whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукБыйыл Кыргызстанда 52 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 52 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 52 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу аяктайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртууга республикалык бюджеттин жана өнөктөштөрдүн эсебинен 948 млн. сомдон ашык каражат каралган.

“2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 350 орунга ылайыкталган имаратынын курулушу башталган, азыркы учурда пайдубалын түптөө иштери жүрүп жатат. Түп жалпы дарыгерлер практика борборунун 60 орунга ылайыкталган имараты бүткөрүлүп, август айында ачылуусу пландалууда. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын 300 орунга ылайыкталган көп тармактуу оорукананын, Жалал-Абад шаарындагы Перинаталдык борборунун курулушу жүрүүдө. Базар-Коргон районунун Коргон-Талаа айылындагы 80 орунга ылайыкталган оорукананын курулуш иштери 60% аяктап, 2024-жылы эксплуатацияга берилүүсү күтүлүүдө. АРИС аркылуу Баткен шаарында 100 орундуу балдар ооруканасынын курулушу жакынкы күндөрү башталуу алдында турат. Бишкек шаарындагы Ак-Ордо 3 жаңы конушунда республикалык бюджеттин эсебинен 100 орундуу оорукананын курулушуна долбоорлук сметалык документтери иштелип чыккан”, — деди ал.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, дагы 20 оорукана курулат. Ушу тапта долбоорлору даярдалууда. Каражат мамлекеттин эсебинен бөлүнөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар