Жыл сайын окуу жылынын аягында мектеп окуучулары республикалык тест (ЖРТ) тапшырып келет. Анын жыйынтыгына жараша абитуриенттер өлкөбүздүн, атүгүл чет мамлекеттердин ЖОЖдорунда билимин улантышып, өздөрү каалаган кесип ээлери болушууда.
Республикалык деңгээлде тест тапшыруу бүтүрүүчүгө жогорку окуу жайына тапшырууга эшик ачып, жолдомо берсе, ал эми жогорку окуу жайлары аларга тапшырган абитуриенттин окууга, билим алууга жөндөмдүүлүгүн баалай алат.
Бул республиканын жети дубанында окуган мектеп окуучуларына, алар кыргыз же орус тилинде окуганына, жашаган аймагына, социалдык абалына карабастан, орто мектептин программасын канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн объективдүү, мектепке да, жогорку окуу жайына да көз каранды болбогон, жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн бардык абитуриент бир күндө, бирдей шартта, баарына бирдей берилген суроого жооп берүү үчүн республикалык деңгээлде уюштурулган көз карандысыз жүргүзүлгөн сынак.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тест жүргүзүү тармагындагы дүйнөлүк жетишкендиктерди эске алып окуучунун билимин баалаган мамлекеттик билим берүү мекемелерине көз каранды эмес уюм. Бул Борбор тарабынан жүргүзүлгөн жалпы республикалык тесттин максаты жана артыкчылыгы – жогорку окуу жайларда окуусун ийгиликтүү улантып кете ала турган абитуриенттерди аныктоо.
Тест кыргыз тилинде окуган окуучулар үчүн кыргыз тилинде, орус тилинде билим алгандар үчүн орус тилинде өткөрүлөт. Окуучуларга берилген тесттин суроолорунун варианттары түрдүү болгондугуна карабай, анын мектеп программасынын алкагында берилген билимди текшерүү деңгээли бирдей.
Мисалы, математика боюнча бир маселенин чыгаруу жолун ар бир вариантта ар түрдүү мисалдар аркылуу текшерсе, ал эми кыргыз тили боюнча ар бир вариантта бир эле жазуу эрежеси ар башка мисал менен текшерилет. Физика, химия, биология боюнча тесттин варианттары да мына ушундай эле жол менен түзүлөт. Бул жерде биринчи кезекте окуучу суроонун туура жообун эркин ой жүгүртүү жана мектепте алган орто билимин колдонуу менен таба алуусу текшерилет.
Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы тестке катышкан окуучулардын 61,8 % босого баллдан жогору көрсөткүчкө ээ болду. Ал эми алдыңкы 50 мыкты окуучуга Президент өзү “Алтын сертификат” тапшырып, аларга каалаган жогорку окуу жайынын бюджеттик орундарына өзүнүн билиминин күчү менен өтүүгө жана өзү каалаган адис-тигин эркин тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми жогорку окуу жайларына болсо мыкты абитуриентти кабыл алууга шарт түзөт.
Быйылкы жылдын дагы бир өзгөчөлүгү Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларына, анын менчигинин түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө, мектепте кыргыз же орус тилинде окугандыгына карабастан бардык абитуриенттер мамлекеттик тил боюнча тест тапшырды.
ЖРТнын тарыхына кайрылсак…
2002-жылы абитуриенттин орто билимин кесипкөйлүк деңгээлде баалоо үчүн көз карандысыз тест уюмун түзүү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунуш кылынган. Жалпы республикалык тест жүргүзүүнүн бирден бир максаты жогорку окуу жайларында окуу үчүн мамлекеттик гранттарды алуу, башкача айтканда мамлекеттик бюджеттин эсебинен окууга талапкер абитуриенттерге объективдүү, бардык талапкерге бирдей шартта тесттен өткөрүү болгон. Бул өз кезегинде окууга тапшыруу жана өтүү өнөктүгүн коштогон бир жактуу көрүнүштөрдү жоюуга жана ЖОЖдордун бюджеттик орундарына республика боюнча орто билими босого чектен жогору болгон билимге ынтызар жаштар бирдей шартта, бирдей деңгээлде түзүлгөн тест аркылуу окуусун улантып кетүүгө берилген жолдомо десек болот.
Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кыргыз тилинде жана орус тилинде түзүлгөн тесттик тапшырмалардын эквиваленттүүлүгүн жана негизги жана предметтик тесттер мамлекеттик билим берүү стандарттарына дал келүүсүн текшерүү максатында эксперттик комиссия түзүлүп, мурдагы жылдагы тесттин тапшырмалары талдоого алынган. Эксперттик топ кыргыз жана орус тилиндеги тапшырмалар бири-бирине толук шайкеш келгени, суроолордун мазмуну орто мектептин билим берүү стандартынын мазмунуна дал келет деген бүтүм чыгарган.
Мындан ары да Борбор өзүнө жүктөлгөн жогорку жоопкерчиликти түшүнүп, окуучулардын, ата-энелердин, орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин ишенимин актап, калыстык, ачыктык, көз карандысыздык принциптеринен тайбай иш алып бара берет деп ишенебиз.
Бүтүрүүчүлөрдүн тест тапшыруусун республика боюнча бир учурда уюштургандыгы жана жоопкерчилик менен мамиле жасагандары үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкерлерине, Билим берүү жана илим министрлигине, анын аймактык башкармалыктарынын жооптуу кызматкерлерине, мектеп директорлоруна жана мугалимдерине терең ыраазычылык билдиребиз.
Гүлбарчын АБДЫРАХМАНОВА, «Кыргыз Туусу»