Өлкөңдө, өзүңдө башкаларга көрсөтө, сыймыктана ала турган жетишкендиктердин бар экени кандай жакшы! Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Жакшы кошуналык, достук жана кызматташуу боюнча Кытай комитети (ЖДККК) 1 – 9-июлда ШКУнун Циндао шаарында өткөн Жашыл өнүктүрүү форумун утурлай уюштурган медиа-турга катышуу менен мен ушундай жыйынтыкка келдим. Медиа-турга ШКУга катышуучу мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынан 23 өкүл жана кытайлык коллегалар катышты.
Аталган форум жөнүндө макала менен окурмандар “Кыргыз Туусу” гезитинин 12-июлдагы санынан тааныша алышат. А бул макалада улуу кошунабыздагы мега-долбоорлор жөнүндө учкай сөз кылууну туура көрдүм.
Студенттер баштаган “Э Лэ Ма”
Азыр кытай кошуналар сыймыктануу менен чет элдик журналисттерге көрсөтүп жатышкан бул компанияны 2008-жылы Шанхай университетинин жатаканасында бир нече студент алгач жатаканадагы студенттер, андан кийин шаардын жалпы эле жаштары үчүн ыңгайлуу жана сапаттуу коомдук тамактануу уюштуруу үчүн негиздешкен. Туура менеджменттен улам рыноктогу суроо-талапка ылайыктуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу менен эң примитивдүү кызмат көрсөтүүдөн башталган долбоор кийин заманбап ири компания-нын курамына кирүүгө жол ачкан.
Арадан 6 жыл өтүп, 2014-жылы “Э Лэ Манын” ишмердүүлүгү 200 шаарга жайылып, бир күндүк заказдардын саны 1 миллиондон ашкан. Мына ушундан улам, 2018-жылы бул компанияны кытай миллиардери Джек Манын “Алибаба” компаниясы сатып алып, инновациялык ыкмаларды киргизүү менен андан ары модернизациялаган.
Азыркы учурда кызмат көрсөтүү тармактары кеңейип, ал эми жеткирүүчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн атайын акылдуу шлемдор да иштелип чыккан. Албетте, бардык эле ири жоопкерчиликтүү компаниялар сыяктуу эле буларда да социалдык программалар иштелип чыгып, киргизилген.
Жыйынтыктап айтканда, компаниянын таржымалы “башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” деген учкул сөздүн чындыгын дагы бир жолу тастыктап турат. Анткени, анын ишинде майда нерселерге даа маани берилип турат экен.
Эртеңки күндүн электромобилдери жана “Чыгыш бермети”
Hozon New Energy Automobile Co. Ltd электромобилдик компаниясында болуу менен анын заманбап продукциялары – Neta E жана Neta GT электромобилдери менен таанышуудан тышкары, анын жетекчилигинин катышуусунда ШКУ өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча семинар да өткөрүлдү.
Бул да тегин жерден эмес, анткени, компанияда сапаттуу жана учур талаптарына жооп берген электромобилдерди чыгаруу жана аларды уюмдун өлкөлөрүнө экспорттоо планы бар.
Албетте, Шанхай шаарынын туристтер үчүн бренди болгон “Чыгыш бермети” мунарасына баруу жана теплоходдо түнкү Шанхайдын көрүнүшүнө суктануу менен сейилдөө журналисттерде чоң таасир калтырды.
Шанхайдагы мега—долбоор
Шанхайдагы терең Яншань порту ыңгайлуу жайгашуусу жана азыркы учурда дүйнөдөгү эң ири автоматташтырылган контейнердик терминалы менен белгилүү. Анда баары толук автоматташтырылган, көп сандаган гигант крандар өздөрү эле жүктөрдү жүктөп жана түшүрүп жатышса, автоматташтырылган башкарылуучу автомобилдер аларды ташууда.
Портто башкаруунун автоматташтырылган системасы коопсуздукту жана натыйжалуулукту камсыздоо менен алектенет. Мына ушундан улам порттогу иштердин натыйжалуулугу гана жогору болбостон, көмүр кычкыл газын чыгарууну 10%га чейин кыскартууда. Бул азыр Кытайдын өкмөтү багыт алган экологиялык коопсуздукту жогорулатуу боюнча саясатка да туура келет. Андагы заманбап жабдуулардын бардыгы кытай өндүрүшүнөн чыгарылганын да белгилеп коюуга болот.
Учурда күн сайын Шанхай порту бүтүндөй дүйнө боюнча 700дөн ашуун порт-ко каттамдарды сунуштоодо.
Тоннель казууну жеңилдеткен компания
Shanghai Tunnel Engineering Co. Ltd компаниясында журналисттер тоо-текти гидротранспорттоо менен чоң диаметрдеги тоннель тешүүчү комплекстер үчүн мамлекеттик эксперименталдык платформада болушту. Ал жерден тешип өтүүнү синхрондуу жылдыруу технологиялары жана өтө ири диаметрдеги өткөөлчү калканчты жыйноо менен таанышышты.
Бул компания чыгарган жабдуулар көптөгөн азиялык өлкөлөрдө кеңири пайдаланылуу менен жол, темир жол куруучулардын тоннелдерди куруу боюнча иштерин жеңилдетүүдө.
Дагы бир мега-долбоор
Пекиндин чыгыш тарабында, Тяньанмень аянтынан 30 чакырым аралыкта дагы бир мега-долбоор иш жүзүнө ашканы калыптыр. 2019-жылы башталган, “Азиядагы эң ири жер астындагы интеграцияланган транспорт түйүнү” катары белгилүү болгон бул долбоор 61 га аянтты ээлеп, курулуштун аянтынын өзү 1,28 чарчы метрди түзөт. Ал 2025-жылы ишке кирип, суткасына 940 миң адамдын каршы-терши каттоосуна мүмкүндүк бермекчи.
Анын курулушуна эң заманбап технологиялардын колдонулушу коопсуз жана ишенимдүү болушун шарттап турат. Мына ушундан улам электр энергиясын керектөөнү жылына болжол менен 486 миң кВт/саатка чейин үнөмдөй алат.
Мындан тышкары, курулуштун өзү да архитектуралык баалуулук болуп калчудай.
Циндаодон тааныш маркаларды тааныдык
Бул шаардан журналисттер Hisense маалыматтык индустриялык паркында жана порттогу толук автоматташтырылган контейнердик терминалда болушту. Hisense компаниясы 1969-жылы негизделип, анын Шанхайда, Шэнчжэнеде, Гонкконгдо жана Токиодо биржада катталган туунду компаниялары бар. Компания дайыма чынчылдык жана ак ниеттүүлүк, прагматизм жана инновация, пайдалануучунун приоритети жана туруктуу башкаруу баалуулуктарын, ошондой эле технологияларга таянуу менен туруктуу башкаруу өнүгүү стратегиясын кармануу менен ийгиликтерге жетишип келет.
Hisense анын негизи дисплей болгон В2С-индустрияда (керектөөчүлүк бизнес) дүйнөлүк индустриянын авангардында турууда. Интеллектуалдык транспорт, персоналдаштырылган медицина жана оптикалык байланыш сыяктуу В2В (мамлекеттик жана корпоративдик бизнес) жаңы энергетикалык тармактарда да өлкөдө, атүгүл дүйнөдө лидерлик орундарда келе жатат.
Haier илимий-инновациялык экологиялык паркынын маркасы астында чыккан продукциялар азыр өзгөчө Азия өлкөлөрүнүн рынокторунда кеңири тааныш. Haier тобу 10 изилдөө жана иштеп чыгуу борборлорун, 71 илимий-изилдөө институттарын, 35 индустриялык паркты, 138 өндүрүштүк борборлорду, 230 000 соода тармактарын түзгөн.
Циндао шаарынын портундагы толук автоматташтырылган контейнердик терминал масштабы боюнча Шанхайдагыдан чаканыраак болгону менен анын толук автоматташтырылуусу андан кем калышпайт.
Немистер негиздеген пиво завод кызмат кылууда
Азыр өзүнүн асман тиреген курулуштары, көз жоосун кандырган парктары жана пляждары менен аты чыккан Циндао шаары 1898-жылдан 1914-жылга чейин немистердин колониясы болгон экен. Ошондон улам шаарда немистер 1903-жылы негиздеген “Циндао” пиво заводу сакталып гана калбас-тан, азырга чейин продукция чыгарып келет.
Заводдо музей да уюштурулуп, анда алгачкы жабдуулардын үлгүлөрү коюлган. Немистердин салты улантылып, жылына эл аралык масштабдуу пиво фестивалы да уюштурулуп турат экен.
“ШКУнун бермети”
Албетте, ШКУга мүчө-мамлекеттердин журналисттерин “ШКУнун бермети” эл аралык көргөзмө борборуна алып барбай коюуга болмок эмес.
Көргөзмөдө ШКУ өлкөлөрүнүн павильондору жайгашып, аларда ар бир өлкөнүн экспонаттары коюлган. Ушундан улам Циндао шаарына келишкен туристтер ШКУга мүчө-мамлекеттердин маданияты менен аз да болсо таанышып, маалымат алалышат. Бул да жакшы иш болуптур.
Ал эми көргөзмө борборунун масштабы жана архитектурасы суктандырбай койбойт.
Сөз аягы
Журналисттер медиа-турдун алкагында суктанып бүтө албаган долбоорлорду көрүү менен өз ара талкуулоодо алардын артында кандай гана интеллектуалдык жана жумушчу күчтөрү турганын моюнга алдык. Мына ушундан улам азыр дүйнөлүк аренада орду улам артып бара жаткан Кытай Эл Республикасынын экономикалык саясатынын тууралыгына ынанбай кое албайсың.
Негизи ийгиликтүү өлкө менен кызматташуу дайыма жакшы натыйжа берет эмеспи! Мына ошондон улам улуу кошунабыз менен ШКУ сыяктуу уюмдардагы көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуубуздун өсүп жатышы бизди да кубандырбай койбойт. Кыргыздар айтмакчы жуксун! Биз да ийгиликтүү өлкө болууга жетишели.
Баса, жакында башталганы турган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу боюнча долбоор да биздин өлкөлөрүбүздүн биргелешип өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Бул өлкөбүздүн Кытайдын ири деңиз портторуна жолу ачылат, ал аркылуу дүйнөлүк рыноккко интеграциялануубузга түрткү болмокчу.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,“Кыргыз Туусу”.
Бишкек – Шанхай – Пекин – Циндао – Бишкек