Быйыл Бишкекте 30 мектеп саат 07:30дан баштап окууга өткөрүлөт.
Буга чейин 14 мектеп саат 07:30дан тарта окуп келген.
Муну менен калаадагы муниципалдык мектептердин 42 же 44%ы окууну саат 08:00гө чейин баштайт.
Бишкек мэриясы жолдогу тыгынды жоюу үчүн ата-энелерге автоунааларын мектептин жанында токтотууга тыюу салынарын, эреже бузгандар айыпка жыгыларын эскертет.