Бишкекте ачык асман алдында музыкалык кечелер өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Биринчи музыкалык кече бүгүн, 2-августта саат 19:00дө Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жанында) өтөт.
Классикалык музыка кечесин Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри тартуулайт.