Учурда Париж олимпиадасынын таймашуулары курч мүнөздө өтүп жатат. Тилекке каршы, алгачкы беттешүүлөр күйөрмандарыбызга кубаныч тартуулай алган жок. 28-июлда Кыргыз балбаны Кубанычбек Айбек уулу үчүн Париж олимпиадасы чоң сабак болуп, алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, украиналык Богдан Ядовго иппон ыкмасы менен жеңилип, мелдештен четтеп калды.
А 31-июлда Эрлан Шеров 1/16 финалда алгачкы атаандашы кубалык Силва Моралезди уткан. Кейиштүүсү — 1/8 финалда Эрлан испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеп калды.
Денис байгеге илинбеди, үмүтүбүз –Елизаветада
30-июлда Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзүп, анда 25 спортчудан 16-орунду ээлеп, жарым финалга чыккан. Жарым финалда марага 14-болуп келип, байгелүү орунга илинген жок.
24 жаштагы, эл аралык спорт чебери Денис Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышууда.
Дагы бир кыргызстандык суучул, 20 жаштагы Елизавета Печерских (мурдакы фамилиясы Рогожникова) 3-августта кыз-келиндер арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө өлкө намысын коргомокчу.
Мушкер Мунарбектин алгачкы жеңиши
Олимпиадада кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты. 1-августка караган түнү Сейитбек уулу 1/8 финалда 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, кубалык Орта Родригез дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде утту.
Мелдештин 3-раундунда рингдеги калыс беттешүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болду. Эми ал 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харви менен беттешмекчи.
Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.
Эскерте кетсек, Кыргызстандан бул олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда.
Ошентсе да, кыргызстандык спорт күйөрмандарынан үмүт үзүүгө эрте. Биздин негизги ишенген спортчуларыбыз – күрөш боюнча балбандар Ысык-Көлдө соңку машыгууларын өткөрүшүп, кечээ Парижге аттанып кетишти. Ишенимди ушул балбандарыбыз актачудай, андыктан аларды сүрөөнгө алып, колдоп туралы.
Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы