемелери кийинки жылдарда көбөйүп бараткандыктан, КМДБ ойлончу, кийлигишчү, керек болсо ишмердигине тыюу салчу маселелер көп.

Алсак, жакында эле УКМК тарабынан Бишкекте жашырын иш жүргүзгөн балдардын диний эки лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду. Текшере келгенде, бул лагерлер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосу жок иш алып барып, анда 6 жаштан 17 жашка чейинки 110 балдар жана кыздар окушкан.

Бул жашыруун лагердин уюштуруучусу 1992-жылы төрөлгөн өлкөбүздүн чырактай жапжаш жараны болуп чыккан. Ушундан улам, УКМК ата-энелерге балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде лагерге берүүнүн алдында ал уюм мыйзам чегинде иштеп жатабы же жокпу тактап коюу зарылдыгын эскертет.

Мыйзамсыз иштеп өз каалагандай ишмердүүлүгүн жүргүзгөн диний билим берүү мекемелери Кыргызстандын бардык аймактарынан кездешет. Атайын кызмат быйылкы жылы Каракол шаарында мыйзамсыз иш алпарган диний билим берүү мекемесин аныктаган. Текшерүү учурунда анда үч маалим иштеп, 35 жашы жете элек өспүрүмдөрдү окутуп жатканы белгилүү болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен  диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү токтотулуп, тийиштүү иш-чаралар көрүлгөн.

2024-жылы УКМК дин иштери боюнча мамкомиссия менен бирдикте Баткен облусунун Раззаков шаарында мыйзамсыз иш алпарып жаткан “Ан-Нисаа” диний окуу борборунун ишмердүүлүгүн токтоткон. Борбор эч кандай мыйзамдуу каттоосу жок туруп, 60 аял, 40тай өспүрүмдү окутуп жаткан. Борбордон табылган диний адабиятка экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Сузак районунда Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук ички иштер кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөрдү окуткан 4 диний билим берүү мекемеси аныкталган.

Натыйжада жетекчилерине айып салынып, мекеменин иши токтотулган.

УКМК кызматкерлери тарабынан Талас районунун Атай Огомбаев айылында “Маданият борбору” кайрымдуулук мекемесинин филиалы катары мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталган.

Медресе эч кандай каттоосу жок, диний билим берүү мекемелеринен талап кылынган белгиленген норма жана талаптарды бузуу менен иштеп жаткан. Анда 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар окушкан.

Медресе дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын базасында катталган эмес. Натыйжада аталган диний билим берүү мекемесинин ишмердиги токтотулган.

Мына ушундай мыйзамсыз иштеген медресе Бишкектен алыс эмес, Аламүдүн районунун Васильевка айылында аныкталган. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия бул мыйзамсыз иштеген диний билим берүү мекемесинен мыйзам бузуулардан тышкары архитектуралык-курулуш жана санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык келбеген тартип бузууларды аныктаган. Медресе 2022-жылдан бери иштеп, текшерүү жүргөн текшерүү учурунда 33 жашы жете элек өспүрүм  окуп жатканы белгилүү болгон. Медресенин конкреттүү окуу программасы болгон эмес. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

Мына ушуга окшогон мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесинин мисалында КМДБга кайрылганыбызда, муфтияттын басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагындагы бардык диний мекемелер мыйзам чегинде иштеши керектигин, ар бирибиз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлап, аны бийик тутушубуз керектигин билдирди.

Эске салсак, быйыл март айында улуттук биримдикти жана диний саясатты чыңдоо боюнча президенттин алдындагы эксперттик кеңештин кеңешмеси өтүп, анда улуттар аралык мамилелерге байланышкан көйгөйлөр жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат талкууланган.

Биз Кыргызстандын жарандары укуктук мамлекетти кургубуз келсе жана укуктук мамлекетте жашайлы десек, анда ар бир баскан-турганыбыз, алган билимибизге чейин мыйзам чегинде болууга тийиш. Ар ким өз билгенин жасай берсе, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу мүмкүн эмес.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар