“Тарыхы болбой эл болбойт”, – демекчи архиви жок өлкө, тамыры жок дарактай деп айтсак жаңылышпасак керек. Архив – адамзаттын тарыхында, коомдун өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Кандай гана коомдук басып өтүү болбосун өзүнүн өнүгүү жолунда тарыхка муктаж. Коомдук өнүгүүдөгү тарыхый фактылар, тарыхый чындык дайыма мааниге ээ. Архивдик документтерсиз мамлекеттин да, элдин да, улуттун да тарыхы болушу мүмкүн эместиги айныксыз чындык.
Адамзат басып өткөн ар бир кылым, ар бир жыл, алмашылган муундун уникалдуу башаты катары дайыма архив кызматы кызмат кылаары айкын. Өлкөбүздө архивдин тарыхынын башталыш башаты эгемендүү кыргыз мамлекетинин тарыхы менен айкалышып келе жатат.
90 жылга жакын тарыхы бар Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви тууралуу кыскача айтып кетээр элем. Кыргызстандын КП(б) БКнын 1937-жылдын 23-июлундагы токтому менен КП(б) БКнын партиялык архиви түзүлгөн.
Андан соң 1950-жылдан тарта партиянын тарых институту деген атты алып, түздөн түз ССКП БКнын Марксизм-Ленинизм институтунун алдында болуп келген. Бүгүнкү күндө биздин архив коомдогу маанилүү маалыматтарды камтыган 1919-1991-жылдардагы Кыргыз Облустук Комитетин (б), Бүткүл Союздук Коммунисттер партиясынын(б) Борбордук Комитетинин, Лениндик Жаштар Союзунун Борбордук Комитетинин, кантком, окружком, обкомдордун, райкомдордун, горкомдордун, баштапкы партиялык жана комсомол уюмдарынын документтери, съездердин, пленумдардын, конференциялардын стенограммалары, бюронун, секретариаттын протоколдору, протоколдорунун көчүрмөлөрү, протоколдордун материалдары, кат алышуулар, маалыматтар,статистикалык маалыматтар, өздүк курам боюнча документтер, башка архивдерден табууга мүмкүн болбогон өздүк иш кагаздарды көз карегиндей сактап келет.
Азыркы күндө архив саясий партиялар, улуттук-маданий борборлор, профсоюз уюмдары, чыгармачыл бирикмелер, Республикалык коомдук-саясий газеталар редакциясы, аялдар уюмдары, коомдук бирикмелердин жана дагы мамлекеттик жана саясий ишмерлердин өздүк фонддордун документтери менен толукталып келет. Мисалы: Т. Кулатов, М.Аманов, Б.Ишимов, К.Орозалиев, А.Жакшылыков, Т.Койчуев, К.Бектурганова, С.Мо-мунова ж.б. 600 миңге чукул кагаз түрүндөгү документтерди сактап келет.
Өз учурунда партия коомдогу бардык өнүгүүдөгү: илимдин, маданияттын, өндүрүштүн, курулуштун, айыл-чарбанын, медицинанын ж.б. тармактарды үстүнөн көзөмөл жүрүзүп тургандыгын унутпашыбыз керек. Бизде сакталган документтердин баары мезгил сүртүмдөрү, тарыхыбыздын көп жыл мурунку документалдуу летописи. Жыйырманчы жылдардан бүгүнкү күнгө чейинки сакталган эң баалуу документтердин көбү жарыкка чыга элек, мындай документтерден бир да изилдөөчү же окумуштуу кыя өтө албаса керек. Ар тараптуу өнүгүүнүн бардыгы тарых менен тыгыз байланышта, даректүү документтерсиз тарых болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан документтерди элге жайылтуу максатында атайын пландалып, бекитилип, архивдик документтердин негизинде өлкөдөгү маанилүү күндөргө, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин мааракелерине карата көргөзмөлөр, макалалар, телеберүүлөр, радио уктурууларды даярдап келебиз.
Ошондой эле жарандарыбыздын суроо талаптарын өз убагында так жана жеткиликтүү аткарып жатабыз. Андан тышкары архивдик документтердин негизинде илимий эмгектер, кандидаттык, докторлук диссертациялар, дип-ломдук иштер изилдөөчүлөр тарабынан жакталып, иштелип келет. Биздин гана жарандарыбыз эмес чет өлкөлөрдөн АКШ, Германия, Франция, Япония, Польша, Канада ж.б. жактан келип документтерди пайдаланууда. Баалуу документтерибиздин негизинде көптөгөн жыйнактар даярдалып чыгарылган. Институтта убагында саясий багытта китептер байма-бай чыгып турган экен. Кийинки эгемендүүлүктү алган мезгилден тарта эле чыгарылган жыйнактар “Исхак Раззаков”, “Баялы Исакеев”, “Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, “Манас” эпосу, “Кайра кайтарылган аттар”, “Комсомол – менин тарыхым”, “Кыргызстандагы немецтер тарыхы”, “Кыргызстан-Россия”, “Улуттук Илимдер Академиясы Кыргызстандын улуттук авангарды”, “Кыргызстандагы интеллигенция”, “1924-1937-жылдардагы жогорку бийлик органдары жана анын жетекчилери” ж.б.
Архив документтер менен гана эмес мамлекеттик “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу”, “Слово Кыргызстана” газеталары жана буга чейинки түптөлгөн Маркс-Энгельс-Ленин институтунун Кыргызстандагы филиалы болгон тарых институтунун өтө бай илимий китепканасы менен толукталып келет. Азыркы коомдун өнүгүшүнө жараша архивдик документтерди санариптештирүү жана автоматташтырылган дарек базасын түзүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылып келе жатат.
Санариптештирүү ишин биздин архивде илимий изилдөөчүлөрдүн талаптарын жана дагы жарандардан келип түшкөн тематикалык суроо талаптарды аткарууда дайыма колдонууга алынган чоң фонддордун бири болгон Кыргыз облустук комитетинин 1924-1937-жылдардагы , Кыргызстан Коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин 1937-1991-жылдардагы фондуларынан баштаганбыз, жылына атайын пландалып алынып иш аткарылып келе жатат.
Азыркы күндө андан кийинки фонддор киргизилүүдө. Жылына автоматташтырылган дарек базасы боюнча 7305000 символ жана санариптештирүү боюнча 1000ге жакын көктөмө, 192000дей барак киргизилүүдө. Ошондой эле КР БМКСДАнин фонддор боюнча жол көрсөткүчү электрондук түрдө даярдалып жарандар үчүн колдонууга сайтка жайгаштырылган. Санариптештирүүнүн дагы бир түрү болгон “Архив фонду-5” иши боюнча да иштер аткарылып келет. Келечекте бардык документтерибизди электрондук түргө өткөрүп, тарыхты муундан-муунга сактай берели. Архив – бул жөн гана сактоочу жай эмес, өзүнчө илим экенин эстен чыгарбайлы.
Н.А.КОЖОБЕКОВА,
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин директорунун орун басары