Талас облусунун Ч. Айтматов районуна караштуу Тамчы-Булак айылынын тургуну Юзбаш-Оглы Падима редакциябызга келип, Сириядагы уулун Кыргызстанга алып келүү үчүн барбаган жери, какпаган эшиги калбаганын айтты. Тиешелүү жерлерге кайрылып, бирок 1,5 жылдан бери эч кимисинен майнаптуу жооп ала албай жүргөнүн кошумчалады.
Юзбаш-Оглы Падиманын айтымында, уулу Юзбашов Дурсун 1980-жылы туулган. “Уулум 18ге чыкканда үй-бүлөбүздө пикир келишпестик болуп, ошондон улам атасына таарынып үйдөн чыгып кеткен. Мен баламдын башка өлкөгө кетүүсүнө каршы болуп, документтерин бербей койгон элем. Ошон үчүн таарынычы тараган кезде, кайра үйгө кайтып келет деген үмүттө жүрдүм. Бирок, 1998-жылы үйдөн чыгып кеткен бойдон кабарсыз кетти. 2023-жылдын апрель айына чейин баламдын каякта жүргөнүн билген жокмун. Өткөн жылдын апрель айында байланышка чыгып, Сирияда жашап жатканын, үйлөнгөнүн жана жети балалуу болгонун кабарлады. Ошондой эле, Кыргызстанга кайтып келейин дегенин, бирок паспорту жок болгондуктан, чек арадан өткөрбөй миграциялык лагерге түшүп калганын айтты”, – дейт П. Юзбаш-Оглы.
Падима Юзбаш-Оглынын айтуусу боюнча, уулу Дурсун Сирия Республикасына барганга чейин Казакстанда жана Россияда болгон. “Ал жактарда канча убакыт жүргөнүн так, даана билбейм. Болжол менен Казакстанда 2-3 жыл, Россияда 4-5 жыл иштеп жүрүп, кийин кандайдыр бир жолдор менен Сирияга өтүп кетиптир. Ал жактан сириялык күрд кыз менен таанышып, экөө үйлөнүп, учурда жети балалуу болуптур. Балдарынын эң улуусу 20га чыгайын деп калыптыр”, – дейт.
Ал эми Падима Юзбаш-Оглынын ишенимдүү өкүлү Чойбеков Аскар: “Юзбашов Дурсундун Сирияга кандай жол менен өтүп кеткени белгисиз. Турцияда 55 млн. күрддөр жашайт эмеспи. Ошол күрд өзүбүзчө эгемен болобуз деп атайын жалдоочулар менен алып кетиши мүмкүн деген божомолдор бар”, – дейт.
Юзбаш-Оглы Падима уулу менен узак жылдар бою байланышта болбогону менен жаратканга жалынып, күнү-түнү баласынын амандыгын тиленип жүргөнүн айтат. “Мен энемин. Кайсы гана эне болбосун баласын жүрөгүнөн чыгарбайт. Өткөн жылы дайынын уккандан бери менде уйку жок. Атасы баласын ойлой берип, төшөктөн турбай калды. Көзүбүздүн тирүүсүндө балабызды, келинибизди, неберелерибизди көрүп калсак дейбиз”, – деген Падима уулунун миграциялык лагерде кандай күн көрүп жатканына сарсанаа.
“Чек ара кызматкерлери Кыргызстандын жараны экенин тактап: “Паспортуң болсо эле өткөрөбүз”, – дешкен экен. Мен 2023-жылдын 15-майында КРнын Тышкы иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз менен кайрылгам. Балама паспорт берип же Кыргызстандын жарандыгы экендигин бышыктаган эл аралык документти Сирия Республикасына жиберүүлөрүн сурангам.
Натыйжада, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бизге уулубуз Дурсун 2021-жылдан бери террордук уюмдардын мүчөсү катары издөөгө алынганын билдирди. Кандай далил менен издөөгө алынганын сурасак: “Автомат кармап түшкөн сүрөтү бар, согушка катышкан”,-деп жооп беришти. Бирок, баламдын курал кармап түшкөн бир сүрөтү анын террорчу экенине далил болуп бере албайт. Өзүңөр билесиңер, азыр Сирияда согуш жүрүп жатат. Өз үй-бүлөсүн коргоо үчүн ар бир экинчи сириялык автомат ж.б. куралдарды алып жүрүшөт. Бир сүрөт менен менин баламды террорчу деп күнөөлөө болбойт. Ага кошумча далилдер болуш керек. Бирок, далил табышпайт. Анткени, менин балам террорист эмес. Эгер уулумдун террорчу экенин далилдешсе, Кыргызстанга алып келип алып сурашсын, камашсын. Мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасаган болсо, дыкат иликтешсин. Күнөөсү далилденсе, мыйзам чегинде жооп берсин балам. Мен буга деле макулмун. Болбосо, паспорт берүүгө уруксат кагаз беришсин”, – дейт Падима Юзбаш-Оглы.
Каарманыбыз 1,5 жылдан бери УКМКдан: “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Сизден келип түшкөн кайрылууну карап чыгып, КРнын жарандарын Сириядан алып келүү суроо-талабын учурда КРнын Министрлер Кабинети менен бекитилген тескемесинин негизинде иш жүрүп жаткандыгын маалымдайт”, – деген эле жооп алып жатканын айтат.
Ал эми КРнын Тышкы иштер министрлиги Сирия Республикасынын лагерлеринде жаткан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар пландуу түрдө аткарылып жатканын жана ошондой эле, Сириядан аялдар менен балдар гана мекенине кайтарыла турганын билдиришкен.
Ведомствонун маалыматында, өткөн 2023-жылы 16-февралда кыргыз тарап Сириянын түндүк-чыгышынан 59 адамдан турган топту мекенине алып келишкени айтылган.
“Үмүттүн шооласы үзүлбөйт дегендей, илгери үмүт менен дагы деле бир нече мекемелердин, жетекчилердин эшигин чертип, жардам сурап жүрөм. УКМКнын жетекчиси К.Ташиевге, Д. Жумабековго, “Кызыл жарым ай” коомдук фондуна ж.б. кайрылдым. Азырынча жыйынтык болбой жатат. Бирок, үмүтүм чоң… ”, – дейт ал.
Жазып алган Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”