Четверг, 9 января, 2025
-4.9 C
Бишкек

Академик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Айдоо аянттарын 1 млн. гектарга жеткирген Болот Мамбетов”

Болот Мамбетовду билбеген киши жок. Бирок, кийинки муундар унута баштады. Мен бул кишини көрүп-билип, аралашып, иштешип калганым үчүн атайы эскере кетейин деп жатам. Ал ага татыктуу. Болот Мамбетов – Кыргызстандын өтө көрүнүктүү мамлекеттик жетекчиси, ири советтик-партиялык ишмери болчу. Менин оюмча, анын айтылбай, эскерилбей жүргөнүнүн негизги себеби, ал өтө жөнөкөй, жулунуп-жутунбаган, мындай бир көрүнөйүн дебеген адам эле. Ушундан улам кээ бир кездерде айтылбай калып жүрөт окшойт.

Мен кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясынын директору болуп 1963-жылы дайындалдым. Ошол кезде Болот Мамбетов Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы эле. Ушул жерден Исхак Раззаков жөнүндө бир-эки ооз айта кетейин. Антпесем, Болот Мамбетов анча ачылбайт. Мен И.Раззаковдун сүйлөгөнүн эки жолу көрүп, ачыгын айтсам ээгим түшүп кала жаздаган. Негизи эле менин саясатка кызыгуум 1959-жылдан, башкача айтканда аспирант кезимден башталды окшойт. Ошол күндөрдө азыркы өкмөт отурган имаратта кант кызылчасы боюнча республикалык жыйын өтүп, каерде кант кызылчасы жөнүндө кеп болсо, андай жерден калбаган жаным мен да баргамын. Ал учурда анчалык эшик тоскон деле эч ким жок болчу. Документ көргөзүп коюп кире берчүбүз. Ошондо И.Раззаков сөз сүйлөгөн. Ага чейин башкалары кагаз тиктеп, эптеп окумуш болуп жатса, И.Раззаков жаркылдап чыга калып, эч кандай кагаз карабай, толтура маалыматтарды келтирип, 15 мүнөттөй сөз сүйлөп, заматта көзүбүздү ачып салган.

Күнү бүгүн эсимде, ошондо И.Раззаков мындай деген: «…Биринчиден, кант кызылчасынын аянтын 40 миң гектарга жеткиргиле. Анан ар бир гектардан 400 центнерден түшүм алгыла. Ошондо 1 млн. 600 миң тонна кызылча аласыңар. Андан 150 миң тонна кумшекер алса болот. Бул Кыргызстандын кумшекерге болгон муктаждыгын толук жабат», – деген эле.

Кийинки көргөнүм ушул алтымышынчы жылдар болуш керек. «Кызыл Кыргызстан» газетасынын (азыркы «Кыргыз Туусу») нускасы 10 миң нускага жеткендигине байланыштуу «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланып, сыйлыкты Москвадан БК Секретары, БКнын Президиум мүчөсү (кийин саясый бюро болуп калды) Икрам Мухиддинов келип тапшырган. Сыйлык тапшыруу аземи опера-балет театрында өткөн. И.Раззаков И.Мухиддинов менен мурда Өзбекстан Компартиясында бирге иштешкен, үзөңгүлөш жүргөн адамдар экен. И.Мухиддинов жанагы «Исхак Раззаков эки элдин уулу» деген белгилүү сөзүн ошондо айткан.

Андагы И.Раззаковдун сөзү эми укмуш. Адатынча бир да кагаз карап койбой идео-логияга токтолуп, андагы гезиттин маанисин айтып, «…гезит окубаган киши жуунбаган кишидей. Тазарбайт. Жан дүйнөсү жаркыбайт. Караңгы бойдон калат» – деген эле кайран киши.  Анан И.Мухиддинов экөө чыгыш салтына ылайык төш кагыштыра кучакташып турушканы жадымда. Азыркылардай өбүшүп-жалашып кетишкен эмес. Мамилелери чын дилден болуп жатканын баарыбыз эле түшүнүп, көрүп турганбыз. Анын кайсы тема болбосун ачып берген чечендигине, бир сөзүн кайталабай чакылдап сүйлөгөнүнө, сөзүнүн таамайлыгына «капырай ушундай да киши болот экен», – деп аябай таңгалгам.

И.Раззаковдун ошол кезде абройу чоң болчу. Андан өткөн салабаттуу, сабаттуу эч ким жок эле. Сталин өзү дайындаган кадр эле. Ошого карабастан эл ичинде «буга каяша айтканга жараган же ишин сындап жүргөн бир гана адам бар, ал Болот Мамбетов» деген сөз жүрчү.

Болот Мамбетов И.Раззаковдун тушунда Фрунзе обкомун (1945-1954-жылдар) жетектеп турса, 1954-1961-жылдары Кыргыз ССРинин суу чарба министри болуп иштеген. Эсимде, 60-жылдарда партиянын кезектеги пленуму болуп калды. Ошол пленумда Болот Мамбетов өзү Суу чарба министри болуп туруп, И.Раззаковду сындап сүйлөдү деген сөз тарады. Гезитти карасам чын эле ошондой. Анда жалпы эле мамлекеттеги айрым кемчиликтерди айтып, БКны, анын биринчи катчысы И.Раззаковду сынга алыптыр. Ал пленумга катышкан ак-талаалык туугандарымдан «И.Раззаков эмне деп жооп кайтарды» деп сурасам «эч нерсе деген жок» дешкен эле. Ошону менен И.Раззаковго сын-пикир айткан Болот Мамбетов деген ким болду экен деп ого бетер кызыгып калгамын. Кийин билсем БКнын пленуму болобу, башкасы болобу, кемчиликтерди И.Раззаковдун көзүнө айткан жалгыз ушул Болот Мамбетов болгон экен.

1961-жылы И.Раззаковду кетиришип, ордуна Фрунзе шаарынын биринчи катчысы болуп жүргөн Турдакун Усубалиев
келди. Ал кезде Т.Усубалиевди билчү эмесмин. Баягы эле эл ичинде Москвада көп жылдар иштептир, ага чейин “Кызыл Кыргызстанда» редактор болуптур деген сөздөр айтылчу.

Ал эми Болот Мамбетов Министрлер Советинин төрагасы болуп калды. Болот Мамбетов Т.Усубалиевден 12 жаш улуу болчу. Улуу эле көрүнчү. Дагы эле эл арасында «эми экөө ынтымакта иштешсе экен»  деген сөздөрдүн жели жүрүп турду. Айткандай эле экөө 7 жыл бирге иштешти. Ортолорунда тигиндей-мындай болгонун деле укканым жок.

1965-жылдын жай мезгили болчу. Жумушта отурсам өкмөттүн айыл чарба бөлүмүнөн «Болот Мамбетов силердин жаныңардагы «Дружба» колхозун кыдырып жүрөт, бир-эки сааттан кийин сага барат. Станцияны угуп жүрөм көрүп кетейин деп жатат», – деп чалып калышты. Мен чынымды айтсам шашып калдым. «Мурда айтып койсоңор болмок экен, даярданып турмакмын», – десем, «..эми сен аны эмне кыласың, болгонун көрсөтө бер», – деп коюшту.

Саатты карасам түш маалы болуп калыптыр. Түш болуп калган экен, кайда алып барып чай берсем деп ошону ойлой баштадым. Бир ашканабыз бар эле ага чакыргандан тартындым. Анан үйгө чалып эмнеси болсо да даярданып койгула дедим. Мага чейин Золотарев деген директор он жылча иштеп, бир там салдырып кетиптир. Тегереги бак-шак. Биз үй-бүлөбүз менен ошондо турчубуз. Ушул үйгө эле чакырып көрөйүн деп турам.

Аңгыча эле келип калышты. Болот Мамбетов ошо кезде алтымыштан ашып калган, кичине болугураак, токтоо, абдан сүрдүү, бирок, өтө жөнөкөй киши экен. Бир байкаганым башы анда-санда кылтылдап турат экен. Сыркоодон улам болгон го деп койдум. Жанында Ткачев деген «Дружба» колхозунун директору жүрөт. Башка коштогон 2-3 киши жүрөт.

Ошол кезде Чүй ичинде чарбалардын чоңдорунун баары эле орус болчу. Мындай бир чай ичип кет дегенди билчү эмес. Болот Мамбетовичти карасам чарчаганы көрүнүп турат. Анан бакылдап жаткан Ткачевден шыбырап сурадым «чай бердиңерби» деп. «Жок», – деп чочуп кетип атпайбы.

Мен дароо эле: «Болот Мамбетович, бизге кеч айтышты, даярданып коет элем. Ашканабыздын ыңгайы жогураак. Биз ушул эле жерде үйдө турабыз. Барып чай ичип кетпейсизби», – десем, шак эле макул болду. Үйгө келдик. Бакты көрүп ушул сыртка эле отурбайлыбы деп калды. Үйдөн үстөлдөрдү ташып чыгып, бактын түбүнө дасторкон жая салдык. Дасторконго жашылча, бышкан эт коюлду окшойт. Болот Мамбетович нандан ооз тийгени менен чайды катыра ичти. Ушу эки чайнек чайды өзү эле ичип койду. Мен болсо сүрдөп отурам маңдайында. Көрсө, жайдын ысыгында алып жүрүшүп, кур дегенде суу да беришпептир. Жардамчысынан акырын сурасам эч нерсе беришкен жок дейт. Болот Мамбетович анда-санда сүйлөп коюп отурду. Чайдан башка эч нерсе ичпеди да, жебеди. Анан айтып жатат. «Жигиттер,  мени чайды көп ичет экен деп жатасыңар го. Эсиңерде болсун, түштүктө болобу, түндүктө болобу ысыкта муздак ичпегиле. Ооруп каласыңар. Ысыкта ысык чай ичиш керек. Көк чай болсо андан жакшы», – дебеспи. Андай болсо деп ал кезде Самаркандан чыккан, деле оңой менен табылбаган көк чай бар эле, ошондон демдей салдык.

Болот Мамбетовичтин ушул сөзү эсимде калыптыр. Ал кезде 29 жаштагы кезим. Ичимден күн кайнап атса ысык чай ичкен эмнеси деп койгом. Кийин Болот Мамбетовичтин бул айтканынын пайдасын тогуз жыл Сокулук райкомунун биринчи катчысы болуп иштеп турганымда көрбөдүмбү. Чарбаларды кыдырганымда термоско ысык чай куйдуруп алып, Чүйдүн мээ кайнаткан ысыгында чаңкабай жүрө берчүмүн.

Анан айтып жатат: «Жолдош Акималиев! Дагы да бара турган жерибиз көп. Биз жылалы. Чарбаңарды угуп жүрөм. Бирок, кеңири таанышканга убакыт жок. Бизге бир четин эле көрсөтсөң болот», – деп калды. «Макул», – деп чукул эле жердеги кызылчага алып бардым. Мурда Фрунзе обкомунун башчысы болуп жүргөндүктөнбү кызылчаны жакшы билет экен. Август айы болчу. Кызылча жетиле баштаган. «Кана, бирди алып келчи», – деди эле, четинен бир кызылчаны сууруп көрсөтө салдым. «О-уу, мунуң Зууракандын кызылчасынан да чоң го. Быйыл гектарына 500 эмес, 600дөн аласың», – деп турат. «600дөн алып жүрөбүз, Болот Мамбетович», – дедим.

Анан ыраазы болду окшойт «азаматсың» деп мактап коюп, аттанып кетти. Кетээринде: «Кана жигит, эмне жетишпейт, бизден сага эмне жардам керек?» – деп сурады. Ичимен жым эле дей түштүм. «Болот Мамбетович! Өзүңүз билесиз учурда бардык жерде алдыңкы технологияны айыл чарбасына киргизе баштады. Жанагы жерди жамгырлатып сугарган техникадан бирди алып берсеңиз жакшы болот эле. Жер кыртышы да жуулуп кетпей, нымдуулук да дайыма сакталмак. Бирөө келиптир МИСтин директору Зубков алыптыр. Бизге деле бирди алып берсеңиздер болот эле. Экинчиден, коңшу Өзбекстанда пахтаны резина түтүктөр менен сугара баштады. Бул сууну үнөмдүү пайдаланганга абдан ыңгайлуу. Ушундан да алып берсеңиздер…». Болот Мамбетович жардамчысына «жазып кой» деди. Анан: «Эртең өзүң дагы бизге кат жүзүндө кайрылып, жөнөтүп кой», – деп жөнөп кетти. Бул жөнүндө сөздү дагы улантабыз.

(Уландысы бар)

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар