Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Дарыгер Чынара САТАРОВА: “Көк жөтөл өтүшүп кетсе бронхит, пневмония жана плеврит ооруларын жаратат”

  10 жыл мурда көк жөтөл оорусу дээрлик аз болчу. Бирок, өткөн жылы Кыргызстанда көк жөтөл менен ооругандардын саны көбөйгөнү байкалды. Тактап айтканда, жалпысынан 2023-жылдын 9 айында эле 1708 бала көк жөтөлгө чалдыкканы аныкталды. Ал эми 2022-жылы көк жөтөлдүн 52 учуру катталган.
Балдар оорулары боюнча адис Чынара Сатарова көк жөтөл тууралуу буларды айтып берди.

– Чынара айым, көк жөтөлдүн алгачкы белгилери тууралуу айтсаңыз?

– Көк жөтөл – дем алуу органдарын жабыркаткан оору. Аны бактерия козгойт. Бул оору кеминде эки жумага созулуп, өзгөчө түнкүсүн жана эртең менен токтобогон жөтөл менен коштолот. Жөтөл менен кошо оорулуунун бети албырып, оор дем алып, тынымсыз жөтөлдөн кийин илээшкек былжыр түрүндө какырык чыгат же кусат. Бейтап катуу жөтөлүп, чүчкүрүп, тердейт. Оорунун башка да белгилери бар: бейтаптын дене табы 38 градуска көтөрүлөт, өзүн алсыз сезет, катуу кыйналгандыктан көзүнүн тегереги шишип, кызарып чыгат. Ошол эле учурда оорулуунун жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системалары жабыркай баштайт.

– Бул белгилер кадимки сасык тумоонун белгилерине окшош экен, көк жөтөлгө кабылып калганын кантип айырмаласак болот?

– Сасык тумоолоп калган баланын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлөт. Мурдунан суу агат, чүчкүрөт. Бирок, 3-күнү баланын табити ачылып, тамак жеп калат. Ал эми көк жөтөлдө температура ашып кетсе 37 градус болот. Аябай катуу жана кыйналып жөтөлөт. Жөтөлгөндө балдар көгөрүп, титиреп калат. Ошондой эле, бул жөтөл күн өткөн сайын күчөп, түнкүсүн кармайт.

– Бул оору канчалык кооптуу?

– Көк жөтөл өзгөчө наристе балдар үчүн кооптуу. Себеби алар ооруну тез эле жуктуруп алышат. Оору өтүшүп кетсе, ал башка да ооруларды ээрчите келет. Адатта көк жөтөлдүн кесепетинен улам бейтап бронхит, пневмония жана плеврит ооруларына кабылат.

– Көк жөтөл менен көбүнчө канча жаштагы балдар ооруйт?

– Негизинен 1 жаштан 7 жашка чейинки балдар чалдыгат. Бирок, кийинки кездерде 2 айга чейинки ымыркайлар дагы ооруп калып жатат. Анткени, ата-энелери той кылышат, тойго даярданышат. Кээде кичинекей наристелерин көтөрүп алып базарга барышат. Мына ошондо жуктуруп алышат. Көк жөтөл менен балдар гана эмес чоң кишилер дагы оорушат. Көк жөтөл өтө жугуштуу оору болгондуктан, вирусту башкаларга жуктуруп алышы мүмкүн болгон адам башкалардан обочолонушу керек. Инкубациялык мезгил 3 күндөн 2 жумага чейин созулат.

– Алдын алуу жолдору кандай?

– Ооруну алдын алуунун жалгыз ыкмасы – көк жөтөлгө каршы эмдөө. Вакцина көк жөтөлгө чалдыгуу тобокелдигин азайтууга багытталган. Көк жөтөлгө каршы эмдөө КРнын профилактикалык эмдөөлөр календарына киргизилген. Вакцина адегенде бала 2 айга толгондо, андан кийин 3,5 айында жана 5 айында жасалат. Бул эмдөөлөр баланы гана эмес, анын айланасындагы адамдарды да коркунучтуу инфекциянын оор жана күтүүсүз кесепеттеринен коргойт.

– Дарылоо учурунда эмнелерге көңүл буруу кажет?

– Оорулуунун таза абада көп болушу дартты жеңилдетет. Жайында күн бою, кышында абанын температурасы – 10°Сде 4-5 саат эшикте болуусу сунушталат. Оорулуу жаткан бөлмөнү жакшылап шамалдатып туруу керек. Аны аз-аздан, тез-тез (күнүнө 10 жолу) тамактандырат. Жагымдуу жана майдаланган тамак-аш (сорпо, үбөлөнгөн быштак, бышырылып эзилген жашылча, майда тууралган эт жана башка) берилет. Кызыктуу оюн, оюнчуктарга алаксыган балада приступ аз болуп, жеңил өтөт. Ата-эне жөтөл кармаганда корккон кебетеси менен баланы чочутпай, өздөрүн токтоо кармоого тийиш. Жаш баланы колго көтөрүп, чоңураагын отургузуп, жөтөл катуу кармаганда башын жөлөп туруу керек. Бала айыкканча догдурдун көзөмөлүндө болуусу абзел.

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар